Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 7-февралы № 24
Кара-Шоро айыл аймагынын элинин мал багуудагы ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын бекитүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши айыл аймагынын айылдарындагы жалпы элдик чогулушунда кабыл алынган ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү. Жайыт жетишсиздигинен сырттан мал жандыктарын алып кирүүгө тыюуу салуу. Кара-Шоро жайлоосунун Кең-Түс, Ак-Таш, Карагай-Төр алыскы жайыттарындагы 200 га жер аянтын пайдаланып келген Мырза-Аке айылынын тургуну Базарбаева Зайнага 2025-жылдан тартып келишим түзүүнү токтотуу жана аталган жайыттарга Кара-Шоро айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларын жайгаштыруу маселесин карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ички жайыттан сырткы жайытка көчүрүү 2025-жылдын 5-майынан кеч эмес, көчүрүп келүү 5-сентябрдан эрте эмес мөөнөткө белгиленсин.
2. Кызмат көрсөтүүдөгү мал акылары, айына кой эчкиге 200 (эки жүз) сом, мал жылкыга 800 (сегиз жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Кара-Шоро айыл аймагынын тургундарына 1-2ге чейиин саан уй, 1-5ке чейин кой-эчкиден алып калууга уруксат берилип, 2025-жылдын 1-майынан баштап бада уюштурулсун жана субай малдарды алып калууга тыюу салынсын.
4. 2025-жылдын 5-майынан баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштурулгандыгына байланыштуу, мал ээлери кароосундагы малга көзөмөлдүктү күчөтүүсү аткарылсын.
5. Айыл аймактын ички, жакынкы, алыскы жайыттарына башка айыл өкмөттөрдөн, райондордон жана облустардан мал алып кирүүгө тыюуу салынсын.
6. Кара-Шоро жайлоосунун Кең-Түс, Ак-Таш жана Карагай-Төр алыскы жайытындагы
200 га жер аянтын пайдаланып келген Мырза-Аке айылынын тургуну Базарбаева
Зайнага 2025-жылдан тартып келишим түзүү токтотулсун. Аталган жайыттарга Кара- Шоро айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларына келишим түзүү жагы “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын Жайыт башкаруунун башкы адиси О. Карабашевке милдеттендирилсин.
7. Айыл тургундары үй-тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калгандарга, жайыттарга көчүү конуу эрежелерине жана мөөнөттөрүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 17-беренесинин 185-186-193 статьяларына ылайык жоопко тартылаары эскертилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы боюнча“ туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
9. Жайыт башкаруунун негизги милдети катары, алыскы жакынкы жайыттарды туура пайдалануу жана малчыларга шарт түзүү, жайыт пайдалануу тартибин көзөмөлдөө иштерин жүргүзүү жагы болсун.
Төрага |
| З.Кадырбеков |