Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 7-февралы № 27
“Балдар бакчасынын атайын каражатына кошумча план алуу жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн атайын каражатка ата-энелер төлөмүнөн түшкөн 1572,0 (бир миллион беш жүз жетимиш эки миң) сомго план алууга макулдук берилсин.
2. Кошумча жеткирилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бала бакча бөлүмүнүн 2218 беренесине 1572,0 (бир миллион беш жүз жетимиш эки миң) сом жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |