Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезекcиз V сессиясы
2025-жылдын 17-марты № 29
2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомостволорунун райондук бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 токтомунун 13-пунктуна ылайык,Мырза-Аке айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомостволорунун райондук бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндо”Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 токтомунун 13-пунктуна ылайык,Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө болжолдогон(пландаштырылган)34 (отуз төрт млн сом киреше салыгынын30 пайызын түзгөн 10(он) млн сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттиксубсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |