Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07..2024 -жыл. № 7/2
Гүлчө айылы
Тилектеш айыл өкмөтүндөгү Айгыр-Булактан тартылып келе жаткан ичүүчү таза суу үчүн Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен кошумча акча каражатын бөлүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 7-отуруму , Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык , Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл өкмөтүндөгү Айгыр-Булактан тартылып келе жаткан ичүүчү таза суу үчүн Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен кошумча 4 000,0 (төрт млн) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыздоо жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Жунусовго милдеттендирилсин.
3. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |