Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 7-февралы № 25
Кара-Шоро айыл аймагынын 2025-2030- жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү «Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планын» бекитүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы Кара-Шоро ОГУЛдун жумушчу тобунун төрагасы Шермамат уулу Бектурдун «Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы» CS-FOR долбоорунун алкагында даярдалган 2025-2030- жылдарга орто мөөнөттүү «Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планы» жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл аймагынын 2025-2030- жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү «Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планы» тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Шоро айыл аймагынын 2025-2030- жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү «Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планынын» аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Шоро айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам
Төрага |
| З.Кадырбеков |
Кара-Шоро айылдык кеңешинин
2025-жылдын 7-февралындагы
кезексиз 3- сессиясынын
№25 токтому менен бекитилген
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
ӨЗГӨН РАЙОНУ
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ
2025 -жылдан 2030-жылга чейинки мезгилдерге
орто мөөнөттүү жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планы
Ак-Жар айылы
МАЗМУНУ
КИРИШҮҮ
1-БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
1.1. Айыл аймагы жана токой чарбасы[1] жөнүндө маалымат – географиялык абалы, климаты, айылдары жана калкы
1.2. Жаратылыш ресурстарын, анын ичинде токойлорду жана жайыттарды башкарууга жооптуу адамдар жөнүндө кыскача маалымат
2-БӨЛҮМ. ТОКОЙ ЧАРАБАНЫН ЖАНА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ
2.1. ААнын жайыт ресурстары
2.1.1. Жайыт участокторунун картасы
2.1.2. Жайыт ресурстарынын жалпы мүнөздөмөсү (аянты, түшүмдүүлүгү, сыйымдуулугу, абалы, карталар, мезгилдүүлүгү)
2.1.3. Жайыт инфраструктурасынын объекттери жана анын абалы
2.1.4. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну эске алуу менен жайыттардын абалына баа берүүнү талдоо
2.2. Жер ресурстары
2.2.1. Жерлердин категориялары
2.3. Мамлекеттик токой фондунун (МТФ) жаратылыш ресурстары
2.3.1. МТФ жайыттарын пайдалануу
2.3.2. МТФ жайыттарынын абалын баалоо
2.3.3. МТФ жайыттарын башкаруу
2.4. Токой ресурстары
2.4.1. МТФ токойлору жөнүндө жалпы маалымат
2.4.2. МТФ жана ӨКЖА кирбеген токойлор жөнүндө маалымат
2.5. Суу ресурстары
2.5.1. Суу ресурстарынын курамдык бөлүктөрү (саздар, дарыялар, көлдөр, булак суулары)
2.6. Биотүрдүүлүк
3-БӨЛҮМ. МАЛДЫН САНЫ ЖАНА АЛАРДЫН ЖАЙЫТ ТОЮТУНА БОЛГОН КЕРЕКТӨӨСҮ
3.1. Шарттуу малдын башы
3.2. 5 жылга болжолдонгон шарттуу малдын саны жана тоютка болгон керектөө
3.3. Сезонго жараша жайыттарда жана жайыттардан башка жерлерде тоюттун көлөмү
3.4. Даярдалуучу тоюттун көлөмү
3.5. Тоют балансы
3.6. Малдын асылдуулугун жакшыртуу
3.7. Эпизоотияга каршы иш-чаралардын планын иштеп чыгуу
4-БӨЛҮМ. ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ, АЛАРДЫ ЖАКШЫРТУУ ЖАНА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА 5 ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛГЕ АДАПТАЦИЯЛЫК ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ОРТО МӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ
4.1. Фокус-топтун жыйынтыгы боюнча жайыт пайдалануучулардын муктаждыктарын баалоону талдоо
4.2. Жайыт ресурстарын башкаруу планы
4.2.1. Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча иш-чаралар
4.2.2. Жайыттарды пайдалануу планы
4.2.3. Жайыттарды башка максаттар үчүн пайдалануу жана башкаруу планы
4.3. Жер ресурстарын башкаруу планы
4.3.1. Жер фондусун жакшыртуу боюнча чаралар
4.3.2. Пайдаланылбаган жана деградацияланган жерлерди пайдалануу планы
4.4. Токой эмес жер ресурстарын башкаруу планы
4.4.1. МТФ жайыт ресурстарын баалоо планы
4.4.2. МТФ жайыттарына мал жаюу графиги
4.4.3. Токой жерлерин айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдалануунун планы
4.5. Токой ресурстарын башкаруу планы
4.5.1. Токой ресурстарын көбөйтүү боюнча иш-чаралар
4.5.2. Токойдун жыгач эмес ресурстарын пайдалануу боюнча иш-чаралар
4.5.3. Мамлекеттик токой фондусунун жерлерин дыйканчылык, чөп чабуу жана бал челектерди жайгаштыруу үчүн пайдалануу
4.5.4. МТФ жерлерин маданий-ден соолукту чыңдоо максатында пайдалануу планы
4.6. Суу ресурстарын пайдалануу планы
4.6.1. Суу ресурстарын сактоо боюнча иш-чаралар
4.6.2. АА аймагынын суу жетпеген аймактарына суу чыгаруу боюнча иш чаралар
4.6.3. Суу коргоо зоналарын түзүү боюнча чаралар
4.7. Биологиялык ресурстарды башкаруу планы
4.7.1. Эң маанилүү биотүрдүүлүккө мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу
4.7.2. Туристтик ишмердүүлүк үчүн аймактарды аныктоо
4.7.3. Кичи корук аянттарын уюштуруу
4.8. Мал чарбасын башкаруу планы
4.8. Малдын асылдуулугун жакшыртуу боюнча иш чаралар
4.8.2. Тоют базасын жакшыртуу боюнча иш чаралар
4.8.3. Эпизоотияга каршы иш чаралар
4.9. Жайыттарды башкаруу боюнча адистердин жана ОГУЛдун потенциалын жогорулатуу
5-БӨЛҮМ. КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ ИШ-АРАКЕТТЕРДИН АБАЛЫ ЖАНА ӨНҮГҮҮСҮ
5.1. Аялдар үчүн шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууну эске алуу менен кошумча нарк чынжырларын түзүү потенциалын талдоо
5.2. КНЧти түзүү жана өнүктүрүү стратегиясы
5.3. Каржылоо жана колдоо
6-БӨЛҮМ. ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН БАШКАРУУДАГЫ ГЕНДЕРДИК АСПЕКТИ
6.1. Гендердик теңчилик жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу
6.2. Гендердик бөлүштүрүлгөн маалыматтарды чогултуу
6.3. Жаратылыш ресурстарын башкаруунун гендердик планын иштеп чыгуу
7-БӨЛҮМ. КОМПЛЕКСТҮҮ БАШКАРУУНУН ЖЫЛДЫК ПЛАНЫ
Кыскартуулар
АА | Айылдык Аймак |
CS—FOR | “Кыргыз Республикасынын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестициялоо аркылуу көмүртекти секвестрациялоо” долбоору |
АИК | Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо |
АӨ | Айыл өкмөтү |
АРИС | Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги |
ГЛФ | Мамлекеттик токой фонду |
КРС | Ири мүйүздүү мал |
ЛХ | Токой чарбасы |
МВРСХПП | Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги |
МЖП | Мамлекеттик жаратылыш паркы |
МиОП | Жайыттардын абалына Мониторинг жүргүзүү жана баалоо |
МП | Муниципалдык ишкана |
МЧС | Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
НДЛП | Жыгач эмес токой продуктылары |
ОГУЛ | Жаратылышты башкаруу боюнча жамааттык топ |
ОМСУ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы |
ӨКЖА | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы |
ПИО | Жасалма уруктандыруу пункту |
ПКУПРУИК | Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планы |
РКФР | Орус Кыргыз өнүктүрүү Фонду |
РУАР | Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы |
СВ | Кургак зат |
СИНС | Коомчулуктун муктаждыгын биргелешип аныктоо |
УГ | Шарттуу баш |
УДП | Узак мөөнөттүү пайдалануудагы участок |
УПР | Жаратылыш ресурстарын башкаруу |
ФГ | Фокус топ |
ЦДС | Кошумча нарк чынжырчасы |
ЧВС | Жеке ветеринардык адис |
ЧМЖ | Майда жандыктардын чумасы |
КИРИШҮҮ
Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планы (ПКУПРИУИК) “Кыргыз Республикасынын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестициялоо аркылуу көмүртекти секвестрациялоо” долбоорунун алкагында иштелип чыккан.
ПКУПРИУИК – бул жергиликтүү калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын экологиялык, экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын эске алуу менен жаратылыш ресурстарын комплекстүү пландаштыруу жана башкаруу.
Жаратылыш ресурстары, анын ичинде Кара-Шоро айыл аймагынын мамлекеттик жайыттары жана токойлору мамлекеттин менчигинде болуп, башкаруу жана пайдалануу, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-июлундагы Токой Кодекси, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы Суу кодекси, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыттар жөнүндө” токтому МТФ жерлерин тескөө жана пайдалануу үчүн” жана Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
ПКУПРИУИК токой жана жайыттарды башкаруунун тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан бекитилген Жайыттарды жана токойлорду башкаруу планын иштеп чыгуунун типтүү жоболоруна ылайык, анын ичинде суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин 04-13/152, 15.05.2024-жылдардагы буйругу менен бекитилген башкаруу планын иштеп чыгуунун типтүү жобосуна, ошондой эле токой чарбаларын башкаруу пландарынын формасына ылайык иштелип чыккан.
Бул план ОГУЛдун жумушчу тобу тарабынан иштелип чыгып, тиешелүү токой чарбасынын өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын, анын ичинде райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын (РУАР) катышуусу менен айылдык аймактын жалпы чогулушунда жактырылды.
ПКУПРУИК – жергиликтүү кеңештин сессиясында каралып, жактырылган жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча айыл өкмөттөрү жана токой чарба ишканалары менен тиешелүү келишимдерди түзгөн бардык жеке жана юридикалык жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
ПКУПРУИКтин максаты: жаратылыш ресурстарынын абалын жакшыртуу, анын ичинде жайыт жана токой аянттарынын абалын жакшыртуу; токой аянттарын көбөйтүү, жайкы жана алыскы жайыттарга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу; сүт өндүрүүнү жана малдын салмагын көбөйтүү, климаттын өзгөрүп жаткан шарттарында токой пайдалануучулардын, жайыт пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргоо жана алдын ала иш-аракеттерди өнүктүрүү аркылуу мал чарбасын өнүктүрүүгө жана жамааттын мүчөлөрүнүн кирешелеринин өсүшүнө өбөлгө түзүү жана жакырчылыкты кыскартуу. Планды толугураак ишке ашыруу үчүн жаратылыш ресурстарын башкарууга кеминде 30% аялдарды жана жаштарды тартуу пландаштырылууда. Ишке ашыруу мөөнөтү 5 жыл.
1. Айыл аймагы жана токой чарбасы жөнүндө маалымат – географиялык абалы, климаты, айылдары жана калкы.
1.1 Географиялык абалы.
Ош облусунун Өзгөн районундагы Кара-Шоро айыл аймагы 2024-жылы аймактык реформанын негизинде мурдагы Ак-Жар жана Көлдүк айыл аймактарынын базасында бириктирилип жаны аталыш менен Кара-Шоро айыл аймагы болуп түзүлгөн.
Кара-Шоро айыл аймагы райондун чыгыш тарабында жайгашып, Жазы дарыясынын түштүк тарабында Өзгөн-Кара-Шоро жолунда 37-чакырымды камтып күн чыгышты карай созулуп жайгашкан.
Кара-Шоро айыл аймагынын Кара-Шоро айыл өкмөтү Ак-Жар айылында жайгашкандыктан айыл аймагынын административдик борбору Ак-Жар айылы болуп саналат. Ак-Жар айылы Өзгөн районунан 25 чакырым, ал эми Ош областынын борборунан 90 чакырым, жакынкы темир жол станциясынан 66 чакырым, жакынкы эл аралык аэропорттон 92 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Кара-Шоро айыл аймагы 6 калктуу конуштан турат. Алыскы айылдары Чыгыш-Түштүгүндө Чалк-Өйдө айылы жана Батыш-Түштүгүндө Семиз-Көл айылдары жайгашкан. Бул айылдары шарты өтө катаал, каттамдары өтө оор болуп эсептелет. Кара-Шоро айыл аймагы негизинен орто шарттуу айыл аймактардын катарына кирет.
Кара-Шоро айыл аймагы деңиз деңгээлинен 1200-2005 метрге чейин бийиктикте жайгашкан. Жеринин жайгашуусу жогорудагы айтылган алыскы 2 айылды кошпогондо адырлуу орто түздүктө жайгашкан айыл аймак.
Айыл аймагы түндүгүнөн Жазы дарыясы жана Жазы айыл аймагы, Түштүк жана Батыш тарабынан Мырза-Аке, Чыгышынан Салам-Алик, Чыгыш-Түштүгүнөн Кара-Кулжа районунун тоо кыркалары менен чектешет.
1-таблица. Калк жана үй чарбалары жөнүндө маалымат
№ | Айылдардын аталышы | Калктын саны* | Кожолуктардын саны* | Айыл башчысы | Формалдуу эмес лидерлер |
1. | Ак-Жар | 2180 | 424 | Мадаморов Т. | Суюмбоев Э. |
2. | Большевик | 3560 | 521 | Ибраимов У. | Абдукеримова А. |
3. | Какыр | 1809 | 327 | Жокоев Д. | Кокоева М. |
4. | Семиз-Көл | 1181 | 216 | Алымканов Т. | Карабашев О. |
5 | Шамал-Терек | 3666 | 510 | Туташов А. | Ысакбаева А. |
6 | Чалк-Өйдө | 1447 | 280 | Артыков О. | Тойгонбай уулу Дайыр |
| АА боюнча баары: | 13843 | 2278 |
|
|
Кара-Шоро айыл аймагынын аянты жалпысынан 143000 км2. Айыл аймагында калктын саны- 13843 адам. Кожолуктардын саны- 2278.
2-таблица. Айылдар боюнча калктын саны
№ |
Айылдардын аталыштары | Кожолуктун саны | Калктын саны | Эркек тер | % | аялдар | % | Жаш айырмачылыгы | ||
0-15 жаш | 16-57 жаш | 58 жаштан жогору | ||||||||
1 | Ак-Жар | 424 | 2180 | 1084 |
| 1096 |
| 646 | 1795 | 198 |
2 | Какыр | 327 | 1809 | 898 |
| 911 |
| 594 | 1640 | 203 |
3 | Большевик | 521 | 3560 | 1778 |
| 1782 |
| 966 | 1250 | 176 |
4 | Семиз-Көл | 216 | 1181 | 598 |
| 583 |
| 417 | 1079 | 155 |
5 | Шамал-Терек | 510 | 3666 | 1830 |
| 1836 |
| 976 | 2530 | 325 |
6 | Чалк-Өйдө | 280 | 1147 | 728 |
| 419 |
| 307 | 688 | 118 |
| Бардыгы | 2278 | 13843 | 6916 | 49,9 | 6927 | 51,1 | 3906 | 8982 | 1175 |
Климаты. Кара-Шоро айыл аймагында кескин континенталдуу климат болуп эсептелет. Жылдын 4 мезгили толугу менен өкүм сүрөт. Бирок жергиликтүү тургундардын айтымында акыркы мезгилдерде климат өзүнүн тен салмактуулугун жоготконун белгилешет. Тээ союз мезгилиндеги учурда болжол менен 35-40 жыл мурунку мезгилде төрт мезгил өз ыргагы менен өкүм сүрчүү эле. Азыркы учурда тенденция жоголуп кышы женил, жайы катаал болуп жатканын байкоого болот. Себеби кыш чилдеде кээ бир жылдары нөшөрлөгөн жамгыр жүрүп кышкы ызгаар сууктар басандап калды. Ал эми февраль март, апрель, май айларында күн жогорку ысык климатта болуп Жай мезгилинде нөшөрлөгөн жамгыр жаап эгиндерди жыйноо, чөп оруу учурларында дыйкан фермерлерге терс кесепеттерин тийгизген учурлар көбөйдү.
Негизинен кышкы суук күндөр декабрь жана январь айларында болууда. Абанын орточо температурасы -15°С, февраль айында кардын жаашы кийинки учурда кескин азайып жылуулук өкүм сүрүп жатат. Ал эми жаз айлары да жылуу болгон учурлар байкалып малды жакынкы жайыттарга чыгарышып эгин эгүү да эрте эгилип кургак учурлар көп байкалууда. Бул мезгилдерде абанын орточо температурасы +20 -25°C чейин жетүүдө. Эгер жаз мезгили жогорудагыдай жылуу болсо, жай айлары катаалдашып, узака чейин нөшөрлөп жааган жамгырга айланып, дыйканчылык аймактарда эгилген эгиндерди сел алып кетүү коркунучтары көбөйүүдө. Чөп оруу, жыйноо учурунда да терс кесепетин тийгизип орулган чөптөрдү чиритип жиберген учурлар көп кездешип калды. Кээ бир жылдары жазы катаал, жамгыр көп болгон учурларда жайыттарга көчүп чыгуу графиктен артта калып кечигүү учурлар болсо, жай мезгили өтө ысып кетип орточо температура +40-45°Cга чейин жетүүдө. Мындай кургакчылык учурлар элибиздин экономикасына өтө терс таасир берүүдө.
Жергиликтүү тургундардын байкашынча жылдык орточо температура жогорулап климаттын кескин ысып кетишинен дыйканчылык талааларында да, жайыттарда да токойчулук чарбаларында да түшүмдүүлүктүн начарлап кетиши ачык эле байкалууда. Мисалы:
• Жайыттардагы майда булактар такыр эле соолуп, малдын сууга болгон муктаждыктарынан фермерлердин кирешеси да төмөндөөдө. Төрт түлүк малдын сууга болгон муктаждыгы, жайыттардын деградацияланышы, чөптөрдүн куурап калышы экосистемага болгон терс таасир:- бул секвестрациялоонун начарлашы.
• Чөп ормо аянттар да кургакчылыктын кесепетинен тоюттун түшүмдүүлүгү төмөн болууда.
• Ошондой эле дыйканчылык аймактарында да суунун тартыштыгы жаралып, суу жетишсиздиктен талаш-тартыштар жаралып, дыйкандар арасында да келишпестиктер күч алып калган учурлар кездешет. Суу тартыштыгынан түшүмдүүлук начарлап кирешелер төмөн болууда.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык мамлекеттик менчиктеги жайыттарды башкаруу боюнча жоопкерчилик жана көзөмөл жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген. Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык, токой чарбаларынын аймактары Кыргыз Республикасынын токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органынын башкаруусунда болот.
CS-FOR долбоорунун алкагында Кара-Шоро айыл аймагынын ар бир айылында өткөрүлгөн айылдын киришүү чогулуштарында Айылдын Жаратылышты башкаруунун жамааттык тобу (ОГУЛ) түзүлдү жана ОГУЛдардын арасынан Айыл аймактын денгээлиндеги Жаратылышты башкаруунун жамааттык тобун түзүү үчүн ар бир айылдан 2ден т. а. 12 делегат шайланып келишти жана аларды айыл аймактын денгээлинде өткөрүлгөн Конференцияда бекитип беришти. Натыйжада Кара-Шоро айыл аймагында Жаратылышты башкаруу боюнча жамааттык тобу (ОГУЛ) түзүлүп, CS-FOR долбоору менен коомчулуктун арасында байланыш түзгөн коммерциялык эмес уюм катары кызматташып баштады.
Айыл өкмөт башчысынын буйругунун негизинде ОГУЛдун 7 адамдан турган жумушчу тобу түзүлдү. Бул жумушчу топ “Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климатка туруктуулук планын” (ЖРКБКТП) жазуу жумуштарын аткарат.
3-Таблица. Токойлорду жана жайыттарды башкарууга жооптуу адамдар
№ | Аты, Жөнү | Кызматы | Дареги |
1 | Сатыбалдыев Равшан | Айыл өкмөт башчысы | Салам-Алик айылы |
2 | Карабашев О. | МИ Жайыт башкаруучу адис | Семиз-Көл айылы |
3 | Орозалиев О. | МИ Жайыт башкаруучу адис | Шамал-Терек айылы |
4 | Сыдыков Мухамбет | Ветинспектор | Шамал-Терек айылы |
5 | Жусупбеков Акбар | Жер адиси | Шамал-Терек айылы |
6 | Табалдыев Абдыкалил | ОГУЛ торагасы | Семиз-Көл айылы |
7 | Мадоморов Топчубай | Айыл башчы | Акжар айылы |
Жайыттарды башкаруунун структурасы
4-таблица Кара-Шоро айыл аймагында атайын айыл чарба техникалары тууралуу маалымат
№ | Айылдардын аталышы | Атайын техникалардын аталыштары | Саны |
1 | Айыл өкмөт | Каз тамандуу трактор ДТ-90 | 1 |
Дөнгөлөктүү Беларус -82 | 2 | ||
Чоп тангактагыч | 1 | ||
2 | Семиз-Көл | Дөнгөлөктүү трактор (Китай) | 8 |
ЭШКА чөп оруучу | 4 | ||
3 | Шамал-Терек | Дөнгөлөктүү трактор (Китай) | 3 |
4 | Ак-Жар | Дөнгөлөктүү трактор (Китай) | 4 |
ЭШКА чөп оруучу | 1 | ||
5 | Большевик | ЭШКА чөп оруучу | 3 |
Дөнгөлөктүү трактор (Китай) | 11 | ||
6 | Какыр | Дөнгөлөктүү трактор (Китай) | 21 |
Дөнгөлөктүү Беларус -82 | 8 | ||
ЭШКА чөп оруучу | 1 | ||
Эксковатор | 1 | ||
| Бардыгы: |
| 69 |
2-БӨЛҮМ. ТОКОЙ ЧАРАБАНЫН ЖАНА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ
2.1. ААнын жайыт ресурстары
2.1.1. Жайыт участокторунун картасы
№1 карта. Жайыт участокторунун картасы
№2 карта. Жайыт инфраструктурасы
2.1.2. Жайыт ресурстарынын жалпы мүнөздөмөсү (аянты, түшүмдүүлүгү, сыйымдуулугу, абалы, карталар, мезгилдүүлүгү)
Айыл аймагынын жайыт жерлеринин жалпы аянты 14014 га түзөт. Кара-Шоро АА мал жаюунун колдонуудагы системасы жайыттарды башкарууда участкаларын (санын) же - зонасын (зоналарынын/кыркаларынын санын) камтыйт. Ошондой эле, мал түшүм жыйналгандан кийин айдоо аянттарында, Шалы аянтттарында кыш мезгилинде күн ачык күндөрү толук багылат. Ар бир жайыт участогунда талаа жана шалбаа жайыттары бар. Пайдалануу мезгили боюнча жайыттар жазгы-күзгү, жайкы, кышкы болуп бөлүнөт, бирок иш жүзүндө жайыттар сезондору боюнча жазгы-жайкы, жазгы-жай-кышкы; жайкы; күзгү-кышкы жана жыл бою жайыттар катары пайдаланылат.
Жайыт ресурстарын мүнөздөөгө жайыттардын электрондук карталары колдонулат. Пландагы эсептөөлөр жамааттык карталоону түзүү учурунда алынган маалыматтарга ылайык жүргүзүлөт.
Кара-Шоро айыл аймагында пайдаланылбаган жайыттар эгерде бар болсо (участканын аталышы жана анын себептерин/эмне үчүн пайдаланылбай жатканын айтып бериңиз, мисалы: отоо чөптүү, уулуу, бадалдуу, таштуу, аскалуу, тик, татаал климаттык ж.б).
8-таблица. Жайыт участокторунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат
№ | Жайыт участогу |
Пайдала нуу мезгили (Карта №1) |
Пайдала нуу мезгили
| Жайыттардан башка жерлер, га | Жайыт, га | Жалпы жайыт аянттары, га | ||
Жалпы аянты | Анын ичинен | |||||||
Пайдала нылбаганы | Пайдала нылганы | |||||||
1 | Шамал -Терек (Алай Булак, Ой Жангак, Чукума, Алтын башат, Карга жайлоо, Бел, Туйгун терек) | Жазгы - күзгү | Жаз, күз, кыш | 0 | 1446 | 0 | 1446 | 1446 |
2 | Чалк Өйдө (Жалгыз Тал, Секелек, Кен Төр) | Жаз, күз | Жаз күз | 0 | 2228 | 0 | 2228 | 2228 |
3 | Камыр (Көбүргөн, Тегерек, Тогуз Булак, Көк мойнок, Көл, Байчечекей) | Жай | жай | 0 | 1293 | 0 | 1293 | 1293 |
4 | Чар-Таш (Минме) | Жай | жай | 0 | 1154 | 0 | 1154 | 1154 |
5 | Кумайкы (Жүрөк таш, токсон кемпир) | Жай | жай | 0 | 569 | 0 | 569 | 569 |
6 | Жол Чавай (Балоон короо,Чон чабай) | Алыскы жайыт, Жай | жай | 0 | 890 | 0 | 890 | 890 |
7 | Сур Таш | Жай | жай | 0 | 1261 | 0 | 1261 | 1261 |
8 | Катыранкы (Мамадан булак, Чалка, Таш тумшук, Токтосун колот, Жуманазар колот, Камбар булак, Ысмайыл дөбө, Үч жар) | Жаз-күз | жаз, жай, күз, кыш | 0 | 268 | 0 | 268 | 268 |
9 | Таш Булак (Сары кунгой, Кен колот, Долоно бел) | Жаз-күз | жаз, күз, жай ,кыш | 0 | 215 | 0 | 215 | 215 |
10 | Сасык (Арпалуу) | Жаз-күз | жаз, жай, күз, кыш | 0 | 250 | 0 | 250 | 250 |
11 | Кара-Ой (Акташ, Айры белес, Кереге таш Омурзак, Чечен сарай, Кызыл, Тоок кана, Тамчы булак) | Жаз-күз | жаз, жай, күз, кыш | 0 | 363 | 0 | 363 | 363 |
12 | Көрүү | Жаз-күз | Жаз, жай, күз кыш | 0 | 306 | 0 | 306 | 306 |
13 | Байбиче (Акташ, Көк моюн, Күнгөй, Жаман тал) | Жай | жай | 0 | 934 | 0 | 934 | 934 |
14 | Кара-Шоро (Жолду кара, Теке уюк, Чоң Агатан, Тар Чабай, Чоң Кулубек, Кичи Кулубек, Кең Туз, Чоң Таш, Кичи Агатан, Коңур дөбө, Кичи Көк Жар, Чоң Көк Жар, Мазар, Сары коо, Беделбай, Эчки тал) | Жай | жаз, жай, | 0 | 1562 | 0 | 1562 | 1562 |
15 | Шил-Бели (Акташ, Көк торпок, Мазар) | Жай | жай | 0 | 1275 | 0 | 1275 | 1275 |
| Бардыгы: |
|
| 0 | 14014 | 0 | 14014 | 14014 |
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыттарында сейрек кездешүүчү, кызыл китепке кирген жаныбарлардан күрөң аюу, сүлөсүн, элик, кийик, тоо текелер кездешет.
Канаттулардын дээрлик бардык түрлөрү кездешет. Айрыкча кекилик өтө көп болот. Кекиликтер климаттын катаал шарттарында, кар өтө көп жааган учурда, кыш өтө оор болгон жылдары жазга чыкпай кырылган убактары да болуп турат.Бирок кекиликтердин көбөйүү жөндөмү жандуу болгондуктан кайра тез эле көбөйүп кетишет.
Ал эми тоо уларлары бийик тоо кыркаларында, адам жетпеген бийик чокуларда, сууктуу аймакта жашоо кечиришет. Кыш өтө суук болгон жылдары төмөндөп келип күнгөй тоолорго кыштап калышат. Уларлардын төмөндөп (пастап) келип калышын жергиликтүү тургундар кыштын катаал болушу менен божомолдоп, климаттын кескин төмондөшүнүн белгиси катары билишет жана камылга көрүшөт.
Ошондой эле алыскы Кара-Шоро жайлоосунда бир канча минералдык дары суулар бар. Бул Кара-Шоро жайлоосу Кыргызстанга белгилүү болгон Кара-Шоро аттуу ыр менен, Кара-Шоро дары суусу, Кара -Шоро кенен жайлоосу жана Кара-Шоро туристик жайы менен белгилүү болгон өзгөчө таанылган, атагы чыккан ажайып кооз жайлоо.
Албетте, Кара-Шоро дары сууларды кылдаттык менен иликтеп, дарылык касиетин кетирбестен айнек идиштерге куюп, дүйнөлүк базарларга чыгарып иштетүүчү ишкерлер, инвесторлор болсо келишим түзүп, мамлекеттин, айыл өкмөттүн казынасына чоң кирешелерди түшүрсө болот.
Кара-Шоро жайлоосунда жайкы туризмди өнүктүрүүнү негизги максат катары пландоо керек.
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыттарында өсүмдүктөрдүн, чөптөрдүн бардык түрү өсөт. Кымыздык, чүкүрү, ышкын, ж б дарылык касиети бар аш болумдуу чөптүн түрлөрү да бар. Бул дарылык касиети күчтүү өсүмдүктөрдү атайын терип жешип ооруларга шыпаа табышат. Мисалы: кымыздыкты кан басымды түшүрүү үчүн, ышкынды кант диабети жок кылуу үчүн жешип дарыланышат. Ошондуктан райондун башка аймагында жашаган тургундар үчүн терип барып базарларга алып чыгып сатып киреше табышкан үй бүлөөлөр да бар. Бирок акыркы жылдары жакынкы жайыттардагы жогорудагы аталган аш болумдуу өсүмдүктөр жок болуп кетти. Себеби, жайыттарга ШМБнын ашыкча чыгуусунан өстүрбөй жеп жок кылуусуна байланыштуу болууда.
Мындан сырткары дарылык касиети өтө жогору, эл арасында таанымал, дарылык үчүн кеңири колдонулган дары чөптөрдү, мисалы медицинада белгилүү болгон Элбарчын, Ак кодол, Аркар от, Алтын тамыр, Куч алага окшогон түрдүү-түрдүү дары чөптөр кеңири масштабда өсөт. Бул дары чөптөрдү атайын дары чөптөр менен алектенген аз сандагы элдик дарыгерлер гана жыйнап топтошот. Дары чөптөр жайыттын ар кайсы жеринде, өздөрүнүн өсүү ыңгайына карап өскөндүктөн дары чөптөрдү жыйноого атайын жер бөлүнүп берилген эмес..
Дары чөптөрдү терип саткан адамдар жыл сайын өздөрүнүн ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет. Дары чөптөрдү жыйнаган адамдар менен айыл өкмөт же жайыт адистери атайын келишим түзүп иш алып барыша элек, ошондуктан бул маселени да жолго салып айыл өкмөткө киреше түшө турган шарттарын караштырыш керек. Азыркы учурда чыныгы таза дары чөптөргө муктаж адамдар көп. Же атайын фармацефтикалык ишканалар менен айыл өкмөт келишим түзүп экологиялык мыйзамдарды бузбастан иш алып барыса болот. Ал үчүн алдын ала мониторинг жүргүзүп кандай жол менен иш алып баруу пландарын түзүү зарыл.
Акыркы жылдары Сарымсак (сасык матар), Чайыр деген дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү чоң көлөмдө атайын адамдарды жалдап жыйнатып жаткан бизнесмендер пайда болду. Бул албетте медицинада пайдаланылса жакшы болот. Тийиштүү адистердин уруксаты менен жыйналып, жергиликтүү бюджетке салыктар төлөнүп мыйзамдуу иш жүргүзүү керек. Ошол эле учурда экологиялык зыяндарды да эсепке алып ордуна башка өсүмдүктүн же чөптөрдүн уругун себүү менен иш алып баруу зарыл
Ошондой эле Байчечекей, Камыр жайлоолорунда тарыхый жазуулар, сүрөттөр чегилген таштар бар.
Жайыттарды пайдалануу мезгили
Жайыттар жана айыл чарба жерлери, жайыттардан тышкары мал жаюунун жана аларды күркөлөрдө кармоонун мөөнөттөрү боюнча төмөнкүдөй мезгилдерге бөлүнөт:
9-таблица. Жайыттарды пайдалануу сезону
№ | Сезону | Мал жаюу/багуу мезгили | Күндөрдүн саны | Эскертүүлөр |
1 | Жаздоо, жайлоо, күздөө | 1ай | 45 күн | Жаздан кышка чейин мал жайыттарга жана жайыттардан башка айыл чарба жерлерине багылат. Жайыттын жалпы узактыгы 255 күн. Жылдын толук маалында жайылган малдын күнү 360 болот. Кышкы мезгилде жылкы 150 жайытта жайылат |
2 | Жаз, жай, күз, кыштоо | 3 ай | 90 күн | |
3 | Жайлоо | 4ай | 120күн | |
4 | Кыштоо |
|
| Малдар кыш мезгилинде 150 күн колдо багылат. |
Мал жаюу мезгили жыл сайын климатка жараша болот. АӨ тарабынан алынган маалыматтарга ылайык, айыл аймагындагы малдын жалпы саны факты боюнча 19765, анын ичинен 3700 ШБ жыл бою жайытта жайылат, ал эми 11380 ШБ 251 күн жайылат. Айыл аймакта малды бордоп семиртүү жокко эсе
Мал жаюу аянттарынын өзгөчөлүктөрү
Жайыт участоктун жалпы аянты 14014 гектарды түзөт. Жайыт пайдалануучулар жайыттарды жылдын төрт мезгилинде пайдаланышат. Бул жайыттарда мал жаюу сентябрдын аягына чейин уланат. (сентябрь айынын аягында жайыт чөптөрү куурап калат.) бардык жайыттарда жайлоосунда мал сугаруучу булактар жана дарыялар бар.
Катыранкы, Мамаден, жайлоосу, Кара-Ой, Сары-Күнгөй, Кызыл, Ой-Жангак, Кагынды, Пор, Кен-Колот, Алай-Булак, Алтын-Башат, Кара-Дөбө Байбиче, Чытты, Кара-Шоро, Жолду-Кара, Көк-Жар, чон Агатан, кичи Агатан, Жолчабай, чон Чабай, Тарчабай Кен-Түз, Шилбили жана Суур-Таш, Ак-Таш,Көк-Торпок, Камыр, Гелинчек, Беш-Терек алыскы жайыт участокторунун турат.
Жайыттардын түшүмдүүлүгү, сыйымдуулугу жана алардын абалы
10-таблица Жайыттардын жалпы абалы
Жайыт | Жайыттын мезгилдүү пайдаланылышы | Карта боюнча жайлоо күнүнүн саны | Жайла ган күндүн саны факт | Жайыт тын абалы | Жайытын аянты | Түшүмдүүлүк | Жайыттын сыйымдуулугу | ||||
План | Факт |
| |||||||||
План | Факт |
| |||||||||
Шамал Терек | жазгы - күзгү | жаз, күз, кыш | 131 | 270 | орто такыр | 1446 | 517 | 1438 | 1525 |
| |
Чалк Өйдө | жаз, күз | жаз күз | 131 | 180 | орто | 2228 | 500 | 2148 | 2200 |
| |
Камыр | жай | жай | 98 | 90 | орто | 1293 | 740 | 781 | 810 |
| |
Чар-Таш | жай | жай | 90 | 98 | орто | 1154 | 670 | 631 | 700 |
| |
Кумайкы | жай | жай | 90 | 98 | орто | 569 | 650 | 302 | 370 |
| |
Жол Чавай | алыскы жайыт, жаз жай | жай | 98 | 98 | орто | 890 | 680 | 494 | 550 |
| |
Сур Таш | жай | жай | 98 | 95 | орто | 1261 | 750 | 772 | 810 |
| |
Катыранкы | жаз-күз | жаз, жай, күз, кыш | 85 | 360 | орто начар | 268 | 527 | 404 | 480 |
| |
Таш Булак | жаз-күз | жаз, күз, жай кыш | 85 | 360 | орто начар | 215 | 543 | 334 | 200 |
| |
Сасык | жаз-күз | жаз, жай, күз, кыш | 85 | 360 | орто начар | 250 | 553 | 409 | 510 |
| |
Кара-Ой | жаз-күз | жаз, жай, күз, кыш | 85 | 360 | орто начар | 363 | 567 | 547 | 675 |
| |
Присельный | жаз-күз | Жаз, жай, күз кыш | 55 | 360 | орто начар | 306 | 570 | 511 | 620 |
| |
Байбиче | жай | жай | 123 | 123 | начар | 934 | 680 | 369 | 410 |
| |
Кара-Шоро | жай | жаз, жай, | 123 | 150 | орто начар | 1562 | 750 | 762 | 830 |
| |
Шил-Бели | жай | жай | 123 | 123 | орто начар | 1275 | 760 | 614 | 690 |
| |
|
|
|
|
|
|
|
| 10560 | 11380 |
| |
Жогорудагы таблицада жайыттардын түшүмдүүлүгү аныкталды. Жайыттарга болгон сыйымдуулукту кыскартуу керек экендиги такталды. Оптималдуу сыйымдуулуктан ашып кеткендиктен жайыттардын түшүмдүүлүгү начарлап кеткен. Албетте жайыттардын мындай начарлоосуна климаттын туруксуздугу да таасир этүүдө. Кээ бир жылдары курукчулук болуп, кээ жылдары узака созулган жамгырдан чөптөрдүн өсүү дарамети начар болуп, натыйжада жайыттар деградацияга кептелүүдө. Буга климаттын кескин төмөндөөсү өтө чоң таасир кылууда. Андыктан жайыттарга болгон сыйымдуулукту, которуштуруп эс алдырууну тез ишке ашыруу пландарын иштеп чыгыш керек.
1-сүрөт. Жайыттарды пайдалануу картасынын мисалы
2.1.3 Жайыт инфраструктурасынын объекттери жана анын абалы
Айыл өкмөт тарабынан түзүлгөн жумушчу топ, айыл аймагындагы инфраструктуранын абалына талдоо жүргүзгөн. Айыл аймактын аймагында Большевик айылы менен Семиз-Көл айылыныны ортосунда жуут пункту бар. Бул жуут пункту ПРЖР-2 долбоорунун алкагында курулган. Азыркы учурда жайыт пайдалануучуларга абдан жакшы кызмат көрсөтүп келүүдө. Жазында жайлоого кетээрде, күзүндө жайлоодон кайтып келгенде жууттан өткөрүшөт. Кошуна айыл аймактан келген койлорду да жууттан өткөрүп жергиликтүү тургундарга. Жайыт пайдалануучуларга кызмат көрсөтүп келет. Бул жуут пункту койдун денсоолугуна кам көрүүдө, мал чарбасын өнүктүрүүдө, жергиликтүү тургундардын экономикалык кирешесинин көбөйүшүнө жакшы салым кошуп келүүдө.
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыт участокторунда акыркы жылдары бир канча суу ичүүчү ноолор курулган. Бул курулуштар албетте жайыттарды жакшыртуу жана толук натыйжалуу пайдалануу үчүн мал чарбасын өнүктүрүүдө жайыт пайдалануучуларга ынгайлуу шарт түзүү максатында курулган. Учурда абдан жакшы абалда кызмат көрсөтүүдө.
Айыл аймакта жайытка баруучу 485 км жол бар, анын 80 км начар абалда. Алыскы Кара-Шоро жайытындагы участокторуна барууда жөө жаландап, атчан гана барууга болот. Бул жөө жол кыйла түйшүктү жаратып келет жана көп убакытты талап кылат. Айрыкча аба ырайынын кескин өзгөргөн убактарында жолдо жүргөн жайыт пайдалануучуларды кыйын абалга дуушар кылат. Жол азабы, көр азабы деген сөздүн төркүнү ушундай учурда айтылып калса керек.
Жол менен көпүрө ажырагыс болот эмеспи. Алыскы жайыттарга баруучу көпүрөлөрдүн абалы канаттандыраарлык. Кара-Шоро жайлоосундагы жайыттарга баруучу жолдо Агатан участогунда типтүү көпүрө бар. Бул көпүрө ПРЖР долбоорунун алкагында курулган. Азыркы учурда жайыт пайдалануучуларга, эс алуучу туристерге жакшы кызмат өтөөдө.
Ошондой эле жакынкы жайыттарга барууда айрым участокторго көпүрө куруу муктаждыктарын фокус топтор аркылуу көйгөй катары аныкталган бирок, тилеке каршы алдынкы эки көйгөйдүн катарын толуктай албады. Бул жакынкы жайыттарга көпүрөлөрдү куруу абдан зарыл. Жергиликтүү тургундарды жайыттарга барууда түйшүгүн женилдетет. Экинчиден жакынкы жайыттар менен жанаша үлүш чөп ормолор ж.б. чарбалык иштер менен каттоодо түйшүктү женилдетип, ыңгайлуу шарт түзөт.
2.1.4 Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну эске алуу менен жайыттардын абалына баа берүүнү талдоо боюнча негизги чаралары төмөндөгүлөр
Акыркы жылдары Кара-Шоро айыл аймагынын аймагында аба ырайынын өзгөрүүсү байкалууда: 2023-жыл кургакчыл болуп, жайы жаан-чачынсыз болуп, жогорку температура болгон. Жайыттарда чөптөр күйүп, кээ бир булактар кургап калган, мунун баары малдын продуктуулугуна терс таасирин тийгизген.
2024-жылы жаз-жай айларында жаан-чачындын көп болушу жайыттардын өсүмдүктөрүнө жакшы таасирин тийгизген, бирок, ошол эле учурда, малды жайкы жайыттарга өз убагында чыгарууда (жайыттарда чөптөрдүн кеч өнүп чыгышы) кыйынчылыктар болгон. Албетте узак убакытка тынымсыз жааган жамгырдан Өзгөн-Кара-Шоро борбордук автожолунда көчкү жүрүп 2 ай бою жол каттамдары жабылып жайыт пайдалануучулар түйшүк тартышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, айыл аймагында сел, көчкү жүрүү коркунучу бар Кара-Шоро жайыт аймактарына жетүүдө, каттоодо коркунучту аймактарга кирет. Бул участоктордо жайыттарды пайдалануунун планын түзүүдө, Кыргызгидромет тарабынан иштелип чыккан аба ырайынын божомолун жана алдын ала эскертүү системасынын маалыматтарын колдонуудабыз. Аба ырайынын кескин төмөндөөсү тууралуу маалымат алаарыбыз менен жайыт пайдалануучуларга тез кабар жеткирип, сак болууларын эскертип турабыз.
Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча төмөндөгү иштер аткарылат:
· өзгөчө кырдаалдарды болжолдоого мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча иш-чараларды пландаштыруу (сел ташкындарына, катуу суукка жана жаан-чачынга, жер көчкүлөргө, кургакчылыкка ж. б.);
· жайыт пайдалануучуларга климаттын өзгөрүшүнүн жайыттарга жана малдын продуктуулугуна тийгизген таасирин түшүндүрүү;
· жайыттын сыйымдуулугуна ылайык мал жайуу планын түзүү менен, ага жылдын аба ырайы да таасир этет;
· деградация болгон жайыттарды которуштуруп пайдалануу;
· жайыттарды пайдалануу мөөнөттөрүн жөнгө салуу менен, эс алууну камсыз кылуу;
· инфраструктураны жакшыртуу, куруу жана реабилитациялоо менен (сарайлар, көп жылдык чөптөрдү себүү, жер семирткичтерди чачуу, суу ичүүчү жайларды куруу ж.б.);
2.2. Жер ресурстары
Кара-Шоро айыл аймагынын тургундарына 1994-жылы жер реформасы жүргөндө төмөнкү таблицада көрсөтүлгөндөй жер үлүштөрү берилген.
№ | Айылдын аталыштары | 1 жанга берилген жер үлүшу | |||
Сугат га | Кайрак га | Чөп ормо га | Бак га | ||
1 | Ак-Жар | 0,058 | 0,08 | 0,20 | 0 |
2 | Какыр | 0,056 | 0,10 | 0,20 | 0 |
3 | Большевик | 0,06 | 0,11 | 0,11 | 0 |
4 | Семиз-Көл | 0 | 0,35 | 0,37 | 0 |
5 | Шамал-Терек | 0 | 0,11 | 0,13 | 0 |
6 | Чалк-Өйдө | 0 | 0,08 | 0,22 | 0 |
Кара-Шоро айыл аймагында жергиликтүү тургундардын жылдык кирешелеринин 40% айыл чарба жерлерин иштетүүдөн түшөт. Сугат жерлерге дан өсүмдүктөрүн (арпа, буудай, жүгөрү, шалы) эгүүдөн көп киреше табышат. Ал эми сугат жерлеринин бир бөлүгүнө тоют даярдоо үчүн көп жылдык чөп өсүмдүктөрүн (эспарцет, беде) эгип жылына 3-4-жолудан оруп алгандыктан кирешелүү сугат жери катары пайдаланып келишет. Андан сырткары акыркы жылдары бак, малина, кулпунай өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн өстүрүп киреше табуу жолдорун өздөштүрүп келишет.
Ал эми кайрак айдоо аянттарына бир жолу оруп алганга ылайыкташытырып эспарцет жана күн карама (семичке) эгип пайдаланып келишет.
2.2.1. Жерлердин категориялары
Бул айыл аймактын айыл чарба жерлерин кошо алганда жер ресурстарынын жалпы аянты 27513,9 гектар, анын ичинен жайыт аянты 14014 га. Жайыттар келишимдин негизинде пайдаланылат.
11-таблица. ААнын жер ресурстары
1 | Айыл чарба жерлеринин багыты | 7818 |
2 | Калктуу конуштардын жерлери | 410 |
3 | Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар үчүн жерлер | 0 |
4 | ӨКЖА жерлер | 0 |
5 | Токой фондунун жерлери | 0 |
6 | Суу фондунун жерлери | 232 |
| Жалпы: | 8460 |
12-таблица. Айыл чарба жерлеринин структурасы
№ | Жайыт жерлеринин түрлөрү | Баары, га | Анын ичинен, га | ||
Мам. акт б-ча | УДП | ГЛФ | |||
1 | Айдоо жерлер: Сугат Кайрак | 2580,9 784 1796,9 | 0 | 0 | 0 |
2 | Көп жылдык чөптөр | 2310 | 0 | 0 | 0 |
3 | Бадалдуу-дарак өсүмдүктөрү | 31 | 0 | 0 | 0 |
4 | Жайыт | 14014 | 14014 | 0 | 0 |
5 | Башка жерлери | 118 | 0 | 0 | 0 |
| Бардыгы: | 19053,9 | 14014 | 0 | 0 |
Айыл аймакта төмөнкү айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлөт: жүгөрү 41,0 га, шалы 113,0 га, беде жана экспарцет 460,0 га, буудай 600,0 га, арпа 120,0 га.
Көп жылдык бактар: бардыгы 18,2 га анын ичинен:- бак 11,5 га, бадам 6,7га (мисалы, бакчалар, эрозияга каршы көчөттөр, баш калкалоочу тилкелер) 31,0 га ээлейт.
2.3. Мамлекеттик токой фондунун (МТФ) жаратылыш ресурстары
М.Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасы Мырза-Аке, Жазы, Ак-Терек, Кара-Шоро, Көлдүк, Кызыл-Тоо токойчулуктарынын базасында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Мырза-Аке токойчулугунда 3 кыдырма бар. Жазы токойчулугунда 2 кыдырма, Ак-Терек токойчулугунда 2 кыдырма, Кара-Шоро токойчулугунда 2 кыдырма, Көлдүк токойчулугунда 2 кыдырма, Кызыл-Тоо токойчулугунда 2 кыдырма бар.
М. Жээнбеков атындагы Озгон токой чарбасындагы жайыттын жалпы аянты 11985 га.
2.3.1. МТФ жана ОКЖА жайыттарын пайдалануу
Кара-Шоро айыл аймагынын тургундары М Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасынын жана Кара-Шоро өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (парк) жайыт аянттарынан пайдаланышат. Кара-Шоро жайыт пайдалануучулары 2172 ШМБ жогоруда токой чарбаларынын жайыттарынан пайдаланышат.
13-таблица. Ижарага алынган МТФ жана ОКЖАнын жайыттары
| Кара мал | Жылкы | Кой |
Раманов А. | 80 | 30 | 0 |
Толомушов А. | 0 | 0 | 1000 |
Бекмамат у Ж. | 50 | 20 | 0 |
Койчуман у К. | 22 | 0 | 0 |
Эргешов К. | 85 | 15 | 0 |
ОКЖА | 770 | 0 | 4500 |
Бардыгы: | 1007 | 65 | 5500 |
Бардык ШМБ | 2172 | ||
14-таблица. МТФнын жана ОКЖАнын жерлеринде жаюуга болжолдонгон мал
№ | Айыл аймак | КРС, баш | МРС, ШМБ | Жылкы, баш |
1 | Кара-Шоро | 1007 | 1100 | 65 |
Баары: | 1007 | 1100 | 65 |
2.3.2. МТФ жайыттарынын абалын баалоо
Жайыттардын абалына баалоо ОГУЛдун жумушчу тобу тарабынан токой чарба адистери менен биргеликте жүргүзүлөт жана жайыттардын түшүмдүүлүгү жана сыйымдуулугу, алардын абалы аныкталат. Бул маалыматтардын негизинде токой чарбасынын жайыттарын пайдалануунун графиги иштелип чыгылат. МТФнын жайыттарынын жер фондунун абалын баалоо, Айыл аймактын жайыттары сыяктуу эле методологияны колдонуу менен жүргүзүлөт.
15-таблица. Жайыттардын абалын баалоо
Участок | Балл | Абалы | Индикатор | Сунуштар |
Чытты | 61-70 | Орто | Жайыттын нормасы жана сыйымдуулугу сакталышы керек |
-ШМБын так санын алуу.
-Сыйымдуулуктан ашыкча мал киргизбөө
-Жайыт адистери менен биргеликте иш алып баруу |
Ай тийбес | 51-60 | Ортодон төмөн | Которуштуруп пайдалнуу керек | |
Карагат | 50дөн төмөн | Начар | Көйгөйлүү | |
Жыргал саз | 40тан төмөн | Начар | көйгөйлүү | |
Токсон кемпир | 51-60 | Орто | Жайыттын нормасы жана сыйымдуулугу сакталышы керек | |
Зергер | 50дөн төмөн | Начар | көйгөйлүү | |
Байбиче | 50дөн төмөн | Начар | көйгөйлүү | |
Чангет (жазгы жайыт) | 50дөн төмөн | начар | көйгөйлүү |
16-таблица. Жайыттын сыйымдуулугу
Жайыт участогу | Жайыт аянты, га | Жашыл биомассанын жээлчү бөлүгү, кг/га | Кургак салмакта жээлчү биомасса, кг/га | Коэффициент, 60% | 1 ШБ күндүк муктаждык 7,5кг | Жайыттын сыйымдуулугу, ШБ |
А | Б | В=А*0,6*Б | Г=В*0,6 | Д=Г/7,5 | Е=Д/ жайытка чыгуу күнү | |
Көлдүк | 1900 | 1900 | 2 166 000 | 1299600 | 173 280 | 176,8 |
Жазы | 990 | 990 | 588060 | 352836 | 47 045 | 392,0 |
Кызыл-Тоо | 3495 | 3495 | 7329015 | 4397409 | 586321 | 488,6 |
Актерек | 3800 | 3800 | 8664000 | 5198400 | 693120 | 577,6 |
Кара-Шоро | 4600 | 4600 | 12696000 | 7617600 | 1015680 | 846,4 |
17-таблица. Мал жаюу графиги
Жайыт участогу | Пайдалануу мезгили боюнча жайыттын түрү | Аянты, га | Мал жаюу мезгили |
Чытты | Жайкы жайыт | 2040 | Май, июнь, июль, август |
Ай тийбес | Жайкы жайыт | 950 | Май, июнь, июль, август |
Карагат | Жайкы жайыт | 350 | Май, июнь, июль, август |
Жыргал саз | Жайкы жайыт | 250 | Май, июнь, июль, август |
Токсон кемпир | Жайкы жайыт | 1500 | Май, июнь, июль, август |
Зергер | Жайкы жайыт | 1600 | Май, июнь, июль, август |
Байбиче | Жайкы жайыт | 2500 | Май, июнь, июль, август |
Чангет (жазгы жайыт) | Жазгы жайыт | 450 | Март, апрель |
Арагөл | Жазгы жайыт | 2345 | Май, июнь, июль, август |
Бардыгы: |
| 11985 |
|
2.3.3. МТФ жайыттарын башкаруу
МТФ жайыттарын комплекстүү башкаруу үчүн айыл өкмөттөр менен токой чарбасынын ортосунда МТФнын жаратылыш ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча Меморандум түзүлөт.Учурда райондук мамлекеттик администрациянын, райондук Жайыт ассоциациясынын Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын билдирмелеринин, тапшырмаларынын негизинде иш жүргүзүп келишет. Райондук агрардык өнүктүрүү башкарммалыгы тарабынан жазгы жана күзгү мезгилдерде т.а. көчүү мезгилдерине жол картасы белгиленип кайсы айыл аймактан жайыт пайдалануучулары кайсы маршрут менен жайытка көчүп кетет көчүп келет деген маршруттары көрсөтүлгөн пландарды беришет. Бул боюнча албетте Айыл өкмөт башчылар жана жайыт адистери аткарууга алышат. Жайыт пайдалануучулар кабыл алынган календардык күндөн кечикпестен, түзүлгөн иш пландын негизинде жайыттарга жетишет. Ошондой эле жайыт пайдалануучулар жайыт адиси дайындаган жайыттарда көрсөтүлгөн мөөнөттө отурукташып, мөөнөтү бүткөндө башка көрсөтүлгөн жайыттарга которулуп жайытты пайдаланышат. Бул жайытты туура пайдалануудагы иш чараларга кирет. Жайыттардын сакталышын камсыз кылуу максатында жайыт адиси мониторинг өткөрүп турушат. Мында жайыттардын абалына, ШМБнын жайытка болгон сыйымдуулгуна т.а. келишимде көрсөтүлгөн ШМБ ашыкча кирбегендигин аныктоо максатында мониторинг жасашат.
2.4. Токой ресурстары
2.4.1. МТФ токойлору жөнүндө жалпы маалымат
2024-жылга карата М.Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасынын аймагында 25750 га токой бар. Айыл аймагынын жашоочулары* токой фондусун жана токой эмес аймактарды чарбалык иштерге активдүү пайдаланышууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жерди пайдалануу абдан интенсивдүү. Кара-Шоро айыл аймагын Шамал-Терек жана Чалк-Өйдө айылдарынын тургундары жаңгак токойунан пайдаланышат. Себеби жаңгак токойу калктуу конуштар менен чек аралаш, ирегелеш жайгашкан. Ошондуктан жогорудагы айылдардын тургундары жангак жакшы түшүм алган жылдары кирешсинин дээрлик 30% Көлдүк токойчулугунун жангак токойунан толтурушат. Келишимдин негизинде токойду арендага алып иштетишет. Жангактан башка итмурун, жапайы алмаларды терип тапшырып кошумча кирешелерди табышат.
18-таблица. Токой чарбасынын жерлери жөнүндө маалымат.
№ | Жерлердин түрлөрү | аянты, га | № | Жерлердин түрлөрү | аянты, га |
1 | МТФ жерлеринин жалпы аянты, анын ичинен: | 49282 |
|
|
|
2 | Токой жерлери | 25750 | 3 | Токой эмес жерлер, га | 23532 |
| Токой каптаган аянттар, га | 25000 |
| Сугат айдоо жерлери | 86 |
| Анын ичинен токой өсүмдүктөрү |
|
| Кайракы жерлер | 25 |
| Токой эмес аянттары | 750 |
| Чөп чабык | 200 |
| Жабык эмес |
|
| Жайыт | 11985 |
| Питомниктер жаплантациялар |
|
| Бакчалар | 47 |
| Рединалар |
|
| Мүлктөр | 77 |
| Күйгөн ж/а өлгөн өсүмд. |
|
| Саздак жерлер |
|
| Кыйылган аянттар |
|
| Жолдор |
|
| Ачык жана бош жерлер |
|
| Суулар |
|
| Жалпы токой эмес жерлер |
|
| Кумдуу жерлер |
|
| Бардык токой жерлери: |
|
| Башка жерлер | 3038 |
|
|
|
| Бардык токой эмес жерлери: |
|
|
|
|
| Токой чарбасы боюнча баары:
| 49282 |
2.4.2. МТФ жана ӨКЖА кирбеген токойлор жөнүндө маалымат
Кара-Шоро айыл аймагында МТФ жана ОКЖАга кирбеген т.а. муниципалдык токой аянттары жок.
2.5. Суу ресурстары
2.5.1. Суу ресурстарынын курамдык бөлүктөрү (саздар, дарыялар, көлдөр, булак суулары)
Айыл аймагынын аймагында Жазы жана Көлдүк дарыялары агат. Жазы дарыясы Кара-Шоро айыл аймагынын алыскы жайыттарынын так ортосунан агып өтөт. Ошондой эле Токой чарбасынын жана ОКЖА пайдалуусундагы жайыттарды, жайыт эмес жерлерин да аралап агып өтөт. Ал эми Көлдүк дарыясы Камыр жайытынан башталып, токой чарбасынын аймактарын аралап агып жүрүп, Чалк-Өйдө, Шамал-Терек айылдарын аралап агып Жазы дарыясына куят.
Көлдүк сугат каналы. Көлдүк дарыясынан Какыр, Ак-Жар жана Большевик айылдарына баруучу суу каналы бар бул канал 1950 жылдары ата бабаларыбыз кетмендеп чаап каналды курушкан. Каналга суунун сыйымдуулугу 3м/куб көлөмдө батат жана 3 айылдын 1272 кожолуктун там арка жер аянтын, үлүш жерлерин сугат суу менен толук камсыз кылат. Андан сырткары коншу айыл аймактын да айылдардын суу менен камсыз кылат.
Жазы сугат каналы.
Жазы дарыясынан чыккан сугат суу каналы да союз мезгилинен бери кызмат көрсөтүп келет. Бул канал Какыр Ак-Жар айылдарынын тургундарынын там арка жерлерин, үлүш, шалы, жана токой чарбасынын сугат жерлерин сугат суу менен камсыз кылат. Сугат суунун тартыштыгы азырынча байкалбайт.
Сугат суу менен туруктуу камсыз болуш үчүн ички каналдарды арыктарды ондоп тузөө көйгөйлөрү бар. Суу канчалык туура пайдаланылып чон талап менен иштетилсе бош жаткан жерлерди кайрак жерлерди сугат жерге айлантып бак дарактарды эгип көрктөндүрүп иштетсе элдин экономикасы да көтөрүлүп көмүртекти сиңирүү да жүрүп туризмди өнүктүрүп кирешелерди көбөйтүүгө толук мүмкүнчүлүк жаралмак.
Суу бул жашоо булагы: жаратылгандардын баарынын керектөөсүнө зарыл, мейли ал адам заты болсун, мейли жан жаныбарлар болсун, мейли биологиялык түрдүүлүк болсун суусуз жашоо болбостугун билебиз. Суунун болушу, экосистеманын сакталышы, бул мөңгүгө байланыштуу. Ошондуктан мөңгүлөрдү сактоо ар бирибиз үчүн милдет болушу шарт. Ал үчүн жаратылышка аяр мамиле жасап, камкордук көрүп, бак дарактарды көбөйтүп өстүруп болгон куч аракеттерибизди, мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшообуз керек.
Акыркы жылдары климат кескин өзгөргөндүктөн мөңгүлөрдүн жок болуп бара жатышы коркунуч жаратып келет. Мөңгүлөрдүн эрип бара жатышы экосистеманын бузулушун аныктоодо. Ошондуктан мөнгүлөрдү сактоо үчүн төмөнкү аймактарда бак эгүүну колго алып, токой аянттарын көбойтүп, токойлорду жакшыртып, жайыттарды жайыттай сактай жана пайдалана билсек мөңгүлөрүбүз сакталат. Экосистемабыз корголот. Мөнгүнүн азайышы бул суунун танкыстыгына алып барат Натыйжада булактар соолуйт. Суу тартыштыгы жаралат. Кургакчылык каптайт. Экосистема бузулат ошол эле учурда экономикалык кыйынчылыктар да күчөйт.
2.6. Биотүрдүүлүк
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыттарында чөп өсүмдүктөрүнүн бардык түрү өсөт. Кымыздык, чукуру, ышкын, ж. б. дарылык касиети бар аш болумдуу чөптүн түрлөрү да бар. Бул дарылык касиети бар пайдалуу өсүмдүктөрдү атайын терип жешип ооруларга шыпаа табышат. Мисалы:кымыздыкты давленииени түшүрүү үчүн, ышкынды кант диабетин жок кылуу үчун жешип дарыланышат. Айрым үй булолор дасторкондун көркү үчүн азык оокат катары кымыздыкты туздап банкага басып алышат.
Райондун башка аймагында жашаган тургундар үчүн терип барып базарларга алып чыгып сатып киреше табышкан үй бүлөөлөр да бар.
Мындан сырткары дарылык касиети өтө жогору, эл арасында таанымал, дарылык үчүн кенири колдонулган дары чөптөрдү, мисалы медицинада белгилүү болгон Элбарчын, Ак кодол, Аркар от, Алтын тамыр, Күч алага окшогон түрдүү-түрдүү дары чөптөр кенири машстабда өсөт. Бул дары чөптөрдү атайын дары чөптөр менен алектенген аз сандагы элдик дарыгерлер гана жыйнап топтошот. Дары чөптөр жайыттын ар кайсы жеринде, өздөрүнүн өсүү ынгайына карап өскөндүктөн дары чөптөрдү жыйноого атайын жер бөлүнүп берилген эмес.
Дары чөптөрдү терип саткан адамдар жыл сайын өздөрүнүн ишмердүүлүктөрүн жүргүзуп келишет. Дары чөптөрдү жыйнаган адамдар менен айыл өкмөт же жайыт адистери атайын келишим түзүп иш алып барыша элек, ошондуктан бул маселени да жолго салып айыл өкмөткө киреше түшө турган шарттарын караштырыш керек.
Акыркы жылдары Сарымсак (сасык матар), Чайыр деген дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү чоң көлөмдө атайын адамдарды жалдап жыйнатып жаткан бизнесмендер пайда болду. Бул албетте медицнада пайдаланылса, жергиликтүү бюджетке салыктар төлонүп мыйзамдуу иш жүргүзүлсө дурус болмок. Ошол эле учурда экологиялык зыяндарды да эсепке алып ордуна башка тоютка ылайыктуу чөп өсүмдүктөрүнүн уругун себүүну пландаштырып иш жүргүзүү зарыл.
3 - БӨЛҮМ. МАЛДЫН САНЫ ЖАНА АЛАРДЫН ЖАЙЫТ ТОЮТУНА БОЛГОН КЕРЕКТӨӨСҮ
Мал чарбасын өнүктүрүүдө акыркы жылдары өтө чоң өсүштөр болду. Фермердик чарбаларды өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоолор болду. Мында атайын фермердик чарбаларды колдоо, мал чарбасын өнүктүрүү үчүн төмөндөтүлгөн пайызда айыл чарба кредиттерин берүү көп пайда алып келди. Малдардын асыл тукум пародаларын өнүктүрүүну колдогон бир канча иш чаралар, көргөзмөлөр он натыйжаларын берди.
Ошондой эле АРИСтин ПРЖР-2 долбоору аркылуу жайыттарды жакшыртуу, жайыт инфраструктураларын ондоонун жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн атайын долбоордук колдоолордун натыйжасында фермерлерге, жайыт пайдалануучуларга ынгайлуу шарттар түзүлүп, мал чарбачылыгында жакшы жыйынтыктарды бергендиктен малдын башынын көбөйүүсү байкалды.
Азыркы учурда Кара-Шоро айыл аймагынын статистикалык маалыматы боюнча жайыттардын сыйымдуулугунан малдын башынын саны ашыкча экендигин аныктаган маалыматтарды тактадык.
Тактап айтканда мал чарбачылыгынан жергиликтүү тургундардын тапкан кирешеси 45% экендиги аныкталды.
7-таблица: Кара-Шоро айыл аймагынын тургундарынын киреше булактары тууралуу маалымат.
№ | Киреше булактары | пайызы |
1 | Дыйканчылык чарбасында | 40 |
2 | Мал чарбасында | 45 |
3 | Токой чарбасында | 5 |
4 | Соода тармагында | 3 |
5 | Калкты тейлөө тармагында | 5 |
6 | Башка тармактарда | 2 |
3.1. Шарттуу малдын башы
Айыл аймакта жыл сайын малдын эсебине санак жүргүзүлөт. 2024-жылдын 1-январына карата айыл аймакта статтын аныктамасы боюнча 14 700 ШБ, (13-таблица).
19-таблица. Малдын саны жана түрлөрү боюнча тоют керектөөсү (Статистикалык маалымат боюнча)
№ | Малдын түрү | саны | коэффициент | ШБ | Күнүмдүк керектөө 7,5 кг/күн | КЗ күнүмдүк керектөөсү |
1 | Бодо мал | 7810 | 1 | 7810 | 7,5 | 58575 |
2 | Жаш бодо мал | 494 | 0,7 | 345 | 7,5 | 2 587,5 |
3 | Майда жандык | 15950 | 0,2 | 3100 | 7,5 | 23250 |
4 | Жылкы | 3700 | 1 | 3375 | 7,5 | 25312,5 |
5 | Тай, кулун | 100 | 0,7 | 70 | 7,5 | 525 |
Баары: |
|
| 14700 |
| 110250 | |
Кургак заттын жылдык керектөөсү |
|
| 27672750 | |||
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыттарына жалпы 11380 ШМ чыгат. Бул жайыт адистеринин жана жайыт пайдалануучуулардын берген маалыматы боюнча аныкталды.
Кара-Шоро айыл аймагынан 6315 ШБ, башка айыл аймактардан 5065 ШБ бардыгы 11380 ШБ чыгат. Ал эми Кара-Шоро айыл аймагынын калган 8385 ШМБ райондун айыл аймактарынын жайыттарына чыгышат.
20-таблица. Малчылар аркылуу жайлоого чыккан малдын жалпы саны (булак - малчылар)
№ | Малчынын аты-жөнү | Малчынын дареги | Бодо мал | Майда мал | Жылкы | Топоз | Төө | Эшек |
1 | Базарбаева З | Мырза Аке | 130 | 0 | 135 | 0 | 0 | 0 |
2 | Нимидин уу Ш | Семиз-Көл | 0 | 550 | 17 | 0 | 0 | 0 |
3 | Темиров А | Семиз-Көл | 20 | 900 | 20 | 0 | 0 | 0 |
4 | Карабашев Ж | Семиз-Көл | 0 | 700 | 21 | 0 | 0 | 0 |
5 | Максутов Э | Мырза-Аке | 50 | 300 | 15 | 0 | 0 | 0 |
6 | Момбеков У | Семиз-Көл | 70 | 0 | 15 | 0 | 0 | 0 |
7 | Турдумаматов С | Ак-Жар | 0 | 800 | 0 | 0 | 0 | 0 |
8 | Каримов С | Большевик | 30 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
9 | Эрмекбаев З | Семиз-Көл | 60 | 0 | 21 | 0 | 0 | 0 |
10 | Кайназаров А | Семиз-Көл | 50 | 520 | 0 | 0 | 0 | 0 |
11 | Колбаев К | Семиз-Көл | 13 | 0 | 22 | 0 | 0 | 0 |
12 | Расулберди Тимур | Какыр | 0 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
13 | Алтынбеков Р | Семиз-Көл | 65 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
14 | Жакыпбек у Н | Какыр | 0 | 0 | 37 | 0 | 0 | 0 |
15 | Матиев К | Ак-Жар | 0 | 600 | 0 | 0 | 0 | 0 |
16 | Суранов У | Большевик | 0 | 500 | 0 | 0 | 0 | 0 |
17 | Апытаев Э | Семиз-Көл | 0 | 800 | 15 | 0 | 0 | 0 |
18 | Бегматов А | Эркин-Тоо | 15 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
19 | Маматов К | Семиз-Көл | 0 | 0 | 18 | 0 | 0 | 0 |
20 | Алишеров Н | Семиз-Көл | 20 | 1000 | 15 | 0 | 0 | 0 |
21 | Алишеров О | Семиз-Көл | 0 | 1000 | 0 | 0 | 0 | 0 |
22 | Апиев К | Семиз-Көл | 0 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
23 | Капар у А | Семиз-Көл | 0 | 800 | 0 | 0 | 0 | 0 |
24 | Уметов Б | Ак-Жар | 0 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
25 | Надыр у О | Акжар | 120 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
26 | Дүмүров П | Какыр | 20 | 500 | 15 | 0 | 0 | 0 |
27 | Ашырбеков Ж | Большевик | 0 | 800 | 0 | 0 | 0 | 0 |
28 | Байтемиров Т | Семиз-Көл | 0 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
29 | Ысаков Б | Семиз-Көл | 8 | 600 | 15 | 0 | 0 | 0 |
30 | Караев К | Семиз-Көл | 60 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
31 | Темиров З | Семиз-Көл | 0 | 1500 | 30 | 0 | 0 | 0 |
32 | Токтосун у М | Семиз-Көл | 25 | 0 | 12 | 0 | 0 | 0 |
33 | Кадыров Б | Семиз-Көл | 0 | 950 | 0 | 0 | 0 | 0 |
34 | Карабеков У | Семиз-Көл | 0 | 850 | 0 | 0 | 0 | 0 |
35 | Чолпонкулов С | Семиз-Көл | 0 | 600 | 0 | 0 | 0 | 0 |
36 | Минбаев Б | Шамал-Терек | 40 | 800 | 0 | 0 | 0 | 0 |
37 | Ылышов Т | Шамал-Терек | 0 | 800 | 0 | 0 | 0 | 0 |
38 | Бекишов У | Шамал-Терек | 0 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
39 | Кайыпкулов Т | Шамал-Терек | 100 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
40 | Закирбаев Э | Шамал-Терек | 0 | 800 | 0 | 0 | 0 | 0 |
41 | Жайнаков Э | Шамал-Терек | 150 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
42 | Мендибаев С | Шамал-Терек | 70 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
43 | Токсонбаев У | Шамал-Терек | 150 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
44 | Женишбеков Р | Шамал-Терек | 50 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
45 | Бекишов А | Шамал-Терек | 0 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
46 | Кулмурзаев Э | Шамал-Терек | 210 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
47 | Эрмекбаев Г | Шамал-Терек | 0 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
48 | Самбетов Э | Шамал-Терек | 100 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| ШМБ | 1638 | 4254 | 423 | 0 |
| 0 | |
| Жалпы ШМБ | 6315 | ||||||
| Башка аймактан келген ШМБ | 5065 | ||||||
| Бардык ШМБ | 11380 | ||||||
3.2. 5 жылга болжолдонгон шарттуу малдын саны жана тоютка болгон керектөө
2022-2024-жылдарга малдардын ар кандай түрлөрүнүн өсүү темпинин негизинде малдардын санынын өсүү болжолуна талдоо көрсөткөндөй, орточо жылдык өсүш -1,6 % экендигин көрсөттү. Бул көрсөткүч албетте жакшы көрсөткүч. Эгерде чындап эле ушундай көрсөткүч улана турган болсо жайыт пайдалануучулардын, фермерлердин жайытка жана төрт түлүк малга болгон мамилери өзгөрүлгөнү байкалат. Себеби фермерлер да сандан сапатка өтүү процессин баштаптыр. Жайыттын акыбалы жылдан жылга начарлап бара жатканын байкашты. Мындай учурда албетте өзгөрүү жасаш керек экендигине күбө болушту. Ошондуктан азыркы учурда асыл тукум малдарга, асыл тукум койлорго өтүү үчун аракеттерди баштады. Мисалы: Россиядан асыл тукум малдарды алып келе баштады, өзүбүздөгү Гиссар жана Арашан кой породаларын ала башташты. Ошондой эле Силос тоютун жана гидропоника тоют даярдоо ыкмасына өтүүгө кызыктар адамдар көбөйдү. Гидропоника боюнча маалымат алышып кызыга баштагандар көбөйүүдө.
Эгерде гидропоника жаны технологиялык ыкмасы жана силос тоютун даярдоо ыкмалары менен тоют өндүрүү башталса жайыттарга болгон басым да азайып, жайыттар жакшыруу жолуна түшмөк. Даярдалган тоюттун көлөмү 20 % көбөймөк, себеби, Кара-Шоро айыл аймагында сугат жана кайрак жерлердин аянты жетишээрлик жана мүмкүнчүлүктөрү да жетиштүү.
CS-FOR долбоорунун алкагында өткөрүлгөн фокус топтордо аныкталган муктаждыктар да асыл тукум породаларга, жасалма уруктандырууга өтүү жана жем чыгаруучу цехтерди ачуу, жайыттарды жакшыртуу үчүн которуштуруп пайдалануу, чөптүн уругун себүү көйгөйлөрүн алып чыгышкандыгы жакшы жоролго экендигин айгинелейт.
Албетте фермерлер малды кармоодо жаны кошумча тоюттарды өндүрүп, малдын асыл тукумдуулугуна өтүүнү изденишүүдө. Албетте бул аракеттер жайыттарды жакшыртууга өбөлгө түзмөк жана көмүртекти секвестрациялоону жогорулатуу менен климаттын кескин өзгөрүшүн басандатмак.
Төмөндөгү таблицадан 2030-жылга карата малдын ШБ өсүшү – 11,5% айланасында кыскара турганын көрсөтүп турат. 14002 ШБ 26 322 755 тонна кургак затты талап кылат. Бул төмөндөгү таблицада көрсөтүлүп тургандай сандан сапатка өтүү иш аракеттеринин далили.
21-таблица. Малдын саны жана түрлөрү боюнча малдын тоют керектөөсү
№ | Малдын түрү | Жылдык орточо өсүү +\- | Малдын түрү боюнча жылдык орточо өсүү маалыматтары | |||
2022 | 2023 | 2024 | 2030 | |||
1 | Бодо мал | - | 7300 | 7100 | 7260 | 6920 |
2 | Жаш бодо мал (1 жашка чейин) | - | 812 | 825 | 345 | 505 |
3 | Майда жандык (ШМБ) | - | 5664 | 5694 | 4434 | 4425 |
4 | Жылкы | - | 2681 | 2449 | 2591 | 2067 |
5 | Кулун, тай | - | 135 | 125 | 70 | 85 |
Жалпы ШБ: |
| 16589 | 16193 | 14700 | 14002 | |
ШБ кургак затты керектөөсү (тонна) | 31 228 793 | 30 483 323 | 27 672 250 | 26 322 755 | ||
3.3. Сезонго жараша жайыттарда жана жайыттардан башка жерлерде тоюттун көлөмү
22-таблица. Сезонго жараша жайыттарда жана жайыттардан башка жерлерде тоюттун көлөмү
Сезон | Жалпы аянты | Жайыттарда | Жээлчү КЗ 50-60% | ||
Аянты, га | Түшүмдүү-лүгү КЗ кг/га | Дүң жыйым, кг | |||
Жаздоо, жайлоо | 1562 | 1562 | 750 | 1171500 | 702900 |
Жаз, күз | 2228 | 2228 | 500 | 1114000 | 668400 |
Жаз, күз, кыш | 1446 | 1446 | 517 | 747582 | 448549,2 |
Жаз, жай, күз, кыштоо | 1402 | 1402 | 552 | 773904 | 464342,4 |
Жайлоо | 7376 | 7376 | 704 | 5194811,4 | 3116886,9 |
Баары | 14014 | 14014 | 3 107 | 9 001 797,4 | 5401078,5 |
Ар бир жайыттын орточо түшүмдүүлүгү (жайыттарда жана жайыт участокторунан башка жерлерде тоюттун болушун сезон боюнча эсептөөдө жана талдоодо) жеткиликтүү тоютту баалоо жана аныктоо үчүн, ар бир чарчы метриндеги кургак зат таразага тартылат. Жайыттарда мал жаюунун жол берилген ченемдери орто эсеп менен 50-60% түзөт.
3.4. Даярдалуучу тоюттун көлөмү
Даярдалган тоюттун түшүмү 2024-жылдын статистикалык маалыматынан алынды.
23-таблица. Даярдалган тоют (мисалы)
№ | Тоюттун түрү | Айдоо жерлеринин аянты, га | Түшүмдүүлүк, кг/га | Дүң жыйым, кг | Малды байлап багуу, ШБ |
1 | Табигый чөп | 2310 | 4500 | 10 395 000 |
|
2 | Көп жылдык тоют (беде, эспарцет) | 669 | 9300 | 6 221 700 |
|
3 | Саман (арпа) | 330 | 800 | 264 000 |
|
4 | Саман (буудай) | 600 | 1000 | 600 000 |
|
5 | Жүгөрү пая (силос) | 165 | 2000 | 330 000 |
|
| Саман (шалы) | 113 | 400 | 45 200 |
|
Бардыгы: | 3644 |
| 17 855 900 |
| |
3.5. Тоют балансы
Малдын даярдалуучу жана жайыт тоютуна болгон муктаждыгы
Колдо болгон малды тоют менен талаптагыдай камсыз кылуу үчүн даярдалган жана жайыт тоюттарына малдын муктаждыгын билүү зарыл.
Жайытка малдын ашыкча чыгуусунан, т.а. сыйымдуулуктан ашыкча чыккандыктан жайыттар деградацияга учурап, өтө начар, начар деген баллга туура келип тоютка болгон керектөө көрсөткүчү төмөн болуп калагандыгын төмөндөгү таблицадан көрөбүз.
24-таблица. Малдын жайытка жана даярдалган тоютка болгон муктаждыгы (КЗ), тонна
Тоюттун түрлөрү | Малга керектүү тоютуна талаптар, кг (кармоо мөөнөтү *7,5 кг) | Жеткиликтүү тоют, кг | Тоют менен камсыз болушу, кг
|
Жайыт тоюттары | 27 672 750,0 | 5 401 078,5 | -22 271 671,5 |
Даярдалган тоют | 22251671,5 | 17 855 900,0 | - 4 395 771,5 |
Жогорудагы таблицага ылайык 2024-жылга жалпы 27 672 750 тонна тоют, анын ичинде: даярдалуучу тоют 17 855 900 тн жана жайыт тоюту 5 401 078,5тн тоют керектелет. Ал эми статистикалык маалымат боюнча 4700 ШБна керектелуучу КЗ тоюту 27 672 750 керектелет. Факт боюнча жайлоого чыккан 6315 ШБ , ал эми башка аймактардан келген ШМБ 5065 ШБ жалпысы 11380 ШМБ жайкы жайыттардан пайдаланышат. МТФ жана ОКЖАнын жайыттарына 2172 ШМБ Кара-Шоро айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын малдары чыгат. Ошондой эле башка айыл аймактын жайыттарына да Кара-Шоро айыл аймпагынан 6213 ШМБ чыгат.
25-таблицада Кара-Шоро айыл аймагына жана башка айыл аймактарга МТФга чыккан малдардын саны тууралуу аныкталган маалымат
№ | Аталыштары | Айыл аймактын жайытына чыгуучу жайыт пайдалануучулар | МТФ жана ОКЖАнын жайыттарына Кара-Шоро айыл аймагынан чыккан ШМБ | Башка аймактардын жайытына Кара-Шоро айыл аймактан чыккан ШМБ | |
Жергиликтүү жайыт пайдалануучулар | Башка аймактан келеген малдар | ||||
| ШМБ | 6315 | 5065 | 2172 | 6213 |
| Жалпы ШМБ | 11380 | 8385 | ||
3.6. Малдын асылдуулугун жакшыртуу
Кара-Шоро айыл аймагында малдын асылдуулугун жакшыртуу кожолуктардагы уйларды иш жүзүндө уруктандыруу жолу менен жүргүзүлдү (саны). Маалыматтарды таблицадан көрүүгө болот «Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу».
26-таблица. Малдарды жасалма жол менен уруктандыруу
АА аталышы | Асыл тукум мал 01.01.24г., (уйлардын саны) | Жасалма уруктандыруу пункту, шт
| Уруктанган малдар, (баш) | Бодо малдын үрөндүк материалы | ||
ачылган | иштеп жатат | уруктанган | тукум | |||
Кара-Шоро | 34 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
Айыл аймакта «Малдарды жасалма уруктандыруу» иштери жүргүзүлбөйт. Бул боюнча коомчулук, фермерлер эми гана талап кое баштады. Андыктан малдын тукумун жакшыртуу планын түзүп, асыл тукум малдын сапаттуу үрөндүк материалы менен жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруп, асылданган малдарды көбөйтүү зарыл.
Малды асылдандыруу боюнча Большевик айылына 1, Шамал-Терек 1, Какыр 1 жасалма уруктандыруу пунктун ачуу керек. 90 % малдын башы жергиликтүү породадан турат, ал эми калган 10% малдын башы алынып келинген породалардан турат. Мисалы: Ала-Тоо, Швицский, Сементал сүт багытындагы породалар, ал эми Ангус породасы эт багытындагы порода болуп эсептелинет.
7260 бодо малдын тен жарымын 3630 башты саан уй деп эсептесек: ар бир жергиликтүү саан уйдан күнүнө 5 литрден сүт саап алсак, жылына 210 күн сүт саала турган болсо: 3630 х 5л х 210 күн=3 811 500 литр сүт жылына өндүрүлөт. Бул көрсөткүч албетте Кара-Шоро айыл аймакта жашаган 13843 адамга бөлсөк ар бир адамга 275 литрден туура келет жана бул көрсөткүч жылдык пайдалануудан ашыкча. Бир адам күнүнө 200 граммдан сүт ичип турсак 1 жылда 73 литр сүт ичет экенбиз. Ашкан сүт, бирок биз күндө сүт ичебизби?
Эгерде ушул эле сандарды күнүнө 20 литр сүт бере турган сүт багытындагы асыл тукум малга айландырсак кандай болгонун төмөндө аныктайбыз.
3630 х 20лх 210күн=15 246 000л
15 246 000л :13843 адам=1 101 л-73 л ичкен сүт =1 028 л сүт ар бир адамдан ашып калат.
Жергиликтүү менен асыл тукум малдын сүт өндүрүмдүүлүгүн салыштырсак: жергиликтүү порода саалган сүт жылына 1 адамга 275 л туура келет.
Сүт багытындагы малдан саалган сүт жылына 1 адамга 1 101 л туура келет.
Ошондуктан сүттүн өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү боюнча ачылган жасалма уруктандыруу пунктарына сүт багытындагы сапаттуу породалардын үрөнүн алып келүү зарыл жана сүт багытында порода уйларды кармашыбыз керек.
Ал эми эт багыты боюнча Абердина-ангус породасын жайылтуу керек. Бул үчүн элибизге жасалма уруктандыруу боюнча толук маалымат берүү зарыл ( ватсап группалар, ОГУЛдун) мүчөлөрү аркылуу маалымат жеткирүү зарыл. Келечекте асыл тукум малдарды өнүктүрүү боюнча группаларды уюштуруу, ага жасалма уруктандыруу пунктары менен келишимдерди түзүү жана ар дайым жасалма уруктандыруу боюнча толук маалыматтарды берип туруу керек. Бул иштерди АО ветврачтары, муниципалдык ишкананын жайыт адиси колго алып уюшттуруулары зарыл. Мындан тышкары малдын асыл тукумдуулугун жогорулатуу үчүн тоют даярдоо боюнча жумуштарды алып баруу керек. Мисалы: Гидропоника, силос-сенаж жана башка тоюттардын түрлөрүн даярдоо боюнча.
3.7. Эпизоотияга каршы иш-чаралардын планын иштеп чыгуу
Райондук ветеринария башкармалыгы менен биргеликте ветеринардык дарыгер тарабынан иштелип чыккан, айылдык өкмөт тарабынан бекитилген эпизоотияга каршы иш-чаралардын планын киргизүү.
Малдын ден соолугун жакшыртуунун 2024-жылга планы
«Макулдашылды» «Бекитемин» Өзгөн райондук ветеринардык жана Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн фитосанитардык башкармалыгынын башчысы: _____________ начальниги;___________ _____________. Р.Р.Сатыбалдыев «_______»_______________2024жыл “______” __________ 2024-жыл
Өзгөн районунун Кара-Шоро айыдык аймагынын боюнча малдардын жана канаттуулардын жугуштуу ыландарына каршы алдын алуу эмдөөлөрдүн жана ветеринардык диагностикалык изилдөөлөрдүн Иш чаралары
Ветеринардык адис: ________________________________________
|
Эпизотиялык абалга кыскача мүнөздөмө
ВФКМИ жана ЭЭБдин веб-сайттарында жайгашкан расмий маалыматтын анализине таянсак, жаныбарлар дагы да болсо жугуштуу ылаңдардан жабыркап келишет. Алардын кесепетинен малдын азыктуулугу төмөн болуп, мал чарбачылыгына көз каранды болгон үй-бүлөлүк бюджеттин толуктоодо фермердик чарбаларга жана үй чарбаларына олуттуу экономикалык зыян келтирилүүдө. Мындай абал бир катар жугуштуу жана инвазивдик ылаңдардын козгогучтарын өрчүтүүгө шарт түзгөн региондордун табигый-климаттык шарттарынын өзгөчөлүгүнө, жаныбарларды багуу жана кармоо талаптардын бузулгандыгына байланыштуу.
Жүргүзүлгөн анализге көңүл бурсак, айрым жугуштуу ылаңдарга чалдыгуу дээрлик жок экендиги көрүнүп турат, андыктан аларга каршы алдын ала пландуу иш-чаралар Ак-Жар айыл аймагында туура жолдо бараткандыгынан кабар берет
Малдардын ээлерин жана малдардын ден соолугун коргоо боюнча ветеринардык кызмат көрсөтүүчү ветеринардык адисти сурамжылоо, ошондой эле лабораториялык анализдин жана ушул айыл аймактагы мамлекеттик ветеринардык кызматтын отчетторун изилдөөнүн жыйынтыктары бул айыл аймактын аймагындагы мал айрым жугуштуу ылаңдар менен аз санда ылаңдап тургандыгын көрсөтүп турат. Бул ылаңдардын ичинен бодо малдын бруцеллозу жыл сайын катталып турат. Мындан тышкары, табигый очоктору бар же жаныбарларды тоюттандыруу жана багуу эрежелери бузулганда пайда болуучу бир катар жугуштуу ылаңдар да кездешет. Алардын алдын алуу үчүн белгиленген пландуу иш-чараларды өткөрүү талап кылынат. Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл аймагынын малдардын ден соолугун коргоо планы ушулардын баарын эске алуу менен түзүлгөн.
4-БӨЛҮМ. ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ, АЛАРДЫ ЖАКШЫРТУУ ЖАНА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА 5 ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛГЕ АДАПТАЦИЯЛЫК ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ОРТО МӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ
4.1. Фокус-топтун жыйынтыгы боюнча жайыт пайдалануучулардын муктаждыктарын баалоону талдоо
СИНС методдору менен Айылдык фокус топтор аркылуу артыкчылыктуу багыттар аныкталган. Ар бир айылдан 4 фокус топ артыкчылыктуу деген 2ден көйгөйдү алып чыгышты. Ошондо 1 айылдан 8 көйгөй, жалпы 6 айылдан алдынкы 48 көйгөй аныкталып чыкты. Аныкталып чыккан 48 көйгөйдүн ичинен эн артыкчылыктуу болгон бир нече көйгойдү ОГУЛдун отуруму тандап каржылоо үчун чечимдерди кабыл алуу милдети алдыда. Албетте ОГУЛдун отурумунда аныктала турган көйгөйлөр климаттын өзгөрүү шарттарында адаптациялоого, көмүртекти секвестрациялоонун жогорулашына жана туруктуу өнүгүүгө мүмкүндүк бере турган көйгөйлөрдү каржылоого алып чыгуулары шарт.
27-таблица. Абалды баалоо анализи. Фокус топтор алып чыккан муктаждыктар
№ | Көйгөйлөр | Иш чаралар |
Токойлорду жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча | ||
Большевик айылы | ||
1 | Катыранкы жайытына бак эгүү | -Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт. -Көмүртекти синирүүчү көп жылдык бак көчөттөрү эгилет. |
2 | Жайытты которуштуруп пайдалануу жана чөп уругун себүү | -Жайытты которуштуруп пайдалануу жана чөптүн уругун себүү учурунда биринчиден мониторинг жүргүзүлөт. -Жайытты пайдалануу графигине өзгөртүүлөрдү киргизип, которуштурууга байланышкан иш чараларды иштеп чыгат. |
3 | Кызылга бак эгүү (Мисте, бадам, фисташка) | Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт. -Көмүртекти синирүүчү көп жылдык бак көчөттөрү эгилет. |
4 | Жакынкы жайыттардын жолун ондоо | -Жолду ондоо үчүн иш чаралар иштелип чыгат. Көчкү, сел коркунучтары бар жерлер эске алынат |
Ак-Жар айылы | ||
5 | Катыранкы жайытыныны жолун ондоо | -Жолду ондоо үчүн иш чаралар иштелип чыгат. Көчкү, сел коркунучтары бар жерлер эске алынат |
6 | Ички жайытка кетүүчү көпүрөнү ондоо | -көпөрөнү ондоо үчун иш чаралар иштелип чыгат. - техникалык коопсуздук чаралары камтылат. |
7 | Катыранкы жайытына бак эгүү | -Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт. -Көмүртекти синирүүчү көп жылдык бак көчөттөрүн эгүү |
8 | Жайыттарды которуштуруп пайдалануу | Жайытты которуштуруп пайдалануу жана чөптүн уругун себүү учурунда биринчиден мониторинг жүргүзүлөт. - Жайытты пайдалануу графигине өзгөртүүлөрдү киргизип, которуштурууга байланышкан иш чараларды иштеп чыгат |
9 | Токой чарбасын калыбына келтирүү | Эскилиги жеткен бактарды толугу менен тазалап жер аянтын пландаштырып даярдоо керек. |
10 | Катыранкы жолун ондоо | -Жолду ондоо үчүн иш чаралар иштелип чыгат. Көчкү, сел коркунучтары бар жерлер эске алынат |
11 | Жакынкы жайытка көпүрөө куруу | Көпүрөө курула турган ордун аныктоо. Уруксат кагаздарын даярдалат. АПЗ смета даярдалат. |
Шамал-Терек айылы | ||
12 | Алай-Булактагы эски бакты калыбына келтирүү | Эскилиги жеткен бактарды толугу менен тазалап жер аянтын пландаштырып даярдоо керек. |
13 | Алай-Булака бак эгүү | Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт. -Көмүртекти синирүүчү көп жылдык бак көчөттөрү эгилет. |
14 | Алай-Булак жайытына суу чыгаруу | Суу чыгаруу жайыттарды жакшыртуу жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө өбөлго түзүлөт. Жайыт пайдалануучуларга ынгайлуу шарт түзүлөт. |
15 | Алай-Булактын жолун ондоо | -Жолду ондоо үчүн иш чаралар иштелип чыгат. Көчкү, сел коркунучтары бар жерлер эске алынат |
16 | Байчечекей жолун ондоо | -Жолду ондоо үчүн иш чаралар иштелип чыгат. Көчкү, сел коркунучтары бар жерлер эске алынат |
17 | Мектептин мандайына бак эгүү | Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт. -Көмүртекти синирүүчү коп жылдык бак көчөттөрү эгилет. |
Чалк-Өйдө айылы | ||
18 | Ички жайыттардын жолун ондоо | -Жолду ондоо үчүн иш чаралар иштелип чыгат. Көчкү, сел коркунучтары бар жерлер эске алынат |
19 | Жайыттарды которуштуруп пайдалануу | Жайытты которуштуруп пайдалануу жана чөптүн уругун себүү учурунда биринчиден мониторинг жүргүзүлөт. -Жайытты пайдалануу графигине өзгөртүүлөрдү киргизип, которуштурууга байланышкан иш чараларды иштеп чыгат |
20 | Токсон кемпир жайыт жолун оңдоо | -Жолду оңдоо үчүн иш чаралар иштелип чыгат. Көчкү, сел коркунучтары бар жерлер эске алынат |
21 | Жакынкы жайытка бак эгүү | Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт. -Көмүртекти синирүүчү көп жылдык бак көчөттөрдү эгүү иш чаралары жүргүзүлөт. |
22 | Жакынкы жайыттарга суу чыгаруу | Суу чыгаруу жайыттарды жакшыртуу жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт. Жайыт пайдалануучуларга ынгайлуу шарт түзүлөт. |
Семиз-Көл айылы | ||
23 | Н.Кайназаров орто мектебинин багын калыбына келтирүү | Эскилиги жеткен бактарды толугу менен тазалап жер аянтын пландаштырып даярдоо керек. |
24 | Акташ, Карой жайыттарына бак эгүү | -Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт. -Көмүртекти синирүүчу көп жылдык бак көчөттөрүн эгүү |
25 | Ит өлгөн жайытына бак эгүү | -Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт. -Көмүртекти синирүүчү көп жылдык бак көчөттөрүн эгүү |
Какыр айылы | ||
26 | Мотой жайытына өтүүчү көпүрөө куруу | -Көпүрөө куруу |
27 | Таш-Колот участкасына бак эгүү (оң, сол) | -Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт. -Көмүртекти синирүүчү көп жылдык бак көчөттөрүн эгүү |
28 | Кагын жайытына бак эгүү | -Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт. -Көмүртекти сиңирүүчү көп жылдык бак көчөттөрүн эгүү |
Ветеринардык жана жайыт инфраструктурасы боюнча | ||
Большевик айылы | ||
1 | Ветеринардык сервис куруу | Малдын денсоолугуна кам көрүү, жугуштуу илдеттерден сактануу, Фермерлерин кирешесин жогорулатуу асыл тукум породаларга жетишүү, таза продукция өндүрүүгө жетишүү. |
Ак-Жар айылы | ||
2 | Ветсервис куруу | Малдын денсоолугуна кам көрүү, жугуштуу илдеттерден сактануу, Фермерлерин кирешесин жогорулатуу асыл тукум породаларга жетишүү, таза продукция өндүрүүгө жетишүү. |
Шамал-Терек айылы | ||
3 | Мончо (купка) куруу | Малдын мите курттарын жок кылуу менен фермерлердин кирешесин жогорулатуу |
4 | Яма беккери куруу | Жугуштуу оорулардын жайылышына бөгөт коюу, санитардык-гигиеналык, санитардык -эпизоотия иштерин жакшыртуу. |
5 | Ветсервис куруу | Малдын денсоолугуна кам көрүү, жугуштуу илдеттерден сактануу, Фермерлерин кирешесин жогорулатуу асыл тукум породаларга жетишүү, таза продукция өндүрүүгө жетишүү. |
Семиз-Көл айылы | ||
6 | Ветаптека куруу | Мал илдеттери менен күрөшүүдө ыкчамдуулука жетишүү, ашыкча чыгымдарды үнөмдөө менен фермерлердин кирешесин жогорулатуу |
7 | Мончо куруу ( купка) | Малдын мите курттарын жок кылуу менен фермерлердин кирешесин жогорулатуу |
Какыр айылы | ||
8 | Тоюттун сапатын жакшыртуу (жем чыгаруу цех) | Сапаттуу, жетиштүү тоюттандыруу менен сүт жана эт багытындагы асыл тукум породаларга жетишүү. Тоют базасын чындоо менен жайыттарга болгон басым азаят, көмүртекти синирүү жакшырат. |
Мал чарбачылыгы жана малдын ден соолугу боюнча | ||
Большевик айылы | ||
1 | Жүндү кайра иштетүүчү цех ачуу | Иштелбей жаткан жүндү иштетүү менен айыл өкмөттүн бюджетин көбөйтүү. Жумуш орундарды түзүү. Үй бүлөлүк кирешени көбөйтүү. |
2 | Сүттү кайра иштетүүчү цех ачуу | Айыл өкмөттүн бюджетине салык төлөө. Жумуш орундарды түзуу. Үй бүлөлүк кирешени толуктоо. Сүт азыктары менен элди камсыз кылуу. |
3 | Асыл тукум малду өстүрүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азйтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
4 | Сүт багытындагы ферма уюштуруу | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
Ак-Жар айылы | ||
5 | Эт жана сүт багытындагы асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азйтып комуртекти синирууну кобойтуп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
6 | Сүт багытындагы мал чарба уюштуруу | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
7 | Эт багытындагы мал өстүрүү. | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
8 | Сүттү кайра иштетүүчү цех куруу | Айыл өкмөттүн бюджетине салык төлөө. Жумуш орундарды түзүү. Үй бүлөөлүк кирешени толуктоо. Сүт азыктары менен элди камсыз кылуу. |
Шамал-Терек айылы | ||
9 | Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
10 | Сүт багытындагы мал чарба уюштуруу | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
Чалк-Өйдө айылы | ||
11 | Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
12 | Сүт багытындагы мал чарбасын өнүктүрүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
13 | Асыл тукум койлорду өнүктүрүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
Семиз-Көл айылы | ||
14 | Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү | Малдарды мобилдик жасалма уруктандыруу пунктун уюштуруу. Мобилдик уруктандырууну уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алуу. Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
15 | Сүт багытындагы ферма уюштуруу | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
16 | Эт багытындагы ферма уюштуруу | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
Какыр айылы | ||
17 | Асыл тукум малды өнүктүрүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
18 | Асыл тукум койлорду көбөйтүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. Малдарды мобилдик жасалма уруктандыруу пунктун уюштуруу. Мобилдик уруктандырууну уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алуу. |
19 | Жасалма уруктандыруу пунктун уюштуруу | Мобилдик уруктандырууну уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алуу. |
ОГУЛдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу боюнча | ||
1 | ОГУЛдарды, коомчулукту, тиешелүү адистерди окутуу зарылдыгы байкалды | Жайыттардын абалына МжБ жүргүзүү боюнча тренинг |
Жамааттык жайыттардын картасын түзүү боюнча тренинг | ||
Салык, салык эмес төлөмдөр боюнча тренинг. | ||
Малдын жугуштуу ыландары тууралуу тренинг | ||
Экономикалык багыт: Кошумча нарк чынжырчасы. Ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча тренинг | ||
Санариптик маалыматтарга жетишүү боюнча тренинг | ||
Суу ресурстары боюнча | ||
1
| Суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу
| -Жасалма мөңгүлөрдү уюштуруу |
-Сугаруу системасын куруу | ||
-Тамчылатып сугаруу системасына өтүү. | ||
-Ирригациялык каналдарды тазалап туруу | ||
-Ички арыктарды тазалап туруу | ||
-Сууну жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү. Ар дайым. | ||
28-таблица. 5 жылга чейинки мезгилге адаптациялык иш-чаралардын орто мөнөттүү планы
№ | Көйгөйлөр | Иш чаралар | Күтүлүүчү натыйжалар |
Токойлорду жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча | |||
1 | Жайыт участоктордо малдын жайытка болгон сыйымдуулугунун ашыкча болгондугунан деградация белгилери байкалды | Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо | Деградациянын себептери аныкталып, аларды жоюу чаралары белгиленди. Сыйымдуулука жараша гана маал киргизүү |
2 | Көпчүлүк жайыт участоктордо ашыкча мал жаюу байкалган. | Сезондук ротацияны жакшыртуу жана эс алуу менен жайыт системасын жакшыртуу | Сезондук которуштуруп айдоону киргизүүнүн натыйжасында жакынкы жайыттар жайында толугу менен эс алат, анын натыйжасында чөптүн багы калыбына келтирилет. |
Ветеринардык жана жайыт инфраструктурасы боюнча | |||
1 | Айылдарда сугаруучу жайлардын жетишсиздиги | Айылдарда сугаруучу жайларды уюштуруу | Айылдарда сугаруучу жерлерди уюштуруу. Жаз мезгилинде малды участок боюнча бирдей бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул жазгы жайыттын аймагын сарамжалдуу пайдаланууга жана аянттагы участоктордогу оорчулукту азайтууга мүмкүндүк берет. |
2 | Ветсервис куруу | Ветсервис курулат | Ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу чаралары өз убагында жүргүзүлөт. Ынгайлуу шарт түзүлөт. |
3 | Жолду кара жайыт жолдорунун начардыгы | жайыт жолдорун калыбына келтирүү | Мурда кыйынчылык менен жетүүгө мүмкүн болгон жайыт участогуна жетүүгө ынгайлуу шарт түзүлөт. |
Мал чарбачылыгы жана малдын ден соолугу боюнча | |||
1 | Жасалма уруктандыруу пунктунун жоктугунан малдын асылдуулугун жакшыртуу иштеринин жүргүзүлбөгөндүгү | Малдарды мобилдик жасалма уруктандыруу пунктун уюштуруу. Мобилдик уруктандырууну уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алуу. | Малдын асылдуулугун арттырууга мүмкүндүк берет |
ОГУЛдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу боюнча | |||
1 | ОГУЛдарды, коомчулукту, тиешелүү адистерди окутуу зарылдыгы байкалды | Жайыттардын абалына МжБ жүргүзүү боюнча тренинг
| Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча билимдер жогорулады, бул ОГУЛдун ишин жакшыртат жана ОГУЛду туруктуу түзүмгө айландырууга мүмкүндүк берет |
Жамааттык жайыттардын картасын түзүү боюнча тренинг | Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча билимдер жогорулады, бул ОГУЛдун ишин жакшыртат жана ОГУЛду туруктуу түзүмгө айландырууга мүмкүндүк берет | ||
Салык, салык эмес төлөмдөр боюнча тренинг. | Салык системасын жолго салуу жөнүндө малыматка жетишүү. Ишкерликти жүргүзүүдө мыйзамдуу иш алып барылат. | ||
Малдын жугуштуу ыландары тууралуу тренинг | Медицина адамды дарылайт, ветеринария адамзатты дарылайт. | ||
Ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча тренинг | Ишмердүүлүктү өнүктүрүүдө кошумча нарк чынжырасынын маанилүүлүгүн түшүнүү. Сырьелорду кайра иштетүүчү цехтерди курууга жол ачылат. | ||
Санариптештирүү, IT технологиясы боюнча окуу тренинг | Санариптештирүү тууралуу малыматка жетишүүгө жол ачылат. Учурда көпчүлүк жарандар Түндүк уюлчасына кирүүнү өздөштүрүүнү үйрөнүшөт. | ||
Суу ресурстары боюнча | |||
1 | Суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу | Жасалма мөңгүлөрдү уюштуруу | Жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатат |
Суугаруучу түтүкчөлөрдү куруу | Жайыттарды жакшыртуу, эффективдүү пайдалануу жүргүзүлөт, малдын өсүмдүүлүгү жогорулайт. Жайыт пайдалануучулар үчүн ынгайлуу шарт түзүлөт. | ||
Тамчылатып сугаруу системасына өтүү | Тамчылатып сугаруу системасы бул: -сууну үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу. Түшүмдүүлүк көбөйөт. | ||
Ирригациялык каналдарды тазалоо | Суунун жеткиликтүүлүгүн толук камсыздоо. Түшүмдүлуктү жогорулатуу. | ||
4.2. Жайыт ресурстарын башкаруу планы.
