Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07..2024 -жыл. № 7/3
Гүлчө айылы
Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын штатын бекитүү жана айлык акысын көтөрүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7 - чакырылышынын кезектеги 7-отуруму , Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж. Калдыбаевдин билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык , Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын штаты төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1. Директор - 1
2. Эсепчи - 1
3. Механик-мастер - 1
4. Абоненттик бөлүм - 2
5. Электр ширетүүчү - 1
6. Түнкү кароол – 1
7. Ашпозчу жана тазалоочу - 1
8. Көзөмөл пост - 2
9. Айдоочулар (механизаторлор) – 7
10. Жумушчулар - 7
2. Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын айлык акысы тиркемеге ылайык көтөрүлүп бекитилип берилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыздоо жагы Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Калдыбаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |