Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 7-февралы № 29
Ак-Жар жана Большевик айылдарындагы тыт бактардын келишим мөөнөтүн узартуу жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин Ак-Жар жана Большевик айылдарындагы тыт бактардын ижара мөөнөтүн узартуу боюнча сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шоро айыл аймагындагы Ак-Жар жана Большевик айылдарындагы тыт бактарынын ижарага алган келишим мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, 2024-жылда келишимдин негизинде иштетип келген ээлерине, кайрадан 5 жылдык мөөнөткө келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кадырбеков |