Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 7-февралы № 31
Кара-Шоро айыл аймагынын айыл чарба багытындагы Ак-Жар айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак жеринен турак жай курууга жер аянтын которууга (трансформацияга) макулдук берүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Ак-Жар айылындагы жашоочуларынын суроо талаптарынын негизинде, калктуу конуштарды кеңейтүү максатында, турак жай куруу үчүн жаш үй-бүлөлөргө жер участогун берүү боюнча Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын калктуу конуштарын кеңейтүү, жаш үй-бүлөлөрдү жер участкасы менен камсыз кылуу максатында, турак жай куруу үчүн Мамадан булак участкасынан айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак жеринен 4 га жер аянтын калктуу конуштардын жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынан транформацияга сунушталган жерлердин чөйрө сызыктарын аныктап берүү жагы Кыргызгипрозем мамлекеттик ишканасынан суралсын.
3. Айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынан транформацияга сунушталган жерлердин башкы планын түзүп, техникалык негиздемесин даярдап берүү жагы Өзгөн райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кадырбеков |