Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезекcиз V сессиясы
2025-жылдын 17-марты № 30
Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз V сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, жетекчиликке алып, «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция» боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн малчы, чабандарынын - апрель 2025-жылдагы жалпы чогулушунун протоколунун чечими бекитилсин.
- жылкы – 1айга -1000 сом
-кара малга -1 айга – 1000 сом
- кой,эчкиге – 1айга – 200 сом
-малды карабай арам өлтүрсө,жоготсо,карышкырга жедирсе,алмаштырса, мал ээсине көрсөтпөсө козуга 6 мин сом ,чоң койго 10 миң сом баалансын.
-Эгинди , чөп ормону жедирсе зыянын төлөйт.
2. Жайлоого көчүү мөөнөтү 10-майга чейин,көчүп келүү, 10-сентябрдан кийин.
3. 2025-жылы жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө өлчөмдөрү:
- ири мүйүздүү мал үчүн, бир баш үчүн – 150
- кой, бир баш үчүн – 30
-эчки, бир баш үчүн –30
- жылкы бир баш үчүн – 150
-картошка, 1 сотых үчүн –300
-жайыттагы кашааланган жер аянты 1 сотых үчүн – 300
-бал челек койгондорго ( ар бир челекке ) -50
4.Ички жайытты пайдаланып,башка жайытка чыгып кеткендер үчүн.
- ири мүйүздүү мал үчүн, бир баш үчүн –75
- кой, бир баш үчүн – 15
-эчки, бир баш үчүн –15
жылкы бир баш үчүн –75
5. Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн
- ири мүйүздүү мал үчүн, бир баш үчүн – 300
- кой, бир баш үчүн – 60
-эчки, бир баш үчүн –60
жылкы бир баш үчүн –300
6. Картошка жана башка өсүмдүктөрүн өстүрүп тоскон кашаалар алынып, картошка жана башка өсүмдүктөрдү эгүүгө тыюу салынып, жайыт жерлери жайыт катары пайдаланууга берилсин.
7. 2024-жылы жайыт пайдаланып, жайыт акысын төлөбөгөндөргө жайыт берилбесин.
8. 2025-жыл үчүн жайыт пайдалануучулар жайыт акысынын 50 пайыз каражатын төлөө менен жайыт билетин алышсын. Жайыт билетин албагандарга жайыт бөлүнүп берилбесин.
9. Малдарды идентификациядан,жылкыларга чип басуу сөзсүз түрдө жүргүзүлсүн.
10. Жайлоого айдатылган мал жандыктарга вет адистер тарабынан сөзсүз ветеринардык документтердин бар жогу такталсын.
11. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноодон түшкөн каражаттарды айыл өкмөтүнүн бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.
14. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
15. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары Н.Орунбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым |
| Г.Жороева |