Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 7-февралы № 26
Большевик айылына муниципалдык бала бакча ачуу жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл аймагынын Большевик айылдагы 2025-жылдын 6-февралындагы элдик жыйындын суроо талабына ылайык, аталган айылдагы “С.Эшматов” орто мектебинин бош калган эски имаратын ишке киргизүү үчүн, муниципалдык балдар бакчасын ачуу боюнча өкмөт башчы Р.Сатыбалдыевтин сунушун угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл аймагынын Большевик айылындагы “С.Эшматов” орто мектебинин бош калган эски имаратына, аталган айылдагы 2025-жылдын 6-февралындагы элдик жыйындын суроо талабын эске алуу менен өкмөт башчы Р.Сатыбалдыевтин сунушунун негизинде муниципалдык балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Муниципалдык балдар бакчасынын аты “Толгонай эне” болуп аталуусу боюнча, Большевик айылдагы 2025-жылдын 6-февралындагы элдик жыйындын протоколу бекитилсин.
3. Бала бакча ачуу боюнча уюштуруу иштерин алып барууга, Калыкова Жанаргүл Акимжанованынын талапкерлиги өкмөт башчы Р.Сатыбалдыевке сунушталсын.
4. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бала бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлүштүрүү жагы Кара-Шоро айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмдө калтырамын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |