Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07.2024 -жыл. № 7/4
Гүлчө айылы
Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын кызматтык унаасына лимит (бензин) бөлүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 7-отуруму, Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Калдыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык , Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын кызматтык унаасына лимит ( бензин) бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыздоо жагы Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж..Калдыбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..
Төрага | А. Самиев |