Редакцияот 04.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезекcиз VI сессиясы

 

2025-жылдын 4-июну № 40

 

Мырза-Аке айылынын “Ардактуу атуулун” берүү жөнүндө

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз VI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. А.Көккөзов балдарынын арызынын негизинде маркум Апыз Көккөзовго айылдын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрайым

 

Г.Жороева