4.2.1. Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча иш-чаралар
Жайыттарга мониторинг жүргүзүү бул:- Жайыт ресурстарын башкаруу планынын эң негизги бөлүмдөрүнүн бири болуп эсептелинет. Айыл аймактын аймагында жайыттарды туура пайдалануу үчүн атайын участоктор тандалып алынат. Бул участоктордо жайыттардын абалына жыл сайын мониторинг жүргүзүлүп, алынган натыйжалар ошол эле жердеги башка жайыт аянттарынын абалына баа берүү үчүн колдонулат. Мониторингдин натыйжалары жыл сайын жайыт системасын жакшыртуу жана жайыттарды жакшыртуу боюнча иш чараларды кабыл алуу аны ишке ашыруу максатында жүргүзүлүш керек. Жайыттарды туура жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн биз дайыма жайыттарыбыздын абалын баалап жана байкоо жүргүзүп туруубуз керек.
Пайдаланылып жаткан жайытты жылына 2 жолу:- мал жайылганга чейин жана мал жайылгандан кийин, же мезгилге жараша тоют өсүмдүгүнүн максималдуу жетилген убагында баалоо керек: Жайыттарды баалоо негизинен бир нече жөнөкөй ыкмалар менен жүргүзүлөт:
· Кайчылаш сызыктар» ыкмасы
· Көз болжол ыкмасы.
Ал эми жайыттын түшүмдүүлүгүн аныкташ үчүн:
· Чөп чабуу ыкмасы колдонулат.
(төмөндө мониторингдин таблицасы, анда аянттар жана мөөнөттөр камтылган)
29-таблица. Жайыттардын абалын мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча иш-чаралар
№ | Жайыт участогунун аталышы | Жайыт түрү | Пайдалануу сезону | аянты, га | МжБ өткөрүү үчүн тандалып алынган жайыт участогу | Жылдар боюнча МжБ жүргүзүү |
| |||||
2025 | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | 2030 |
| ||||||
1 | Шамал Терек (Алай Булак, Ой жангак, Чукума, Алтын башат, Карга жайлоо, Бел, Туйгун терек) | Жазгы - күзгү | Жаз, күз, кыш | 1446 | Алай Булак | х | х | х |
|
|
|
|
2 | Чалк Өйдө (Жалгыз тал, Секелек, Кен төр) | Жаз, күз | Жаз, күз | 2228 | Кен төр |
|
|
| х | х | х |
|
3 | Камыр (Көбүргөн, Тегерек, Тогуз Булак, Көк мойнок, Кол, Байчечекей) | жай | жай | 1293 | Тогуз булак |
|
| х | х | х |
|
|
4 | Чар-Таш (Минме) | жай | жай | 1154 | Минме |
| х | х | х |
|
|
|
5 | Кумайкы (Жүрөк таш, токсон кемпир) | жай | жай | 569 | Жүрөк таш |
|
|
|
| х | х |
|
6 | Жол Чавай (Балоон короо,Чоң чабай) | алыскы жайыт, жай | жай | 890 | Чоң чабай | х | х | х |
|
|
|
|
7 | Сур Таш | жай | жай | 1261 |
|
|
| х | х | х |
|
|
8 | Катыранкы(Мамадан булак, Чалка, Таш тумшук, Токтосун колот, Жуманазар колот, Камбар булак, Ысмайыл дөбө, Үч жар, | Жаз-күз | жаз, жай, күз, кыш | 268 | Токтосун колот |
| х | х | х |
|
|
|
9 | Таш Булак (Сары күнгөй, Кең колот, Долоно бел) | жаз-күз | жаз, күз, жай, кыш | 215 | Долоно бел |
|
| х | х | х |
|
|
10 | Сасык (Арпалуу) | жаз-күз | жаз,жай, күз, кыш | 250 |
|
|
|
| х | х | х |
|
11 | Кара-Ой (Акташ, Айры белес, Кереге таш Өмүрзак, Чечен сарай, Кызыл, Тоок кана, Тамчы булак) | жаз-күз | жаз,жай, күз, кыш | 363 | Кереге таш Айры белес | х | х | х |
|
|
|
|
12 | Көрүндү | жаз-күз | Жаз, жай, күз кыш | 306 | Көрүндү |
| х | х | х |
|
|
|
13 | Байбиче (Акташ, Кок моюн, Күнгөй, Жаман тал) | жай | жай | 934 | Акташ | х | х | х |
|
|
|
|
14 | Кара-Шоро (Жолду кара, Теке уюк, Чоң агатан, Тар чабай, Чоң кулубек, Кичи кулубек, Кең туз, Чон таш, Кичи агатан, Коңур дөбө, Кичи көк жар, Чоң көк жар, Мазар, Сары коо, беделбай, Эчки тал) | жай | жаз, жай, | 1562 | Эчки тал |
|
|
| х | х | х |
|
15 | Шил-Бели (Акташ, Көк торпок, Мазар) | жай | жай | 1275 | Акташ | х | х | х |
|
|
|
|
| Бардыгы: |
|
| 14014 |
|
|
|
|
|
|
|
|
4.2.2. Жайыттарды пайдалануу планы
Акыркы жылдардагы мониторингдин маалыматтарын талдоо, калктуу пункттарга жакын жазгы жайыт участокторунда белгиленген нормадан бир кыйла ашыкча экендигин көрсөттү. Бул участоктордун абалына терс таасирин тийгизет. Бул участоктор үчүн мал жаюу системасы иштелип чыгып, малдардын сыйымдуулугуна жараша бөлүштүрүлдү. Жана жайытка чыгуунун тартиби жана графиги иштелип чыкты. Деградациянын жайылуу коркунучу бар участоктордо интенсивдүү которуштуруу системасын колдонуу пландаштырылууда. МжБнын жыйынтыгы менен жайыттардын абалы аныкталып, анын негизинде жайыт которуштуруп пайдалануу колдонулушу шарт, өз убагында эс алдыруу, рационалдуу пайдалануу жана жайыт аянттарын жакшыртууну камсыз кылуу учун иш чараларды иштеп чыгуу зарыл.
Жайыттардын абалын жакшыртуу жана жайыт участокторунун түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бир аз деградация болгон аймактарды эс алдыруу зарыл. Эгер эс алдыруу көйгөй жаратса климаттын өзгөрүшүн басандатуу үчүн, көмүртекти синирүү максатында деградация болгон жайыттарга жаны көчөттөрдү бактарды тигүү жумуштарын аткаруу зарылдыгы келип чыгууда. Себеби, коомчулуктун муктаждыктарын аныктап чыгууда бир катар деградацияга учураган жайыт аянттарына бак тигүү жана эски бактарды калыбына келтирүү көйгөйлөрү аныкталып чыкты.
30-таблица. 2026-202030-жылдарга жайыттарды эс алдыруу/ которуштуруп жаюу графиги
Жайыт участогу | аянты, га | мезгили | Жылдар | ||||
2026 | 2027 | 2028 | 2029 | 2030 | |||
Байбиче (күнгөй участогу) | 200 | Жаз-жай |
| Эс алдыруу |
|
|
|
Жол чабай | 1200 | Жаз-жай | Эс алдыруу |
|
|
|
|
Жолду кара (теке уюк участогу) | 200 | Жаз-жай |
|
| Эс алдыруу |
|
|
Кара-Шоро (Көк жар участогу) | 200 | Жаз-жай |
|
|
|
| Эс алдыруу |
Сурташ (көк торпок) | 125 | Жаз-жай |
|
|
| Эс алдыруу |
|
Малды жаюуну көзөмөлдөө үчүн жайыттардын графиги түзүлөт.
31-таблица. Мал жаюу графиги
Жайыт участогу | Жайыт түрү | аянты, га | Мал жаюу мезгили |
Шамал Терек | Жаз, күз, кыш | 1446 | 1 апрелден 30 майга чейин, 1 сентябрдан 1 декабрга чейин жайылат 5 ай кышкы жайыт катары пайдаланылпат |
Чалк-Өйдө | Жаз күз | 2228 | 15 апрелден 25 майга чейин. 1 сентябрдан 1 декабрга чейин, жылкылар 1-январдан 25 майга чейин жайылыт |
Камыр | жай | 1293 | 1 июндан 5 сентябрга чейин |
Чар таш | жай | 1154 | 1 июндан 5 сентябрга чейин |
Кумкайкы | жай | 569 | 25 майдан 5 сентябрга чейин |
Жол чавай | жай | 890 | 25 майдан 5 сентябрга чейин |
Сур таш | жай | 1261 | 1 июндан сентябрдын 5 чейин |
Катыранкы | жаз, жай, күз, кыш | 268 | 1 марттан 1 мартка чейин. Жыл бою багылат |
Таш булак | жаз, күз, жай, кыш | 215 | 1 марттан кайра 1 мартка чейин. |
Сасык | жаз, жай, күз, кыш | 250 | 1 марттан 1 мартка чейин |
Кара ой | жаз, жай, күз, кыш | 363 | 1 марттан 1 мартка чейин |
Көрүндү | Жаз, жай, күз, кыш | 306 | 1 марттан 1 мартка чейин |
Байбиче | жай | 934 | 1 майдан баштап 10 сентябрга чейин жайылат |
Кара Шоро | жаз, жай, | 1562 | 1 апрелден 1 сентябрга чейин |
Шилбилүү | жай | 1275 | 1 майдан сентябрга чейин жайылат |
Бардыгы: |
| 14014 |
|
4.2.3. Жайыттарды башка максаттар үчүн пайдалануу жана башкаруу планы*
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары малды кышында тоюттандыруу үчүн чөп даярдалат. Ошондой эле, картада жер тилкелери башка максаттарга пайдаланылган жерлери да чагылдырылган (картада сөзсүз түрдө көрсөтүү керек). Толук маалымат төмөндө 32-таблицада көрсөтүлгөн.
32-таблица. Жайыттарды башка максаттар үчүн пайдалануу жана башкаруу планы
№
| Жайыт участогу | Жайыт участогунун аянты, га | Анын ичинен, жайыттарды башка максаттарда пайдалануу боюнча, га | ||||||||||
Аңчылык | Аарычылык | Туризм | Жеңил салмактагы байланыш конструкцияларын орнотуу | Тоо кендери | Балыкчылык | Тоют жана отун даярдоо | Кымыз менен дарылоо | Дары чөптөрдү, мөмө-жемиштерди жыйноо |
Эс алуу, көрктөндүрүү | Баары | |||
1 | Байбиче | 934 | 0,25 | 2,5 | 1,3 |
| 82,0 га Ош пирим лицензия алган. Кампа үчүн 1,90 га | 0,9 | 0 | 0,50 га | 0 | 3,0 га | 93,35 |
2 | Шамал-Терек | 1446 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
3 | Чалк-Өйдө | 2228 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
4 | Камыр | 1293 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
5 | Чар таш | 1154 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
6 | Кумкайкы | 569 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
7 | Жол чавай | 890 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
8 | Сур таш | 1269 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
9 | Катыранкы | 268 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
10 | Таш булак | 215 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
11 | Сасык | 256 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
12 | Кара ой | 363 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
13 | Көрүндү | 306 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
14 | Кара-Шоро | 1562 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
15 | Шил Бели | 1275 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
Баары: | 14014 | 0,25 | 2,5 | 1,3 | 0 | 83,90 | 0,9 |
| 0,50га | 0 | 3,0 га | 93,35 | |
Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Кыргыз өкмөтүнүн жайыттарды башка максатта колдонуу боюнча №515 токтомуна ылайык Кара-Шоро айыл аймагынын жайыт аянттарында бир катар ишмердүүлүк жүргүзгөн физикалык жана юридикалык ишкерлер бар.
Байбиче жайлоосунан Ош Пирим көмүр кен казуу ишканасы 82,0 га жер аянтын көмүр казуу үчүн мамлекеттик лицензия алган. Учурда көмүр казуу иштери кызуу жүрүп жатат. Ош Пирим көмүр кендер ишканасы жана башка аймакта көмүр казган ишканалар көмүр топтоо кампалары үчун 1,90 га жайыт жерин башка максатта пайдалануу үчүн келишим түзүшүп иштетип келе жатышат. Булар көмүр кампалары үчүн Жайыт комитетине келишимдин негизинде салыктарды төлөп келишет. Ошондой эле анчылык үчүн 0,25 га, Аарычылык үчүн 2.50 га, Туризм үчүн 1,3 га, балыкчылык үчун 0,9 га, Саамал менен дарылоо үчүн 0,50 га, көрктөндүрүү үчүн 3,0 га баары биригип 93,35 га башка максатта пайдалану үчүн келишим түзүп пайдаланып келишет.
4.3. Айыл чарба жер ресурстарын башкаруу планы.
4.3.1. Жер фондусун жакшыртуу боюнча чаралар
Кыргызстан боюнча айыл чарба жерлери 1994-жылы жер реформасы жүргүзүлгөндөн кийин жүздөгөн майда үлүштөргө бөлүнүп кеткендиктен жерди иреттүү иштетүү планы жолго коюлбай келет. Жер ээлери өздөрү каалагандай иштетип келишет. Ар ким өзү каалаган эгинди эгип келишет. Мамлекеттик жер фондуна калган жерлерди айыл өкмөтү тарабынан конкурстук негизде арендага берип, аренда акысын, жер салыктарын өкмөттүн кирешеси катары пайдаланышат. Ушундай салык жана салык эмес төлөмдөр да өз максатында иштелбей, айыл өкмөттүн зарыл көйгөйлөрү үчүн гана жумшалып келет. Конкурстук негизде берилген жер фондунун аренда салыгын максаттуу иштетип айыл өкмөттүн денгээлинде үрөн чарбаларын уюштуруп же болбосо атайын техникаларды алып өкмөттүн денгээлинде техсервистерди уюштуруп жерди иштетүүнү ырааттуу колго алса жакшы болмок. Ырааттуу иштетилбегендиктен жер асылдуулугун жоготту. Жерди эс алдырып иштетүү дээрлик жоктугунан жер эффективдүү пайда бербей калды.
33-таблица: Жер фондусун жакшыртуу боюнча иш план.
№ | Көйгөйдүн аталышы | Чечүү жолдору | Каржы булактары | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу |
1 | Түшүмдүүлүктү арттыруу | Жерди эс алдыруу. (Тондуруу жана күйгүзүү, пар айдоо) | АО, үлүш ээлери, |
Жыл сайын | АО, Жер адис, үлүш ээлери |
2 | Үрөндүн жаңы сортторуна жетишүү | Үрөн чарба уюштуруу. РУАР менен биргеликте иштөө. | АО РУАР | дайыма | АО, Жер адиси |
3 | Таза сапаттуу түшүм алууга жетишүү | Органикалык жер семирткичтерди пайдалануу. Биогумус өндүрүүнү жайылтуу. | АО, үлүш ээлери | Жыл сайын | АО |
4 | Эгиндерди дарылоо ыкмаларын женилдетүү агро дрон сатып алуу. | Дары чачуучу дрон сатып алуу | АО, Кооперативдик уюмдар. | 2028-2029 | АО, МИ, АК. |
4.3.2. Пайдаланылбаган жана деградацияланган жерлерди пайдалануу планы
Кара-Шоро айыл аймагында айыл чарба жерлеринен пайдаланылбаган жер жок. Бардык категориядагы жерлер пайдаланылат. Бир гана жайыт жерлеринде деградацияга учураган жерлер бар. Бул жогорудагы жайыттарга анализ кылганда да белгиленген андыктан деградацияга учураган жайыт жерлерин пландуу иштетүүнү колго алуу зарыл. Андыктан деградация болгон жайыт жерлерин коомчуулуктун муктаждыктарын аныктоодо Фокус топтор аркылуу алып чыккан көйгөйлөрдү аткарууга алуу керек. Фокус топтор аркылуу жайыттарга бак эгүү, чөп уруктарын себүү, көпүрөлөрдү оңдоо, жолдорду оңдоо ж.б.у.с көптөгөн көйгөйлөр аныкталып чыккан.
4.4. Токой эмес жер ресурстарын башкаруу планы
Өзгөн токой чарбасында токой эмес жер аянттарын иштетүүнү жергиликтүү тургундарга келишимдик негизде ижарага берип келишет. Ижарачы келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткарат. Жана белгиленген ижара акыны өз убагында акчалай төгүп беришет. Ал эми ижара берүүчү тарап келишимдеги көрсөтүлгөн өздөрүнө тиешелүү милдеттерди сактайт. Ижара берүүчү ижарага алынган жерди өз максатында иштетүүсүнө көзөмөл жүргүзүп турат.
4.4.1. МТФ жайыт ресурстарын баалоо планы
МТФнун жайыттары негизинен бийик тоолуу аймактарда, деңиз денгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкандыктан табигый баалуу ресурстарга бай. Мында табылгыс дары чөптөр Алтын тамыр, аркар от, кучала ж.б дарылк касиети жогору чөптөр өсөт.
Жайыттарда суунун тартыштыгы жок. Анткени кокту-колоттон куюлуп агып түшкөн булак суулары толук жетиштүү. Ал тургай мөнгүлөр да июль айларынын ортосуна чейин эрибей сакталып турат. Бул климаттын кескин өзгөрүүсүнө туруктуулугун сактап, экосистеманын бир калыпта болуусуна шарт түзөт. Ошону менен бирге биотүрдүүлүктүн бир калыпта өсүүсүнө өбөлгө болот. Секвестрациянын жогорулашын күчөтөт.
Ошондуктан МТФнын жайыт ресурстарын баалоо боюнча курамында токой чарбасы, айыл өкмөт мүчөлөрү, жайыт адиси болуп биргелешкен комиссия түзүп көзөмөлдөп туруу керек.
4.4.2. МТФ жайыттарына мал жаюу графиги
34-таблица
Жайыт участогу | Пайдалануу мезгили боюнча жайыттын түрү | Аянты, га | Мал жаюу мезгили |
Чытты | Жайкы жайыт | 2040 | Май, июнь, июль, август |
Ай тийбес | Жайкы жайыт | 950 | Май, июнь, июль, август |
Карагат | Жайкы жайыт | 350 | Май, июнь, июль, август |
Жыргал саз | Жайкы жайыт | 250 | Май, июнь, июль, август |
Токсон кемпир | Жайкы жайыт | 1500 | Май, июнь, июль, август |
Зергер | Жайкы жайыт | 1600 | Май, июнь, июль, август |
Байбиче | Жайкы жайыт | 2500 | Май, июнь, июль, август |
Чангет (жазгы жайыт) | Жазгы жайыт | 450 | Март, апрель |
Арагөл | Жазгы жайыт | 2345 | Май, июнь, июль, август |
|
| 11985 |
|
4.4.3. Токой жерлерин айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдалануунун планы
М.Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасындагы токой эмес жеринде тоют даярдоого ылайыкташкан 200 га чөп чабынды жери бар. Чөп чабынды жерлер адамдарга келишимдин негизинде берилет.
Токой чарбасындагы 13 аары өндүрүүчү орун бар, 398 аары челек бар. 13 аары өндүрүүчүнүн, 10ну токой чарбанын өзүндө, ал эми 3 өндүрүүчү ОКЖА аймагында жайгашкан. Ошондой эле токой чарбанан атайын питомник аянты бар. Ал питомникте түрдүү 430 000 көчөт өндүрүлөт жана токойду жакшыртууга жумшалат.
4.5. Токой ресурстарын башкаруу планы
Токой чарбасынын, токойчулуктардын жылда аткара турган иш пландары бар. Негизинен токойду жакшыртууга багытталган иштер. Токойду сарамжалдуу пайдалануу, өрт коопсуздугунан сактоо, токойду кобойтуу иш чараларын камтыйт.
| ||||||
35-таблица Чарбалык иштери |
| |||||
№ 1 | Аталышы | Өлчөө бирдиги | Көлөмү | |||
1 | Себүү алдында топуракты кайра иштетүү, айдоо | га |
| |||
| Анын ичинде механизациялашкан иштер | га |
| |||
2 | Токой өстүрүү алдында топуракты иштетүү: МТФ токойлорунда | га | 18 | |||
| Анын ичинде механизациялашкан иштер | га |
| |||
3 | Анын ичинен плантация түрүндөгү токой өсүмдүктөрүн отургузуу | га |
| |||
4 | Мамлекеттик токой фондусунун жерлериндеги токой өсүмдүктөрүн, бактарды жана жаңгак плантацияларын багуу. | га | 234 | |||
| Анын ичинде механизациялашкан иштер | га |
| |||
5 | Механизациялаштырылган багуу зонасында катар аралыктарды кошумча кол менен отоо |
|
| |||
| Анын ичинде токой өсүмдүктөрүнүн плантациялары | га |
| |||
6 | Мамлекеттик токой фондусунун жерлериндеги өткөн жылдардагы токой өсүмдүктөрүн, бактарды жана жаңгак плантацияларын багуу | га |
| |||
7 | Бүтүндөй токойдун табигый калыбына келишине көмөктөшүү | га | 100 | |||
| анын ичинде өсүмдүктөрдү сактоо | га |
| |||
8 | Токой өсүмдүктөрүн кошумча азыктандыруу | га | 100 | |||
9 | Келерки жылкыга токой өсүмдүктөрүнүн, чарбалардын, плантацияларын даярдоо | га |
| |||
| Анын ичинде механизациялашкан иштер | га |
| |||
10 | Келерки жылдын токой өсүмдүктөрү үчүн жерди даярдоо | га | 18 | |||
| Анын ичинде механизациялашкан иштер |
|
| |||
11 | Учурдагы жаңгак өсүмдүктөрүн жакшыртуу (жаңгак, мисте, бадам) | га |
| |||
12 | Кара буулардын чыгышы | га |
| |||
13 | Тик капталдарды террассалоо иштери |
|
| |||
14 | Токой уруктарын даярдоо | кг | 1350 | |||
15 | Үрөндөрдү жана отургузуу материалын сатып алуу | кг | 3 | |||
| отургузуу материалы | даана | 8 | |||
16 | Отургузулган материалды өстүрүү | даана | 430 | |||
| Анын ичинде :а) уруктар |
| 280 | |||
| б) көчөттөр | даана | 150 | |||
| анын ичинде кыйыштырылган көчөттөрдү өстүрүү | даана | 5 | |||
| анын ичинде жабык тамыр системасы менен өстүрүү | даана | 2 | |||
17 | Энелик бактарга камкордук көрүү | га |
| |||
18 | Токой үрөн плантацияларын камкордук менен түзүү | га |
| |||
19 | Мурдагы жылдардагы энелик жана токой урук плантацияларын багуу | га |
| |||
20 | Аймактарды тамырлардан тазалоо | га |
| |||
21 | Аймактарды тазалоо | га | 0,2 | |||
22 | Отургузулган материалды казуу жана сорттоо | миң | 82,2 | |||
23 | Токойдун үрөн участокторун отургузуу жана бөлүштүрүү | га |
| |||
24 | Мурдагы жылдардын үрөөн участкаларына кам көрүү. | га |
| |||
25 | Токой эгиндерин сугаруу | га | 10 | |||
|
| |||||
4.5.1. Токой ресурстарын көбөйтүү боюнча иш-чаралар
Жогорудагы таблицада көрсөтүлгөндөй 2025-жылга 18 га жаны токой аянтын өздөштүрүү пландалган. М.Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасынын атайын көчөттөрдү өстүрүүгө ылайыкташкан чарбасы бар. Мындан тышкары ар бир токойчулуктун да өз алдынча көчөт өстүрүү чарбачылыгы бар. Ар жылы токойду көбөйтүү иштери жүргүзүлөт жана өспөй калгандарынын ордуна толуктоонун үстүндө иштеп келишет.
Мындан тышкары үстүбүздөгү жылга 40,0 га экме токой отургузуу иштерин да аткарышат.
36-таблица Токой чарбанын экме токой отургузуу тууралуу иш чара. 2025-жылга.
К-р № | Субьектинин аталышы | Экме токой га | Экме токойдун жайгашуу орду |
1 | МТФ жерине | 14.0 | Кызыл-Тоо токойчулугу № 2, Доңуз Тоо № 39 |
2 | МТФ жерине | 4.0 | Кара-Шоро токойчулугу № 2, Чытты № 49 |
3 | Айыл аймактардын жерине | 22,0 | А.и. Шамал-Терек айылына 2,0 га |
| Бардыгы: | 40,0 |
|
Өзгөн токой чарбасынын 2025-2029-жылдар аралыгында “Кыргыз Республикасынын токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы (CS-FOR)» долбоорунун алкагында токой тигүү жумуштарына керектелүүчү көчөттөр менен камсыздоонун болжолдуу планы.
37-таблица
К-р № | аталыштары | Көлөмү га | Жаңгак | мисте | терек | Аралаш токой | арча | Жалпы |
1 | Жалпак-Таш | 150 | 75000 | - | - | - | - | 75000 |
2 | Кароол | 100 | - | - | - | 40000 | - | 40000 |
3 | Мырза -Аке | 100 | 50000 | - | - | - | - | 50000 |
4 | Ийри-Суу | 100 | 25000 | - | - | 20000 | - | 45000 |
5 | Кызыл-Октябрь | 110 | - | 75000 | 100000 | 8000 | - | 83000 |
6 | Жазы | 100 | - | - | - | 40000 | - | 40000 |
7 | Өзгөн токой чарбасы | 80 | - | - | - | - | 150000 | 150000 |
| Бардыгы | 740 | 150000 | 75000 | 100000 | 108000 | 150000 | 483000 |
4.5.2. Токойдун жыгач эмес ресурстарын пайдалануу боюнча иш-чаралар
М.Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасында 25750 га токойлуу жер болуп эсептелет. Анын ичинен токой каптаган аянттары 25000 га. Негизинен жангак токойу басымдуулук кылат. Аралаш токойлорунда алма, өрүк, алча, итмурун, карагат мөмөлүү дарактары бар. Бул көрсөткүч токой чарбасынын негизги маданий ресурстук байлыгы катары жергиликтүү тургундар киреше алуучу токой чарба тармагы болуп эсептелет. Жергиликтүү тургундарга чоң чоң кирешелерди берет. Токой чарбасынын жерлери айылдарга жакын жайгашкандыктан жергиликтүү тургундары токой мөмө жемиштерин терип үй бүлөөлүк кирешелерин толукташат. Шамал-Терек жана Чалк-Өйдө айылдарынын тургундары жангак токойлорун келишимдин негизинде иштетип келишет.
4.5.3. Мамлекеттик токой фондусунун жерлерин дыйканчылык, чөп чабуу жана бал челектерди жайгаштыруу үчүн пайдалануу
М. Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасынын мамлекеттик токой эмес жер фондусу жалпысынан 23532 га. Анын ичинен жайыт жерлери 11985 га түзөт. Бул жайыт жерлерин райондун бардык айыл аймактарынынан жайыт пайдалануучулар пайдаланышат. Кара-Шоро айыл аймагынан да жайыт пайдалануучуларыбыз чыгышат. МТФнын жайытын пайдалануу үчүн М .Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасы менен келишим түзүп, жайыт акыларын төлөп белгиленген календарлык пландын негизинде жайытка чыгышат жана жайыт пайдалануудагы эрежелерди сакташат.
Ошондой эле МТФ токой эмес жеринде тоют даярдоого ылайыкташкан 200 га чөп чабынды жери бар. Токой чарбасындагы 13 аары өндүрүүчү орун, 398 аары челек бар. 13 өндүрүүчү орундун, 10ну токой чарбанын өзүндө, ал эми 3 аары өндүрүүчү орун ОКЖА аймагында жайгашкан.
4.5.4. МТФ жерлерин маданий-ден соолукту чыңдоо максатында пайдалануу планы
МТФнын жерлерин маданий-ден соолукту чындоо максатында пайдаланган жерлер учурда жокко эсе. Бирок, маданий-ден соолукту чындоого ылайыктуу, туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу жерлер бар. Андай жерлер алысыраак, барууга татаал болгондуктан иштетилбей калган.
4.6. Суу ресурстарын пайдалануу планы
4.6.1. Суу ресурстарын сактоо боюнча иш-чаралар
Суу ресурстарын сактоо боюнча иш чарлар каралбаган. Себеби, суу сактоонун зарылдыгы жок. Суу айыл чарбачылыгында да, жайыттарда да жетиштүү.
4.6.2. АА аймагынын суу жетпеген аймактарына суу чыгаруу боюнча иш чаралар
Кара-Шоро айыл аймагында суу жетпеген аянттар жок. Себеби, жогоруда маалыматта айтылгандай 2 чоң сугат суу каналы бар. Бул айыл аймактын бардык сугат айдоо аянтарына, бардык там арка аянттарына толук жетиштүү. Андан сырткары коңшу айыл аймактарга да жеткиликтүүлүгү бар. Айыл аймакта сугат сууну тартыштыгы жок.
4.6.3. Суу коргоо зоналарын түзүү боюнча чаралар
Суу коргоо зоналарын тузуунун зарылдыгы жок. себеби айыл аймактын айдоо аянттары сугат суу менен камсыздоо жетишээрлик.
4.7. Биологиялык ресурстарды башкаруу планы
Биологиялык ресурстарга жаңгак токойлору, мөмө жемиштерди берүүчү карагат, жапайы алма, ит мурун, алча дарактары кирет. Бул дарактардын ичинен жаңгак дарагынын мөмөсүн терүү токой чарбачылыгы аркылуу келишимдик негизде жүргүзүлөт. Жангак мөмөсүн ижарачылар терип базарларга сатышат да ижара акыны акчалай түрдө токой чарбасынын кассасына төгүшөт. Ал эми калган токой мөмө жемиштерин жергиликтүү тургундар өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө карап терип алып пайдаланышат.
4.7.1. Эң маанилүү биотүрдүүлүккө мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыттарында өсүмдүктөрдүн, чөптөрдүн бардык түрлөрү өсөт. Акыркы жылдары тоют болумдуу чоптун түрлөрү жок болуп баратат. Климаттын кескин өзгөрүүлөрүнөн, жайыттын сыйымдуулугунан ШМБ ашыкча чыгып жаткандыгынан, которуштуруп пайдаланылбагандыктан оттоого ылайыктуу тоют чөптөр өспөй калууда. Жайытарда ар дайым басымдуулук күчөп, урук чачуу мезгилине жеткирбей жеп коюу себебинен жайыттарыбыз начарлоодо. Ошондуктан жайыттарды эс алдырып пайдалануу менен чөптүн уругун себүү иштерин жандандыруу зарыл. Айта кетсек буга чейин Жайыт комитети чөптүн уругун сепкен жайыттар кандай эффект бергендигин мониторинг жүргүзүү керек.
Ошондой эле кымыздык, чүкүрү, ышкын, ж б дарылык касиети бар аш болумдуу чөптүн түрлөрү да жок болду. Жогорудагы дарылык касиети бар аш болумдуу чөптөр мал баспаган бийик аска таштуу беттерде гана калды.
Мындан сырткары дарылык касиети өтө жогору болгон, эл арасында дарылык үчүн кеңири колдонулган дары чөптөрдү, мисалы Элбарчын, Ак кодол, Аркар от, Алтын тамыр, Куч алага окшогон түрдүү-түрдүү дары чөптөр кеңири масштабда өсөт. Бул дары чөптөрдү атайын дары чөптөр менен алектенген аз сандагы элдик дарыгерлер гана жыйнап топтобостон акыркы жылдары массалык түрдө сатып алып жыйнаган бизнесмендер пайда болду. Мындай мыйзамсыз иш аракеттердин кесепетинен кызыл китепке кирген дары чөптөрдүн саны азайып жок болуп кетүү коркунучу жаралды. Касиети күчтүү дары чөптөрдү сактоо үчүн мыйзамдуу иш аракеттерди жүргүзүү зарылчылыгы келип чыкты. Андыктан жыл сайын мониторинг жүргүзүп, көзөмөлгө алуу керек . Фармацептик ишканалары менен экологияга зыян келтирбегендей кылып, дары чөптөрдүн жок болуп кетпөөсүн камсыз кылуу менен мыйзамдын негизинде эки тараптуу келишим түзүп иш алып баруу зарыл.
38-таблица: Өтө сейрек кездешүүчү дары чөпторго Мониторинг жана Баалоо жүргүзү планы
№ | Биотүрдүү чөптөрдүн аталышы | Жайыттын аты | Мониторинг жана баалоо жүргүзүү мөөнөтү. | Жооптуулар. |
1 | Чайыр | Байбиче (Жаманталдын күнгөй бети) | Жыл сайын. июнь-август | МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
2 | Сарымсак (сасык матар) | Акташ | Жыл сайын. июнь-август | МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
3 | Ак кодол | Агатан | Жыл сайын. июнь-август | МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
4 | Алтын тамыр | Чоң чабай | Жыл сайын. июнь-август | МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
5 | Аркар от | Кара-Шоро | Жыл сайын. июнь-август | МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
6 | Куч ала | Кара-Шоро | Жыл сайын. июнь-август | МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
7 | Элбарчын | Кара-Шоро | Жыл сайын. июнь-август | МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
8 | Ак сокто | Чалк-Өйдө | Жыл сайын. май-июль | МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
9 | Кара кыяк | Чалк-Өйдө | Жыл сайын. май-июль | МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
10 | Жоодар | Катыранкы | Жыл сайын. май-июль | МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
11 | Кашка беде | Катыранкы | Жыл сайын. май-июль | МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
4.7.2. Туристтик ишмердүүлүк үчүн аймактарды аныктоо
Кара-Шоро айыл аймагы туризмди өнүктүрүүгө эң ынгайлуу аймак. Ак-Жар, Большевик, Какыр айылдары Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 15-30- чакырымдарында Жазы дарыясын бойлой жайгашкандыктан эс алууга ынгайлашкан кооз жайлары өтө көп кездешет. Жакынкы Катыранкы жайытында да жазгы-жайкы мезгилдерде эс алуучу кооз жайлары бар. Ал эми Шамал-Терек айылындагы Алай-Булак участкасы да эс алуучу жай катары пайдаланууга ылайыктуу кооз жайлардын бири эсептелет.
Алыскы Байбиче жайытында эс алуучу жайлар бар. Бул жерде азыркы учурда котедждер курула баштады. Буга чейин боз үйлөрдо туристерди тосуп ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишкен. Эгер мамлекеттик колдоо болсо ушул Байбиче жайытында эс алуу жайларын ички туристерди гана эмес чет өлкөлүк туристерди да кабыл алып ири туристик базага айландырса болот. Дагы алыскы Кара-Шоро жайытындагы бир катар участокторго эс алуучу жайларды уюштурса болот. Бул жайыттарда дарылык касиети бар “Кара-Шоро дары суусу” деген ат менен бүтүндөй республикага жана коңшу Өзбекстан республикасына белгилүү болгон минералдык дары суулары көп аймакты кошсок болот. Андан ары Кара-Шоро жайлообуздун керемет кооз жайлары аркылуу сапар алып Нарын областынын кооз жайларына бара турган турстик маршрут ачууга мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.
Албетте туризмди өнүктүрүүгө өто чоң финасылык каражат керектелет. Бирок, туризм мамлекетибизге, айыл өкмөттүн бюджетине, жергиликтүү тургундарга чоң кирешелерди алып келээри анык. Андыктан жол, көпүрөлөрдү ондоону, жеке ишкерлерге женил конструкцияда котедждерди салууга уруксат берүү, салык жана салык эмес төломдордү женилдетүүнү мамлекет тарабынан колдоого алуу керек.
4.7.3. Кичи корук аянттарын уюштуруу
МТФ жеринде анчылыкты уюштурууга атайын аянтчалар, же биотүрдүү чөптөрдү коруу максатында, же жан-жаныбарларды коргоо максатында кичи корук аянттары уюштурулбайт. Тагыраагы мындай иш чара Өзгөн токой чарбасында жүргүзүлбөйт.
4.8. Мал чарбасын башкаруу план
4.8.1. Малдын асылдуулугун жакшыртуу боюнча иш чаралар
39- таблица:
№ | Көйгөйдүн аталышы | Чечүү жолдору | Каржы булактары | Аткаруу мөөнотү | жооптуу |
1 | Сүт багытындагы асыл тукум малды көбөйтүү | сүттү кайра иштетүүчү цех куруу | Донордук уюмдар. Кредиттик уюмдар | 2026-2028 | АО АК ветеринар |
2 | Эт багытындагы асыл тукум малды өнүктүрүү | Этке болгон муктаждыкты чечүү Терини иштетүүчү цех куруу | Донордук уюмдар. Кредиттик уюмдар | 2026-2029 | АО АК ветеринар |
3 | Жасалма уруктандырууну өнүктүрүү | Жабдууларды сатып алуу | АО
| 2027-2030 | АО АК ветеринар |
4 | Мал жаюу системасын жакшыртуу, көмүртектин секвестрациясын жогорулатуу. | Жайытты которуштуруп пайдалануу учун тосмолорду куруу. Сыйымдуулуктан ашырбоо. Календарлык планды сактоо | АО, CS-FOR Донордук уюмдар | 2027-2028 | АО АК ветеринар |
4.8.2. Тоют базасын жакшыртуу боюнча иш чаралар
40-таблица:
№ | Көйгөйдүн аталышы | Чечүү жолдору | Каржы булактары | Аткаруу мөөнөтү | жооптуу |
1 | Жайыттардын абалын жакшыртуу, көмүртектин секвестрациясын жогорулатуу | 1 га чөптүн уругун өндүрүү. | CS-FOR Донордук уюмдар. Кредиттик уюмдар | 2025ж | АО, АК Жайыт адиси. Жер адис |
Чөптүн уругун себүү. | Ар жылы | ||||
2 |
Тоюттун жетишсиздигин жоюу.
| Гидропоника өндүрүү ыкмасына өтүү, куруу | Донордук уюмдар. Кредиттик уюмдар
| 2028-2029 | АО, АК Жайыт адиси. Жер адис |
Силос даярдоо бассейн куруу | Донордук уюмдар. Кредиттик уюмдар Фермердик чарбалар | 2028-2030 | АО, АК Жайыт адиси. Жер адис |
4.8.3. Эпизоотияга каршы иш чаралар
41-таблица
№ | Жаныбарлардын түрү жана иш-чаралардын аталышы | Мезгилдүүлүгү | Баары | |||
I | II | III | IV | |||
| Жылкылар |
| ||||
1 | Сап-офтальмомаллеинизация | 0 | 0 | 0 | 50 | 50 |
2 | Сап оорусун көзөмөлдөө | 0 | 20 | 0 | 20 | 40 |
3 | Бруцеллез оорусун көзөмөлдөө | 0 | 20 | 0 | 20 | 40 |
4 | Трипанозомозго көзөмөл жүргүзүү | 0 | 20 | 0 | 20 | 40 |
5 | Изилдөө жүргүзүү | 5 | 10 | 0 | 0 | 15 |
6 | Лептоспирозго көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
7 | АЧЛ көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
8 | АЧЛ эшектерге көзөмөл жүргүзүү ( ЭСР) | 0 | 0 | 0 | 2 | 2 |
9 | Жылкы тумоосуна көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
10 | Вирустук артрит үчүн көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
11 | Ринопневмонияга көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| Жалпы: | 5 | 70 | 0 | 112 | 187 |
| Бодо мал |
| ||||
1 | Бруцеллез оорусуна көзөмөл жүргүзүү |
|
|
|
|
|
| Уйлар | 683 | 575 | 120 | 380 | 1758 |
| Кунажындар (6 айга чейин) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| Букалар | 15 | 10 | 10 | 10 | 45 |
| Жалпы: | 698 | 585 | 130 | 390 | 1803 |
2 | Бруцеллезго сүт шакекчесинин реакциясы | 9 | 10 | 4 | 12 | 35 |
3 | Кургак учукту изилдөө | 0 | 400 | 0 | 300 | 700 |
4 | Паратуберкулезго көзөмол жүргүзүү | 0 | 8 | 0 | 8 | 16 |
5 | Лейкозго көзөмөл жүргүзүү | 30 | 5 | 0 | 0 | 35 |
6 | Лептоспирозго изилдөө жүргүзүү | 30 | 5 | 0 | 0 | 35 |
7 | Жалпы изилдөө жүргүзүү | 10 | 10 | 0 | 10 | 30 |
8 | Шарп оорусуна көзөмөл жүргүзүү | 0 | 10 | 0 | 0 | 10 |
9 | Шарп оорусуна изилдөө жүргүзүү (анын ичинде ылаңдын үлгүсүн алуу ыкмасын колдонуу) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
10 | Шарп оорусуна изилдөө жүргүзүү (SP) | 0 | 10 | 0 | 0 | 10 |
11 | Шарп оорусуна изилдөө жургүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
12 | Тери ооруларына изилдөө жүргүзүү | 5 | 0 | 0 | 0 | 5 |
13 | Теринин оорусуна изилдөө жүргүзүү (чабыкты тандоо ыкмасын колдонуу) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
14 | Бодо малдын жугуштуу плевропневмониясына көзөмөл жүргүзүү | 0 | 5 | 0 | 0 | 5 |
15 | Энцефалопатияга изилдөө жүргүзүү | 0 | 5 | 0 | 0 | 5 |
16 | Блутанг көзөмөл жүргүзүү | 0 | 5 | 0 | 0 | 5 |
17 | Везикулярдык стоматитке көзөмөл жүргүзүү | 0 | 5 | 0 | 0 | 5 |
| Жалпы: | 782 | 1063 | 134 | 720 | 2699 |
| Майда мал |
| ||||
1 | Бруцеллез оорусуна көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 25 | 25 | 50 |
2 | Инфекциялык эпидемияга көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 25 | 25 | 50 |
3 | Хламидиозго көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 25 | 25 | 50 |
4 | Паратуберкулезго көзөмөл жүргүзүү | 0 | 15 | 0 | 0 | 15 |
5 | Жалпы изилдөө | 10 | 15 | 0 | 15 | 40 |
6 | Кой жана эчкинин чечек оорусуна көзөмөл жүргүзүү | 0 | 10 | 0 | 10 | 20 |
7 | Кокус тандап алуу ыкмасын колдонуу менен бруцеллездун алдын алуу программасын иш жүзүндө көзөмөлдөө | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
8 | Кой чумасын көзөмөлдөө | 0 | 10 | 0 | 10 | 20 |
9 | Кой чумасын көзөмөлдөө ( тандоо ыкмасы менен көзөмөлдөө) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
10 | Эчкилерге байкоо жүргүзүү | 0 | 5 | 0 | 0 | 5 |
11 | Кокустук тандоо ыкмасын колдонуу менен активдүү байкоо жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
12 | NSP көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
13 | Артрит-энцефалит NSP боюнча көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
14 | Шарп оорусуна көзөмөл жүргүзүү | 0 | 10 | 0 | 10 | 20 |
15 | Шарп оорусуна изилдөө (үлгүлөрүн алуу ыкмасын колдонуу менен байкоо жүргүзүү) | 0 | 5 | 0 | 0 | 5 |
| Жалпы: | 10 | 70 | 75 | 120 | 275 |
| Канаттуулар |
| ||||
1 | Туберкулез оорусуна изилдөө жүргүзүү | 100 | 0 | 0 | 100 | 200 |
2 | Жалпы изилдөө жүргүзүү | 15 | 15 | 0 | 15 | 45 |
3 | Канаттуулар тумоосуна изилдөө жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
4 | Ньюкасл оорусуна көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
5 | анын ичинен канаттуулардын тумоосуна, жапайы канаттуулардын Ньюкасл оорусуна байкоо жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| Жалпы: | 115 | 15 | 0 | 115 | 245 |
| Иттер |
| ||||
1 | Бруцеллез оорусуна изилдөө жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 5 | 5 |
2 | Жалпы изилдөө | 10 | 0 | 10 | 0 | 20 |
3 | Эхинококкозго изилдөө жүргүзүү | 7 | 0 | 8 | 0 | 15 |
| Жалпы: | 17 | 0 | 18 | 5 | 40 |
| Аарылар |
| ||||
1 | Лабораториялык изилдөө. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
2 | Варатоз лабариялык изилдөө. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| Жалпы: | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| Жалпы изилдөө | 929 | 1218 | 227 | 1072 | 3446 |
Эмдөө | ||||||
| Жылкылар |
| ||||
1 | Сибирь жарасына каршы эмдөө | 815 | 892 | 0 | 804 | 2511 |
2 | Лептоспирозго каршы эмдөө | 0 | 20 | 0 | 0 | 20 |
3 | Пастереллезага каршы эмдөө | 0 | 20 | 0 | 0 | 20 |
4 | Ринопневмонияга каршы эмдөө | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| Жалпы: | 815 | 932 | 0 | 804 | 2551 |
| Бодо мал |
| ||||
1 | Сибирь жарасына каршы эмдөө | 3228 | 3328 | 0 | 796 | 7352 |
2 | Шарп оорусуна каршы (жаз, күз) | 4046 | 3579 | 1970 | 7051 | 16646 |
3 | Эмкара 1-2 каршы эмдөө | 0 | 3000 | 0 | 1000 | 4000 |
4 | Лептоспирозага каршы эмдөө | 0 | 600 | 0 | 300 | 900 |
5 | Пастереллезага каршы эмдөө | 0 | 400 | 0 | 200 | 600 |
6 | Бруцеллезго каршы эмдөө | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
7 | Нодулярдык дермотитке каршы эмдөө | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| Жалпы: | 7274 | 10907 | 1970 | 9347 | 29498 |
| Майда мал |
| ||||
1 | Сибирь жарасына каршы эмдөө | 10122 | 12227 | 0 | 9054 | 31403 |
2 | Койдун чечек оорусуна каршы эмдөө | 0 | 9400 | 0 | 3590 | 12990 |
3 | Чумага каршы эмдөө | 0 | 9400 | 0 | 3590 | 12990 |
4 | Бруцеллезго каршы эмдөө | 0 | 3507 | 4899 | 1452 | 9858 |
5 | Пастереллезага каршы эмдөө | 0 | 1506 | 0 | 1290 | 2796 |
6 | Брадзотага каршы эмдөө | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
7 | Лептоспирозага каршы эмдөө | 0 | 600 | 600 | 0 | 1200 |
| Жалпы: | 10122 | 36640 | 5499 | 18976 | 71237 |
| Канаттуулар |
| ||||
1 | “Н” чумасына каршы эмдөө | 4350 | 4350 | 4350 | 4350 | 17400 |
2 | «Ла-Сота» чумасына каршы эмдөө | 0 | 3500 | 3500 | 0 | 7000 |
| Жалпы: | 4350 | 7850 | 7850 | 4350 | 24400 |
| Иттер |
| ||||
1 | Кутурмага каршы эмдөө | 141 | 141 | 141 | 141 | 564 |
| Жалпы: | 141 | 141 | 141 | 141 | 564 |
| Жалпы: | 22702 | 56470 | 15460 | 33618 | 128250 |
ДЕГЕЛЬМИНТИЗАЦИЯ | ||||||
| Иттер |
| ||||
1 | Цестодозго каршы дегельминтизация | 564 | 564 | 564 | 564 | 2256 |
| Жалпы дегелминтизация | 564 | 564 | 564 | 564 | 2256 |
| Жалпы иш чаралар | 24195 | 58252 | 16251 | 35254 | 133952 |
| анын ичинде диагнозду аныктоо | 929 | 1218 | 227 | 1072 | 3446 |
| эмдөөлөр | 22702 | 56470 | 15460 | 33618 | 128250 |
| дегельминтизация | 564 | 564 | 564 | 564 | 2256 |
| Сибирь жарасынын очокторун санитардык жактан тазалоо | 0 | 9 | 9 | 0 | 18 |
4.9. Иш -чаралар жана инвестициялар
ОГУЛдун айыл өкмөтү менен биргеликте пландаштырылган негизги иш-чаралары төмөнкү багыттар боюнча болот:
➢ Мал жаюу системасын жакшыртуу
➢ Жайыттардын абалын жакшыртуу
➢ Жайыт инфраструктурасын өнүктүрүү жана реконструкциялоо
➢ Мал чарбасын өнүктүрүү
➢ Малдын ден соолугун жакшыртуу
➢ Климаттын өзгөрүшүнө адаптация
➢ көмүртекти секвестрациялоо
➢ Гендерге басым жасоо менен киреше алып келүүчү иш-чаралар
➢ Потенциалды жогорулатуу
АТРдин негизинде бириктирилген Ак-Жар жана Көлдүк жайыт комитеттеринин бюджетин көрүп турабыз. Мында жайыт пайдалануудан түшкөн кирешелер жалпы бюджеттин 708300 сомун тагыраагы 51,12% түзүүдө. Бул жалпы кирешенин жарымы дегенди билдирет. Жарым кирешеси жайытты башка максатта иштетүүдөн толукталып жатат. Демек жайыттарыбыз көзөмөлсүз пайдаланууда же жайыттарды башкаруу жакшы жолго коюлбаган, же жайыт акы толук жыйналбай жатабы деген пикир жаралат.
Ошондуктан жайыттарды пайдаланууда көзөмөлдү, башкарууну күчөтүү зарыл
42-таблица. Жайыттарды пайдалануудан түшкөн каражаттардын булактары
Киреше булактары | Жалпы сумма |
|
Ак-Жар жайыт комитети | ||
Жайыт пайдалануудан түшкөн кирешелер | 228000 |
|
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануудан түшкөн каражатта | 402000 |
|
Тракторду арендеге берүү | 150000 |
|
Мончону иштетүүдөн | 20000 |
|
Бардыгы: | 800 000 |
|
Көлдүк жайыт комитети | ||
Жайыт пайдалануудан түшкөн кирешелер | 480 300 |
|
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануудан түшкөн каражатта | 105 000 |
|
Башка демөөрчүлөр (АО) | 0 |
|
Бардыгы: | 585 300 |
|
Жалпы жыйынтыгы: | 1 385 300 |
|
5-БӨЛҮМ. КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ ИШ-АРАКЕТТЕРДИН АБАЛЫ ЖАНА ӨНҮГҮҮСҮ*
5.1. Аялдар үчүн шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууну эске алуу менен кошумча нарк чынжырларын түзүү потенциалын талдоо
43-таблица. ААнын негизги ресурстары жөнүндө маалымат
Негизги ресурстар | Учурдагы нарк чынжырлары | Тоскоолдуктар | Өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр |
Токой ресурстары | Жапайы алма. Ит мурун | Каражат табуу зарыл | Шире суусундуктар чыгаруучу цех куруу |
Жапайы алма. Ит мурун | Каражат табуу зарыл | Кургатуучу цех куруу | |
Карагат, Чычырканак, Бүлдүркөн, | Каражат табуу | Кыям жасоочу цех ачуу. Токой мөмөлөрү көп | |
Жангак | Каражаттын жоктугу | Жангакты чагып таңгактоочу цех ачуу, себеби, жангак көп жыйналат. | |
Суу ресурстары | Балык өстүрүү | Каражат табуу | Балык чарба өндүрүүгө суу жетиштүү. Ынгайлуу орун жайлар да бар. |
Суу тегирмен | Каражат жактан колдоо | Суу тегирменди иштетүүнү жакшыртуу. | |
Айыл чарбасы
| Күрүчтү актоо ишкана бар | Ишкананы өнүктүрүүгө каражат аз. | Күрүчтү таңгактоо, дүйнөлүк рыноко чыгаруу |
Багбанчылык | Каражаттын жетишсиздиги | Логистикалык борборду реконструкциялоо | |
Сүттү кайра иштетүү | Финансылык колдоо керек | Сүт багытындагы үй ферма уюштуруу. Сүт азыктарын даярдоо. | |
Жайыт ресурстары | Бал челек кооператив ишкана бар. | Каражаттын жетишсиздиги | Жогорку сапаттагы бал алынат. Жерибиз ынгайлуу. Тажрыйбалуу адистер жетиштүү |
Саамал | Каражаттын жетишсиздиги.
| -Эс ала турган жайдын бардыгы. Кымыз менен дарылоо Жаратылыш аймагыбыз кооз. | |
Жеңил өнөр жайы | Чеберлер үй шартында гана иштешет | Каражат табуу зарыл | Тигүү цех ачуу. Тикмечи чебер айымдар бар. |
Тоок ферманы өнүктүрүү | Үй шартында тоок, индюк баккан адамдар бар. | Каражат табуу зарыл | Ар бир үй бүлөөдө тоок кармашат.Тажрый бар кызыгуучулар бар. |
5.2. КНЧти түзүү жана өнүктүрүү стратегиясы *
Бул бөлүмдө аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу үчүн колдо болгон негизги ресурстарга, баалуулуктар тизмегине жана мүмкүнчүлүктөргө жараша айыл аймагынын ЦДС өнүктүрүү жөнүндө көз карашты кыскача баяндоо зарыл (5.1-пункт. планы)
Коомубузда аялдардын орду татыктуу орунда. Себеби аялдар үй бүлөөдө мыкты кожейке, татыктуу тарбиячы, мээримдүү эне, үй бүлөөнүн куту эле болбостон эркектер менен эриш аркак иштешип бардык тармактарда жигердүү эмгектенишип келишет.
Кара-Шоро айыл аймагында аялдар активдүүлүгүн көрсөтүп бала бакчаларда, соода тармактарында, маданият бөлүмдөрүндө, айыл чарба тармактарында, мектептерде, тигүү цехтеринде иштешип үй бүлөөлүк зарылчылыктары, күнүмдүк муктаждыктары үчүн каражат таап жардамдашып келишет. Айыл аймакта кооз жайлар көп, андыктан туризмди өнүктүрүүгө кызыктар болуп келишет. Эс алган туристерди кымыз, жана сүт азыктары менен дарылап кызмат көрсөтүү менен алектенүүгө кызыккандар көп.
Райондун борборундагы тигүү цехтерине барып иштеген аялдар, кыз келиндерге айылдардын денгээлинде жакшынакай тигүү цех куруп айылда эле иштөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырса болот. Мындай мүмкүнчулүк жаралса убакытты үнөмдөп, жолго жумшаган каражаты да өз чөнтөгүндө калмак.
Кара-Шоро айыл аймагы райондук базардан алыс болгондугуна байланыштуу күнүмдүк азык түлүк менен ыкчам камсыз болуу көйгөй жаратат. Ошондуктан ар бир үй бүлөөнүн чакан тоок чарбалары бар. Тоок чарбаны уюштуруу өздөрүнүн үй бүлөөлөрү үчүн оокат болот. Күтүүсүз келген конокторго дасторкон жайууда эт жана жумуртка менен жетишээрлик камсыз болуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу үчүн шарт түзүп алышкан. Тоок чарбасы негизиенен кирешелүү тармактардын бири болгондуктан ири тоок фермаларын уюштурууга кызыктар тараптар көп экендиги Фокус топтор аркылуу муктаждыктарды аныктоодо аныкталды. Тоок фермада иштөөгө негизинен аялдардын мүмкүнчүлүгү жетишет. Иш жеңил. Ошондуктан аялдарды жумуш менен камсыз кылуу үчүн тоок фермаларды уюштуруп, КНЧ чынжырчасына чыгууга толук мүмкүнчүлүк бар.
Кара-Шоро айыл аймагында багбанчылык өнүккөн аймак. Көпчүлүк тургундар багбанчылык менен алектенишет. Ошондуктан Большевик айылында мөмө жемиштерди сактоочу чакан логистикалык борбор бар. Багбанчылык кылууга климаттын туруктуулугу ынгайлуу шарт жаратат. Ошондуктан багбанчылыктын көп түрүн өнүктүрсө болот. Аялдар үчүн эн жакшы мүмкүнчүлүк жаралмак.
Өндүрүшкө басым жасап, сүт багытындагы порода уйларды алып сутту кайра иштетүүчү ишкана, тоок ферма, аарычылыкты өнүктүрсөк деген жөндөмдүү аялдардын бар экендиги фокус топторду өткөрүдө байкалды. Демек буларга жогорудагы ишканалдарды уюштуруп колдоо көрсөтүү зарыл. Ошону менен бирге аярлуу катмардагы жана аз камсыз болгон жалгыз бой энелерди да жумуш орду менен камсыз кылып жашоо мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу зарыл. Айыл аймакта экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген ишканалар түзүлсө, коомчулуктун жашоо шарты женилдейт, иш орун көбөйүп жумушсуздуктун көрсөткүчү төмөндөйт. Айыл өкмөттүн бюджетине салыктар түшүп, кирешелер жогорулайт.
5.3. Каржылоо жана колдоо
Эгерде сиз кошумча наркты баалоо боюнча потенциалдуу долбоорлорду аныктаган болсоңуз, анда төмөнкү таблицаны толтуруу керек.
44-таблица. Каржылоо булактары жана колдоо механизмдери (мисал катары)
Баяндоо | Долбоордун болжолдуу баасы | Каржылоо булагы | Мамлекеттик колдоо механизмдери | Көйгөйлөр/ Чектөөлөр |
Айыл аймакта жапайы алма, маданий алма бактары көп. Мөмө көп түйгөн жылдары терилбей тебелендиде калат. Мөмө жемиштерден табигый азыктарды сок, кыямдарды жасап ишкерликти өнүктүрүү жана калкты таза мөмө азыктары менен камсыздоо. |
| Айыл өкмөттөн колдоо. Донордук уюмдар. Женилдетилген кредит. | Кайра иштетүүчү цехтерди коолдоо. Салык иштерин жөнөкөйлөтүү. | Ишкердүүлүк жүргүзүүгү тоскоолдук жок |
Бак өстүрүү үчүн айыл аймактын климаттык шарты өтө ынгайлуу. Түшүмдүүлүк жогору болот. Суу ресурстары жетиштүү. Кара топурактуу. |
| Донордук уюмдар. Женилдетилген кредит. | Айыл өкмөт тарабынан ынгайсыз жерлерди берүү | Ишкердүүлүк жүргүзүүгө тоскоолдук жок |
Туризмди өнүктүрүү айыл аймакта эн ыңгайлуу. Шарт ылайыктуу, кооз жайлардын көптүгү. Аба ырайынын ынгайлуулугу. |
| Донордук уюмдар. Женилдетилген кредит. Ж.б | Эс алууга ынгайлуу кооз жайлар бар. Документтерди тактап арендага берүү . | Ишкердүүлүк жүргүзүүгө тоскоолдук жок |
Аарычылыкты өнүктүрүп таза бал өндүрүү. Бул адамзатынын ден соолугуна дарылык касиети бар таттуу азык. Ошондуктан Кыргызстанга гана эмес дүйнө базарларына сатууга чыгаруу. Таза балга талап өтө жогору. |
| Бал чарба кооперативдери, АО Жеке ишкерлер. | Бал челек коюлуучу орун жайларды тактоо. АО менен келишимдерди түзүү | Ишкердүүлүк жүргүзүүгө тоскоолдук жок |
Сүт азыктарын өндүрүү үчүн сүт багытындагы асыл тукум малдарга жетишүү. Азыркы учурда жергиликтүү породаларды саабай торпогу менен жайытка кошуп кое берүүнүн себебинен сүт азыктары жасалбай калды. Ошондуктан сүттүү асыл тукум малдарыды алуу зарылдыгы бар. |
| Айыл өкмөттөн колдоо. Донордук уюмдар. Женилдетилген кредит. Ж.б. | Асыл тукум породалар жөнүндө маалымат таркатуу. Жасалма уруктандырууну өнүктүрүү. | Ишкердүүлүк жүргүзүүгө тоскоолдук жок |
Тоок ферма ачып иштетүү аял затынын колунан келе турган иш. Иши өтө деле оор эмес, жеңил иш катары эсептелет. Эгер оор иш болсо эркек адамды иштеттип, женил жумуштарды аялдар аткарса болот. Негизинен көзөмөлдөп, жем берип , денсоолугуна байкоо жүргүзүп туруу иштери аялдардын колунун келет. Ошондуктан айылдык аялдар тоок ферма ачып иштетүүгө кызыктар. Өтө кирешелүү тармак катары да кызыгышат. Жумурткага талап чоң. |
| Инвестиция тартуу. Женилдетилген төмөн пайыздуу кредитерден пайдалануу ж.б. | АО тарабынан Тоок ферма курула турган жерлерди документештирүүгө жардам берүү. | Кичи чакан ишканаларды ачууга чектөөлөр жок. Мыйзамдарда колдоо жагы каралган
|
Жогорудагы таблица CS-FOR долбоорунун алкагында Фокус топтор аркылуу айылдардын, коомчулуктун муктаждыктарын аныктоодо экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүүгө кызыккан топтор аркылуу КНЧ түзүү максатында аныкталып чыккан муктаждыктар. Албетте Фокус топтордо аялдардын катышуусу 30 % тен кем эмес болду. Жогорудагы көрсөтүлгөн суунуштарды КНЧ түзүгө багыт катары гана кабыл алалы. Себеби, бул муктаждыктарды ишке ашыруу али алдыда. Ал үчүн ОГУЛдар тарабынан аныкталууга, тандалууга тийиш. Андан кийин тандалган көйгөйлөргө, ПСД, ж.б. тийиштүү докумнеттерди толуктоо, каржылоо булактары аныкталышы керек. Негизинен бул муктаждыктар коомчулукта бар экендиги жана аны комплекстүү планга киргизүү, аны ишке ашыруу келечекте айыл аймактын өнүгүүсүнө чон таасир этээри анык.
6-БӨЛҮМ. ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН БАШКАРУУДАГЫ ГЕНДЕРДИК АСПЕКТИ
6.1. Гендердик теңчилик жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу
Жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу планын түзүү үчүн гендердик-сезимтал форматта маалыматтарды талдоо жүргүзүү зарыл-башкача айтканда, ресурстарга жетүүдө жана контролдоодо, экономикалык ишмердүүлүктө жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу методдорунда аялдар менен эркектердин тажрыйбасын талдоо. Ошондой эле, улуу муундун тажрыйбасын эске алуу, жаштарды даярдоо жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана аялдар жетектеген үй-бүлөлөр сыяктуу аялуу топторду колдоо маанилүү. Ошентип, бардык топтордун, анын ичинде аялдардын пикирин жана муктаждыктарын эске алуу, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруунун комплекстүү планын даярдоонун маанилүү элементи болуп саналат.
Тээ эзелтен эле ата бабаларыбыз аялдарга аяр мамиле, түшүнүү менен мамиле кылып келишет. Негизи аял затынын орду, тең укуктуулугу КРнын мыйзамдарында да тең укуктуулукту сактап келет . Аялдарга болгон мамиле үй бүлөдө да, мыйзамдарда да тең укуктуулук менен бекитилген. Кара-Шоро айыл аймагында аялдардын орду өзгөчө. Себеби, айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлеринин курамында 27,3% аялдар түзөт. Мектепте аял мугалимдер 88,2%, Бала бакчада жана саламаттыкты сактоо тармагында 100% аялдар экендиги талашсыз. Айыл өкмөттүн структурасында да Аялдар комитети түзүлүшү бар. Ошондой эле айыл өкмөттүн Шайыр апалар тобу да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, райондук жана областык денгээлде маданий иш чараларга катышып келишет.
CS-FOR долбоорунун алкагында да өткорүлгөн жыйындарда, ФТтордо, ОГУЛ курмында, жумушчу топто да 30%тен кем эмес аял заты катышты жана айылдын муктаждыктарын аныктоодо көптөгөн көйгөйлөрдү которуп чыккандардын арасында да аял затынын орду жогору.
45-таблица: Кара-Шоро айыл аймагындагы аялдардын коомчуулуктагы орду.
№ | аталыштары | Жалпы саны | Аялдар | % | Эскертүү |
| Айыл өкмөт аппарат курамы | 11 | 3 | 27,3 |
|
| Аялдар комитети | 12 | 12 | 100 |
|
| Айылдык кеңеш | 21 | 9 | 42,9 |
|
| Шайыр апалар | 20 | 20 | 100 |
|
| Мектеп | 178 | 157 | 88,2 | Билим берүү мекемелеринде гендердик тең салмактуулукту эркектерге колдонуу зарылдыгы пайда болду. Ошондуктан эркек мугалимдерди ишке тартуу зарыл. Балдарды патриоттуулука тарбиялоодо эркек мугалимдердин санынын аздыгы гендердик тең салмактуулуктун жоктугуна ачыктайт. Бул балдарды мамлекеттибизди берилип сүйүүгө, ар намыстуулук менен мекенди коргоого багытталган тарбиянын алсырашын белгилейт. Балдарды тарбиялоодо эркек мугалимдердин орду өзгөчө экендиги талашсыз. |
| ФАПтар | 14 | 14 | 100 |
|
| Айылдагы ОГУЛдар | 44 | 17 | 38,6 |
|
| АА ОГУЛ | 12 | 4 | 33,3 |
|
| Жумушчу топ | 7 | 2 | 28,5 |
|
6.2. Гендердик бөлүштүрүлгөн маалыматтарды чогултуу
Жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруунун гендердик-сезимтал планын түзүүнүн алкагында талдоо жүргүзүү үчүн эркектер менен аялдардын тажрыйбасындагы жана муктаждыктарындагы көйгөйлөрдү жана айырмачылыктарды аныктоо үчүн эркектер жана аялдар боюнча бөлүнгөн маалыматтарды (гендердик-бөлүнгөн же гендердик-дезагрегацияланган маалыматтар) чогултуу жана пайдалануу зарыл.
Жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруунун натыйжалуулугуна жетишүүдө албетте аялдардын орду зор. Айыл чарба жумуштарында талыкпай эмгектенип келишет. Эгин талааларында чабыктан баштап түшүм жыйноого чейинки жумуштарды негизинен аялдар, жаш балдар аткарышат. Жергиликтүү тургундар арасында клубника, малина, помидор бадыран мөмө жемиштерин эгүүнү жылдан жылга көп өндүрө башташты. Эгүү, чабуу, терип жыйноо, сатуу иштеринде дээрлик бардык иштер аялдарсыз бүтпөйт. Күнүмдүк оокат үчүн салат, шире суусундуктарын (сок, компот) кыямдарды жасоодогу түйшүктүү иштерди аялдар гана аткараары баарыбызга маалым.
Аялдар үйдөгү жумуштарды гана аткарбастан дыйканчылык талааларда да, жайлоого чыгып сүт азыктарын камдоодо да, мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө, эркектер менен эриш аркак болуп биргеликте түйшүк тартаары баарыбызга маалым.
Айылдагы коомдук иштерде да жөн турбастан тамак жасап баруу милдети аялдардын мойнунда. Деги эле көпчүлүк идеалар аялдардан чыгат. Айылдагы жыйындар аялдарсыз өтпөйт. Эркектерге караганда аялдар көп катышат. CS-FOR долбоорунун алкагында өткөрүлгөн соц мобилизациялык жумуштарда да аялдардын катышуусу басымдуу болду. Айылдардын муктаждыктарын алып чыгууда да фокус топтордо аялдар активдуу катышты. Көйгөйдү аныктоодо климатка сезгич көйгөйлөрдү тандоодо, экономикалык багыттагы КНЧ тутумундагы ишканалар тууралуу кызыгуулар да, сунуштар да аялдардын активдүү катышуусу менен аныкталды.
Мектепке ата эенелер чогулушу 95% аялдардын катышуусунда болот. Демек үй бүлөөдө балдарды тарбиялоодо, окутууда, оокаттандыруу, кийинтүү, ж.б. маселелеринде аялдардын эмгеги чоң.
Ошондуктан азыркы учурдагы аялдардын коомчуулуктагы орду эркектерден кем калышпайт.
46-таблица. Жаратылыш ресурстарын башкаруунун гендердик аспектисинин жыйынды таблицасы
Багыттар | Жыйналган маалыматтар | Эркектер менен аялдардын тажрыйбасындагы аныкталган айырмачылыктар | Аялдар үчүн аныкталган тоскоолдуктар |
Жаратылыш ресурстарына жетүү | Колдо бар табигый жаратылыш сырьелорун кайра иштетүүгө аялдардын ынтызарлыгы ФТ өткөрүүдө байкалды | Эркектер албетте жаратылыш ресурстарына ээлик кылууга умтулат. М: жайытты, жаңгак токойун арендага алышка. -Аялдар жаратылыш мөмө жемиштерин терип жыйноо, мөмө жемиштерди кайра иштетүү кыям, сок жасоо менен алектенишет. Кайра иштетүүчу ишканаларды тузүү идеяларын ойлошот. | Балдарга кам көрүү жана үй тиргилиги менен алектенүүдөн убакыт чектелип калат. |
Чечим кабыл алууга катышуу | Катышууга толук укуктары бар. Өздөрү да чечим кабыл алууга кызыгышат. Класстык чогулушта, элдик жыйындарга катышууда байкалат. | -Эркектер басым жасашы мүмкүн.
Айыл үчүн аракеттенген ынтызарлыгы күчтүү аялдар көп айылдын, мектеп жыйындарында аялдар көп катышат. Өздөрүнүн ойлорун толук жеткизе алышат. | Эч кандай тоскоолдук жок. Мыйзам жол берет, бирок ыйман жол бербей калган учурлар болот. М: менталитетке карап аксакалдардын, эркектердин алдында тартынып калышат. |
Иш менен камсыз болуу деңгээли жана экономикалык ишмердүүлүк түн түрлөрү | Уюшумдуу, аракетчил келишкендигин жашообузда көрүп келебиз. | Эркектер үй бүлөөлүк дараметти көтөрүү аракетинде көбүрөөк аракет жасашат. М: дыйканчылык, мал чарбачылыгы. Аялдар көбүрөөк соода тармактарында иштөөгө багыт алышат | Күнүмдүк үй оокаттары, балдарга социалдык камкордук көрүү жактары тоскоол болот. |
Билим берүү жана финансылык ресурстарга жетүү | Билимге умтулгандык мүнөз аялдарда көп. | Аракетчил, атандашчыл болушат. Иштин аягына чыга билишет. Өтө тырышчаак болушат. | Бирок, үй бүлөө күтүү, аны сактоо алдынкы орунда турат |
6.3. Жаратылыш ресурстарын башкаруунун гендердик планын иштеп чыгуу
Бул пунктта максаттар жана милдеттер белгиленет жана жаратылыш ресурстарын гендердик-сезимтал башкаруунун планы келтирилет, ал төмөнкү таблица түрүндө таризделет
47-таблица. Жаратылыш ресурстарын башкаруунун гендердик планын иштеп чыгуу
Аныкталган көйгөйлөр (багыттар боюнча) | Иш-чаралар | Күтүлгөн жыйынтыктар | Индикатор лор | Ишке ашыруу мөөнөтү |
|
Жаратылыш ресурстарына жетүү | |||||
Жаратылыш ресурстарын башкарууда аялдардын дараметин жогорулатуу | Ар кандай коомдук, маданий, социалдык иш чараларга жана долбордун алкагында окууларга катыштыруу. | Сабаттуулук дарамети жогорулайт. Жаратылыш ресурстарын башкарууга мүмкүнчүлүк жаралат. | 30% дан кем эмес аялдардын катышуусу байкалат. | 2025-2030 |
|
Чечим кабыл алууга катышуу | |||||
Чечим кабыл алууда аялдардын жөндөмүн арттыруу
| Элдик жыйындарда, фокустук топторду өткөрүүдө ж.б. | -Гендердик баланс сакталат. -Аялдардын сунуштары кабыл алынат. | Аялдардын көйгөйлөрү ишке ашат. +30% |
2025-2030 |
|
Иш менен камсыз болуу деңгээли жана экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү | |||||
Экономикалык ишмердүүлүк жаатында аялдардын иш менен камсыз болуу денгээлинин төмөндүгү. | Киреше алып келүүчү бизнес долбоорлорду жазуу үчүн окуу-тренингдерди өткөрүү. | Экономикалык ишмердүүлук жүргузүүдө сабаттуулука жетишет. Натыйжада бизнес долбоорлорду жазууну өздөштүрүшөт. | Экономика лык ишмердүү лүк менен алектенген аялдардын саны өсөт. Үй бүлөөлүк кирешелери артат. | 2025-2030 |
|
Билим берүү жана финансылык ресурстарга жетүү | |||||
Финансылык ресурстарга жетүүдө аялдардын билим денгээлин жогорулатуу жана демилгелерин колдоо. | Финансылык сабатсыздыкты жоюу максатында окуу тренингдерди өткөрүү | Финасылык сабаттуулука ээ болот. Экономикалык ишмердүүлук жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү артат, жаралат. | Ишмердүү лүк менен алектенген аялдардын саны көбөйөт. | 2025-2030 |
|
7-БӨЛҮМ. КОМПЛЕКСТҮҮ БАШКАРУУНУН ЖЫЛДЫК ПЛАНЫ
Жылдык план – токой пайдалануучулардын жана жайыт пайдалануучулардын сунуштарын жана арыздарын эске алуу менен түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын токой жана жер мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Жылдык план – таблицалар, максаттуу программалар, иш-чаралардын пландары, карталар, календардык графиктер ж. б. түрүндө иштелип чыгат.
Жылдык план – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилгенден кийин аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
Жылдык план камтылууга тийиш:
№ | Иш чара | Аткаруу мөөнөтүү | Индикатор | Жооптуулар |
1 | Мал жаюу системасын жакшыртуу | 2025-2030 | Календарлык пландагы көрсөткүчтөрдүн аткарылышы | АО, Жайыт адиси, жайыт пайдалануучулар, |
2 | Жайыттардын абалын жакшыртуу | 2025-2030 | Жайыттардын деградациясын алдын алуу | АО, Жайыт адиси, жайыт пайдалануучулар |
3 | Жайыттардын социалдык инфрастуруктураларын оңдоо | 2025-2027 | Оңдолгон көпүрөлөр, оңдолгон жолдор, | АО, Жайыт адиси, жайыт пайдалануучулар |
4 | Мал чарбасын өнүктүрүү | 2026-2029 | Асыл тукум мал чарбачылыгы | Фермерлер, ветеринарлар |
5 | Малдардын ден-соолугун жакшыртуу
| 2025-2029 | Ветеринардык эмдөөнүн көрсөткүчтөрү. | АА, фермерлер, ветеринарлар |
6 | Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу КНЧ тутумун өнүктүрүү | 2025-2030 | Ишканалардын сандык көрсөткүчү | АО, МИ, Жайыт адиси |
7 | Гендерге басым жасоо менен киреше алып келүүчү иш аракеттер
| 2025-2030 | Жумушчу орун түзүлгөн ( сары май, курут, сүттү) кайра иштөөтүүчү ишканалардын саны | Аялдар, айыл өкмөтү |
8 | Билим денгээлин жогорлатуу (финансылык, экономикалык, ишмердүүлүк) окууларга катышуу | дайыма | Туура пайдаланылган жайыттар, асыл тукум малдар | Фермерлер, ветеринарлар, донордук уюмдар, айыл өкмөтү |
1. Жайыттарды башкаруу маселелери боюнча айыл өкмөтүнүн жана ОГУЛдун ишинин оперативдик графиги
49-таблица. Операциялык иш тартиби
№ | Иш-чаралар | Айлар | Жооптуу | |||||||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII | |||
1 | АА малды эсепке алуу | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ОГУЛ, МИ, А/О |
2 | ПКУПРУИК планын иштеп чыгуу | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Х | Х | ОГУЛ, МИ, жумушчу топ |
3 | ПКУПРУИК планын АКте бекитүү |
| Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ОГУЛ, Жумушчу топ |
4 | Жайыт пайдалануучуулар дын жылдык чогулушу |
| Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ОГУЛ, МИ |
5 | Малды графиктин мөөнөтүндө жайытка чыгарууну көзөмөлдөө |
|
| Х | Х | Х |
|
|
|
|
|
|
| ОГУЛ, МИ |
6 | Жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди түзүү, жайыт билеттерин берүү, төлөмдөрдү жыйноо |
|
| Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | ОГУЛ, МИ, |
7 | Жайыттарга мониторинг жүргүзүү жана коомчулука маалымат берүү |
|
|
|
| Х | Х | Х | Х |
|
|
| Х | ОГУЛ, МИ, |
8 | Жайыт питомниктерин уюштуруу, көзөмөлдөө |
|
| Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | ОГУЛ, МИ Жер адиси |
2. Мал жаюунун календардык планы жана графиги
Ар кайсы участоктордо мал жаюунун тартибин, жайыттын болжолдуу мөөнөттөрүн жана мезгилин көрсөткөн жайыт графиги. Мал жаюунун графиги, Кыргызгидрометтин аба ырайынын болжолдоосун эске алуу менен түзүлөт жана сакталат(айлык болжолдоо, 3 күндүк болжолдоо жана катуу шамал жөнүндө эскертүү). Иш процессинде ай сайынкы божомол 3 күнгө болжолдоо жана жайыттарда бороон-чапкын тууралуу эскертүүлөр менен жаңыланат. Мал жаюу графиги мал жаюу схемасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
50-таблица. Мал жаюу графиги
Жайыт участогу | Аянты | Малчы | Жайыт ка чык кан мал дар | Оптималдуу сыйым дуулук |
Шамал Терек (Алай Булак, Ой жангак, Чукума, Алтын башат, Карга жайлоо, Бел, Туйгун терек ) | 1446 | Кадыров Б., Карабеков У., Бекешов Арчабек. баары 5 адам | 1500 | 1438 |
Чалк Өйдө (Жалгыз тал, Секелек, Кең төр) | 2228 | Закирбаев Э., Эрмеков Гулжигит, Толомушов А. | 3500 | 2148 |
Камыр (Көбөргөн, Тегерек, Тогуз Булак, Көк мойнок, Көл, Байчечекей) | 1293 | Карабеков У., Эрмекбаев Г,Закирбаев Э., баары 8 малчы олтурат | 1090 | 781 |
Чар-Таш (Минме) | 1154 | Закирбаев, Эрмекбаев | 800 | 631 |
Кумайкы (Жүрөк таш, токсон кемпир) | 569 | Темирбаев А., Бопоев А. баары 12 малчы | 500 | 302 |
Жол Чавай (Балоон короо,Чоң чабай, ) | 890 | Ыкышев Т, Бекешов А, Бекешов Женишбеков | 1200 | 494 |
Сур Таш | 1261 | Токсонбаев У., Жайнаков Э., Карабашев Ж. баары 8 малчы | 1500 | 772 |
Катыранкы (Мамадан булак, Чалка, Таш тумшук, Токтосун колот, Жуманазар колот, Камбар булак, Ысмайыл дөбө, Үч жар, | 268 | Дүмүров П,Балтабай улу Нубек. Расулберди Т. баары 6 адам багат | 400 | 404 |
Таш Булак (Сары күнгөй, Кен колот, Долоно бел) | 215 | Кайназаров А. Апиев Капар баары 5 малчы олтурат | 500 | 334 |
Сасык (Арпалуу) | 250 | Дүмүров П, Балтабай улу Нубек, Расулберди Т. баары 6 адам багат | 650 | 409 |
Кара-Ой (Акташ, Айры белес, Кереге таш, Өмүрзак, Чечен сарай, Кызыл, Тоок кана, Тамчы булак) | 363 | Апытаев Э, Карабашов Ж. 8 адам жайят | 715 | 547 |
Көрүү | 306 | Темиров Э. Маданбеков О. баары 3 | 650 | 511 |
Байбиче (Акташ, Көк моюн, Күнгөй, Жаман тал) | 934 | Максудов Э. баары 6 малчы бар | 700 | 369 |
Кара-Шоро (Жолду кара, Теке уюк, Чоң агатан, Тар чабай, Чоң Кулубек, Кичи Кулубек, Кен туз, Чоң таш, Кичи агатан, Коңур дөбө, Кичи көк жар, Чон көк жар, Мазар, Сары коо, Беделбай, Эчки тал) | 1562 | Алишеров Н. баары 10 малчы | 1150 | 762 |
Шил-Бели (Акташ, Көк торпок, Мазар) | 1275 | Турдумамбетов С. баары 6 малчы жаят | 1700 | 614 |
| 14014 |
| 16555 | 10516 |
3. Малдын ден соолугун коргоо боюнча жылдын планы
51-таблица. Ветеринардык диагностикалык изилдөөлөр
№ | Ветеринардык иш-чаралардын аталышы | Изил дөөгө тийиш болгон малдын саны | Изил дөө мөөнө тү | Жы лына жал пы изилдөө | Изилдөө мез гили | Эскертүү |
Ири мүйүздүү мал, баары 1900 баш | ||||||
1 | Бруцеллезго, лейкозго жана лептоспирозго текшерүү үчүн кандын үлгүлөрүн алуу |
1060 | Жылына 2 жолу | 2120 | жаз -күз | Изилдөө: асыл тукум букалар, саан уйлар жана торпоктор. |
2 | Аллергиялык ыкма менен туберкулинизацияны жүргүзүү (интрадермалдык тест). | 1060 | Жылына 2 жолу | 2120 | жаз -күз | Саан уйларды изилдөө. Мындан тышкары, сатылуучу малдарды сатуу алдында текшерүү керек. |
4. Жайыттарды баалоо жана мониторинг планы
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыттарыын мониторинг жана баалоо жүргүзүү жумуштары Айыл өкмөт башчысынын буйругу менен “Жайыттарды мониторинг жана баалоо” комиссиясы түзүлөт. Комиссияга айыл өкмөттүн тийиштүү адистери, муниципалдык адис, ОГУЛ мүчөлөрүнөн, жайыт пайдалануучулардан өкүлдөр кирет. Төзөлгөн коммиссия жайыттарды жаз жана жай мезгилдеринде мониторинг жасап турушат.“Жайыттарды мониторинг жана баалоо” комиссиясы айыл өкмөткө, муниципалдык ишканага маалымат берип турушат. Ал эми берилген маалыматтардын негизинде жайыт адиси тийиштүү документтерди аткарууга алат жана айыл өкмөт башчысына билдирет. Айыл өкмөт башчысы жылдык чогулушта жергиликтүү тургундарга отчет берет жана зарылчылыка карап иш чаралар кабыл алынат. Жайыттарга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы айыл аймактын тургундарына, жайыт пайдалануучуларга жайылтылып турат.
52-таблица. Жайыттарды баалоо жана мониторинг планы.
Иш-чаралар | Ыкма | Мөөнөтү | Жооптуу | Жыйынтыгы |
Шамал Терек (Алай Булак, Ой жангак, Чукума, Алтын башат, Карга жайлоо, Бел, Туйгун терек ) | -Өлчөө таякчасы. -Сүрөткө тартуу | жаз-жай. | МиБ тобу ОГУЛ МИ | Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
Чалк Өйдө (Жалгыз тал, Секелек, Кен төр) |
| жаз-жай. | МиБ тобу ОГУЛ МИ |
|
Камыр (Көбүргөн, Тегерек, Тогуз Булак, Көк мойнок, Көл, Байчечекей) | Сүрөткө тартуу | жаз-жай. | МиБ тобу ОГУЛ МИ | Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
Чар-Таш (Минме) | Сүрөткө тартуу | жаз-жай. | МиБ тобу ОГУЛ МИ | Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
Кумайкы (Жүрок таш, Токсон кемпир) | Өлчөө таякчасы | жаз-жай. | МиБ тобу ОГУЛ МИ | Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
Жол Чавай (Балоон короо,Чон чабай, ) | Өлчөө таякчасы Сүрөткө тартуу | жаз-жай. | МиБ тобу ОГУЛ МИ | Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
Сур Таш | визуалдык | жаз-жай. | МиБ тобу ОГУЛ МИ | Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
Катыранкы (Мамадан булак, Чалка, Таш тумшук, Токтосун колот, Жуманазар колот, Камбар булак, Ысмайыл дөбө, Үч жар, | Өлчөө таякчасы. Сүрөткө тартуу | жаз-жай-куз. | МиБ тобу ОГУЛ МИ | Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
Таш Булак(Сары күнгөй, Кен колот, Долоно бел) | Сүрөткө тартуу | жаз-жай. | МиБ тобу ОГУЛ МИ | Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
Сасык (Арпалуу) | визуалдык | жаз-жай | МиБ тобу ОГУЛ МИ | Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
Кара-Ой(Акташ, Айры белес, Кереге таш Өмүрзак, Чечен сарай, Кызыл, Тоок кана, Тамчы булак) | Сүрөткө тартуу визуалдык | жаз-жай. | МиБ тобу ОГУЛ МИ | Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
Көрүү | Сүрөткө тартуу | жаз-жай-күз | МиБ тобу ОГУЛ МИ | Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
Байбиче (Акташ, Көк моюн, Күнгөй, Жаман тал) |
Өлчөө таякчасы | жаз-жай. | МиБ тобу ОГУЛ МИ | Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
Кара-Шоро (Жолду кара, Теке уюк, Чон агатан, Тар чабай, Чон кулубек, Кичи кулубек, Кең туз, Чон таш, Кичи агатан, Конур дөбө, Кичи көк жар, Чон көк жар, Мазар, Сары коо, Беделбай, Эчки тал) | Өлчөө таякчасы Сүрөт тартуу | жаз-жай. | МиБ тобу ОГУЛ МИ | Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
Шил-Бели (Акташ, Көк торпок, Мазар) | Өлчөө таякчасы | жаз-жай. | МиБ тобу ОГУЛ МИ | Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
Жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктуу муктаждыктарын ишке ашыруунун Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн перспективалык планы.
53-таблица
| Артыкчылыктуу муктаждыктар | Иш чаралар | Мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжа | ||
| Большевик айылындагы күрүч тангактоочу ишкананын ишин жандандырып, Какыр күрүчүн экспортко чыгарууга шарт түзүү | Жеке ишкерлердин каражаты менен жаны күрүч тангактоочу станок сатып алуу | 2025-2026-ж.ж. | Какыр күрүчүн экспорттоого жол ачылат. Жыл ичинде 300 тонна күрүч экспортко чыгат. | ||
| Айылдардагы эскилиги жеткен жыгач электр мамычаларын жаңы бетон мамычаларга алмаштыруу | Жергиликтүү бюджет эсебинен 65 даана бетон мамычаларды сатып алуу | 2025-ж. | Электр энергиясы менен камсыз кылуу жакшырат | ||
| Шамал-Терек айылынын Алай-Булак көчөсүнө 100дүк трансформатор сатып алуу | Долбоор жазып өнүктүрүү фонддоруна сунуштоо | 2025-ж.
| Сапаттуу электр тогу менен камсыздалат | ||
| Ак-Жар айылындагы №22 М.Кулуев атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын чатырын жана эшик, айнектерин алмаштыруу | Дем берүүчү грантка долбоорун сунуштоо |
2025-2026-ж.ж. | Билим берүүгө шарт түзүлөт | ||
| Семиз-Көл айылындагы Н.Кайназаров мектебине кошумча окуу класс, актовый зал, китепкана, ашкана куруу | Долбоорун бүтүрүп, ыкчам иш алып баруу | 2025-2026-ж.ж. | Билим берүүгө жакшы шарт түзүлөт | ||
| Какыр айылына типтүү жаны мектеп куруу | Мамлекет тарабынан курулат. Тиешелүү документ иштерин өз мөөнөтүндө даярдоо | 2026-2027-ж.ж. | Билим берүүгө шарт түзүлөт | ||
| С.Эшматов атындагы орто мектепке кошумча имарат (кароолкана, актовый зал, эмгек кана) | Долбоордук сметасын иштеп чыгуу | 2026-2027-ж.ж.
| Билим берүүгө шарт түзүлөт | ||
| Жаныбек Казы орто мектебине ажаткана куруу | Долбоордук сметасын иштеп чыгуу |
2025-ж. | Санитардык абал жакшырат | ||
| Ак-Жар айылынын А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басуу | Дем берүүчү грантка сунуштоо | 2025-2026-ж.ж. | А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | ||
| Какыр айылындагы Э.Жуманалиев көчөсүнө 999 метр аралыкка асфальт басуу | Ош өнүктүрүү фондуна сунуштоо |
2027-2028-ж.ж. | Инфраструктура жакшырат | ||
| Чалк-Өйдө айылынын Чалк-Өйдө көчөсүнө 700 метр аралыкка асфальт басуу | Дем берүүчү грантка сунуштоо | 2027-2028-ж.ж. | Инфраструктура жакшырат | ||
| Ички чарбалык жолдорго шагыл төшөө | Бюджеттен акча каржатын кароо |
2026-2030-ж.ж. | Жол каттам жакшырып, элге шарт түзүлөт | ||
| Семиз-Көл айылынын ички көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу орнотуу | Тендердин негизинде түнкү жарыктардын запастык бөлүктөрү алынат |
2025-2026-ж.ж.
| Жол коопсуздугу жакшырат | ||
| Шамал-Терек айылындагы ФАПтын чатырын кышка жылуулоого | Бюджеттен акча каражатын кароо |
2025-2026-ж.ж. | Саламаттыкты сактоо жакшырат, ФАПтын чатыры жылууланат | ||
| Большевик айылына Биогумус жана Еврозабор чыгаруучу иш кана ачуу | 20 жумуш орун пайда болот | 2025-2026-ж.ж. | Жумуш орун пайда болот, бюджетке киреше болот | ||
| Ак-Жар айылына кичи футбол аянтчасын куруу | Футбол аянтча курулат. | 2026-2028-ж.ж. | Жаштардын таалим, тарбиясы өсөт | ||
| Шамал-Терек айылынын Көлдүк дарыясына 100 метр дамба куруу | Дамба курулат. | 2025-ж. | 25 Турак үй суу ташкынынан корголот | ||
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн социалдык жана экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө тиешелүү бюджеттик инвестициялар аркылуу ишке ашыруу планы | ||||||
| ||||||
54 таблица | ||||||
| Инвестициялык артыкчылыктар | Мүмкүн болгон долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | Бааланган наркы (миң сом) | ||
| Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк | Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен калкты таза суу менен камсыздоо программасына кирген Шамал-Терек, Чалк-Өйдө айылынын жашоочуларын 100 % таза суу менен камсыз кылуу | 2025-2026 жылдар аралыгында ишке ашырылат. Шамал-Терек жана Чалк-Өйдө айылдарынын тургундары таза суу менен толук камсыз болот. | Пилоттук болуп кирген. Бирок сметасы даярдала элек. | ||
| Семиз-Көл айылынын элин таза суу менен камсыздоо | Учурда долбоору даярдалып жатат. 2025-2026-жылдар аралыгында таза суу көйгөйү чечилет | 46 000 000 | |||
| Таштанды таштоочу жай куруу | Ак-Жар айылынын Катыранкы участкасына 2 га жер аянтка таштанды таштоочу жай куруу | 2025-2027-жылдар аралыгында таштанды таштоочу жай курулат | 2 000 000 | ||
| Ички жолдордун абалын жакшыртуу, асфальттоо | Ак-Жар айылынын А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басуу | А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | 5 289 500 | ||
| Какыр айылындагы Э.Жуманалиев көчөсүнө 999 метр аралыкка асфальт басуу | Асфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | 7 981 500 | |||
| Чалк-Өйдө айылынын Чалк-Өйдө көчөсүнө 700 метр аралыкка асфальт басуу | Асфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | 7 066 600 | |||
| Көчөлөрдү жарыктандыруу | Семиз-Көл айылынын Таш-Булак участкасындагы түнкү жарыктарды электр тармактар ишканасынан уруксат кагаздарын алып, ишке берүү | Жол коопсуздугу жакшырат | 300 000 | ||
| Семиз-Көл айылынын Орто маала участкасындагы жарактан чыккан түнкү жарыктарды алмаштыруу | Жол коопсуздугу жакшырат | 600 000 | |||
| Шамал-Терек айылынын Алай-Булак, Жалгыз-Жангак көчөлөрүнө түнкү жарыктарды орнотуу | Жол коопсуздугу жакшырат. 2 км ички көчө жарыктандырылат | 800 000 | |||
|
5 жылдык инвестициялык планы
Төмөндөгү 5 жылдык инвестициялык план ОГУЛдун отурумунда тандалып алынды. Фокустук топтор аркылуу аныкталган муктаждыктардын жалпы саны 84 көйгөй болгон ар бир фокустук топ жайыттарды жакшыртуу үчүн 2 ден көйгөй, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча 2 ден көйгөй тандашып 6 айылдан жалпы 84 артыкчылыктуу көйгөйдү тандап чыгышкан. Ошол тандалган 84 көйгөйдөн ОГУЛдун отуруму долбоордун алкагында 15 көйгөйдү тандап алышты. Албетте бул 15 көйгөйдүн бардыгы аткарууга алынбастыгын, акча каражатынын жетишсиздигин эске алышты. Бирок, кичи долбоордук сунуштарды жазууда обьект катары жайыт участокторун тийиштүү субьектердин, мисалы: ӨКМ, Кыргыз гипрозем ишканалары уруксат берген аныктмалардын негизинде ишке ашырыла тургандыгын, эгерде уруксат берген аныктама болбогон участкалар өзүнөн өзү четке кагылаарын эске алуу менен 15 көйгөйдү перспективалык планга киргизилди.
55-таблица. ОГУЛдун отурумунда кабыл алынган инвестициялык план
№ | Кичи долбоорлордун аталышы | Жайгашкан жери | Мөөнөтү (башта лышы, аягы) | Сумма, сом | Каржы булагы, сом | ||
АА | CS-FOR
| башка демөөрчүлөр | |||||
1 | Чөп үрөнүн алуу үчүн жер аянтын даярдоо | АА |
2025 | 270.0 | 0 | 270000 | 0 |
2 | Кызыл участкасына бак эгүү. | Больше вик айылы |
2025-2026 | 700000 | 100000 | 500000 | 100000 |
3 | Катыранкы участкасына бак эгүү | Ак-Жар айылы |
2025-2026 | 700000 | 100000 | 500000 | 100000 |
4 | Алай-Булак участкасындагы бакты калыбына келтирүү | Шамал-Терек айылы |
2025-2026 | 700000 | 100000 | 500000 | 100000 |
5 | Карой, Акташ участкаларына бак эгүү | Семиз-Көл |
2025-2026 | 700000 | 100000 | 500000 | 100000 |
6 | Таш-Колот участкасына бак эгүү | Какыр |
2025-2026 | 700000 | 100000 | 500000 | 100000 |
7 | Ветсервис куруу | АА | 2026-2028 | 3600000 | 100000 | 3500000 | 0 |
8 | Жакынкы жайытка суу чыгаруу | Чалк-Өйдө |
2027 | 300000 | 300000 | 0 | 0 |
9 | Асыл тукум мал чарбасын уюштуруу(3 жасалма уруктандыруу жер) | АА |
2027-2028 | 900000 | 0 | 900000 | 0 |
10 | Н.Кайназаров мектебинин багын калыбына келтирүү | Семиз-Көл айылы |
2028-2029 | 100000 |
| 100000 |
|
11 | Кагын участкасына бак эгүү |
| 2028-2029 | 700000 | 100000 | 500000 | 100000 |
12 | Большевик айылындагы ички жайыттарга чөп уругун себүү | Больше вик айылы |
2028 | 100000 | 100000 | 0 | 0 |
13 | Катыранкы жайытына өтүүчү көпүрөнү оңдоо | Ак-Жар айылы |
2029 | 50000 | 200000 | 300000 | 0 |
14 | Алай-Булак жайытына суу чыгаруу | Шамал-Терек айылы |
2029 | 300000 | 300000 | 0 | 0 |
15 | Токсон кемпир жайыт жолун ондоо | Чалк-Өйдө |
2030 | 200000 | 200000 | 0 | 0 |
Жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү аныктоо
Кара-Шоро айыл аймагынын Муниципалык ишканасынын жайыт адиси иштеп чыккан бюджети айыл өкмөтүнүн кароосунан өкөрүлүп, айылдык кеңеште бекитүүсүнө жиберилет. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы карап чыгып айылдык кеңештин сессиясына бекитүү үчүн алып чыгат жана талкуудан кийин айылдык кенештин сессиясы бекитет. Ошондой эле айылдык кенештин сессиясы жайыт пайдалануу акысын да бекитип берет.
Айыл аймактын ШМБ үчүн өзүнчө, ал эми башка айыл аймактан келген ШМБ үчүн башка акы төлөмүн бекитип беришет.
55-таблица ШМБна бекитилген жайыт акы.
№ | Аталыштары
| Жергиликтүү тургундардын ШМБ үчүн төлөнүүчү жайыт акы | Башка аймактан келген ШМБ үчүн төлөнүүчү жайыт акы | Эскертүү | ||
саны | наркы | саны | наркы | |||
1 | Кара мал | 1 | 150 | 1 | 300 |
|
2 | Жылкы | 1 | 150 | 1 | 300 |
|
3 | Кой-эчки | 1 | 30 | 1 | 60 |
|
4 | Топоз |
|
|
|
|
|
Жылдык план – айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин бардык жайыт пайдалануучулар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Жайыт пайдалануучулар жайыттарды жаюунун жана пайдалануунун белгиленген режимин бузгандыгы үчүн укуктук жол-жоболорго ылайык административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Тиешелүү айылдык аймактын чегинде зарыл болгон жол-жоболорду ишке ашырууга негиз түзүү максатында жайыттарды пайдалануунун режими айылдык кеңештин сессиясында бекитилет.
· Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын так аткарууга алуу.
· Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу” жөнүндөгү Жобону ишке ашырууну так аткаруу.
· Келишимде көрсөтүлгөн милдеттерди, анын ичинде акы төлөөнү белгиленген убакыттан кечиктирбей төлөө.
· Айылдык кеңештин укуктук ченемдик актыларын так аткарууга алууну.
· Жайыт пайдалануучулардын милдеттүү түрдө жайыт билетин жана маршруттук кагазын алуу.
· Көрсөтүлгөн жайытка отурукташуу үчүн белгиленген календардык күндөн кечикпестен жана мөөнөтү бүткөндө өз убагында көчүп кетүү милдетин так аткаруу.
· Ветеринардан бардык эмдөөлөр жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымкатты жайыт адисине милдеттүү түрдө көргөзүү.
· Жайытты туура пайдаланууну, экологиялык эрежелерди так сактоону.
Эскертүү: Жайыт пайдалануучу жогоруда көрсөтүлгөн эрежелерди аткарууга жана сактоого милдеттүү.
Бузуулар үчүн жоопкерчилик
· Жайыт пайдалануучуга жайыттар жөнүндөгү мыйзамды, жоболорду, укуктук-ченемдик актыларды, келишимдеги милдеттерди аткарбагандыгы же бузгандыгы үчун санкциялар белгиленет.
· Жайыт пайдалануучу айып төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
· Айлана чөйрөнү коргоо багытындагы талаптар аткарылбаган учурда административдик кодекске ылайык жоопкерчилик тартат.
Корутунду:
“Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы” (CS-FOR) долбоорунун алкагында Кара-Шоро айылдык аймагында социалдык мобилизациялоо иштеринин натыйжасында 2025-2030-жылдарда орто мөөнөттүү “Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планы” иштелип чыкты. Бул комплекстүү планда өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталып жакынкы 5 жылда аткарыла турган иш чаралар пландаштырылды. Бул иш чарада айылдын муктаждыктарын аныктоодогу элибиздин өз алдынча чечим кабыл алуусу болуп саналат. Кийинки убактарда элибиздин өз көйгөйлөрүн аныктап жана аларды чечүүдө жөндөмдүүлүгү өстү десек жаңылышпайбыз. Элибиздин потенциалын ар тараптан көтөрүүдө чет элдик инвесторлордун айыл аймака көрсөтүп жаткан жардамдары чоң.
Кара-Шоро айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн, “Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук” планын иштеп чыгууда ачык айкындуулука, айыл аймактын денгээлиндеги бардык жаратылыш ресурстарын ачык чагылдырууга жана аны пайдалануудагы мүмкүнчүлүктөрдү толук камтууга, климаттын өзгөрүү шарттарында туруктуулука, аны басандатууда көмүртектин сиңирилишин жогорулатууга болгон муктаждыктарды алып чыгууда жетишээрлик көңүл бурулду.
Иштелип чыккан “Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планын” 5 жылдык орто мөөнөттө камтылган иш чараларды орундатуу менен Кара-Шоро айыл аймагынын өнүгүүсүн камсыз кылат.
Кара-Шоро ОГУЛунун
жумушчу тобу
Тиркеме
Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча иш чаралар
№ | Иш чара | Ыкма | Мөөнөтү | Жооп туу лар | Иш чаранын аткарылышы | Индика торлор |
Даярдоо этабы | ||||||
1 | ПКУПРУИКти иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү | талкуулар/ сунуштар | 1 күн | Айыл өкмөтү | АӨ башчысынын тескемеси | ПКУПРУИКти иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун тизмеси |
2 | Жооптуу адамдарды окутуу, кеңеш берүү | Окутуу, кеңеш берүү | 2-3 күн | Айыл өкмөтү CS-FOR | Отчет | Тренинг кеңеш берүү |
3 | Расмий статистика лык маалымат тарды жыйноо | Документ терди изилдөө | 7 күн | АӨ жумуш чу тобу | АА стат бөлүмүнүн маалыматы | Стат маалымат тар ЖК,ТЧ ж.б. маалымат тар |
4 | Факттарга негизделген ишенимдүү маалымат тарды чогултуу | Сурамжы лоо Жолугушуу лар Сүйлөшүү лөр | 7 күн | АӨ жумуш чу тобу | Чабандардан, аксакалдар дан, малчылардан токойчулар дан ж.б. маалыматтар | Маалыматтар |
5 | Жайыт аянттарынын жана жерлеринин колдо болгон карталарын изилдөө | Документ терди, карталарды ж.б. изилдөө | 2-3 күн | АӨ жумуш чу тобу | Отчет | Карталар, маалыматтар, аналитика |
Иштеп чыгуу этабы | ||||||
6 | ПКУПРУИ Ктин төмөнкү бөлүмдөрүн иштеп чыгуу: 1-бөлүм. Жалпы маалымат 2-бөлүм. Токой чарабанын жана айыл аймагынын жаратылыш ресурстары 3-бөлүм. малдын саны жана алардын жайыт тоютуна болгон керектөөсү 4-бөлүм. жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, аларды жакшыртуу жана калыбына келтирүү боюнча 5 жылга чейинки мезгилге адаптациялык иш-чаралардын орто мөнөттүү планы 5-бөлүм. киреше алып келүүчү иш-аракеттердин абалы жана өнүгүүсү 6-бөлүм. жаратылыш ресурстарын башкаруудагы гендердик аспекти Жылдык иш планды иштеп чыгуу | Жумушчу топто иштөө | 7-21 күн | АӨ жумуш чу тобу | Даярдалган ПКУПРУИК, Жылдык план | Даярдалган ПКУПРУИК, Жылдык план |
Макулдашуу баскычы | ||||||
7 | ПКПРУИКтин жумушчу вариантын ОГУЛ отурумунда талкуулоо жана бекитүү | отурум, сунуштар, пикирлер | 1 күн | Айыл өкмөтү | ОГУЛдун отурумунун протоколу. Сын пикирлер жана сунуштар | Талкуунун протоколу. Документ жактырылды. Бардык сунуштар эске алынды. |
8 | ПКУПРУИКти ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (РУАР) кароого жөнөтүү |
| 7 күн | Айыл өкмөтү, РУАР | Сын-пикирлер жана сунуштар эске алынган документ | Документ жактырылды. Бардык сунуштар эске алынды. |
9 | РМА башчысына ПКУПРУИКти иштеп чыгуунун жүрүшү тууралуу маалымат берүү жана РУАР менен макулдашуу |
| 2 күн | Айыл өкмөтү | РМА башчысына кат | РМАга жөнөтүлгөн кат |
Бекитүү баскычы | ||||||
10 | ПКУПРУИКтин финалдык вариантын жергиликтүү кеңештин сессиясына бекитүүгө жөнөтүү. |
|
| Айыл өкмөтү | АК токтому | Бекитилген ПКУПРУИК |