Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07..2024 -жыл. № 7/5
Гүлчө айылы
Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасына тиешелүү , эскилиги жетип жана жараксыз акыбалда болгон унааларын жокко чыгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 7-отуруму, Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Калдыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-5-пунктуна ылайык , Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасына тиешелүү, эскилиги жетип жана жараксыз акыбалда болгон унааларды жокко чыгаруу боюнча атайын депутутаттардан турган комиссия тарабынан түзүлгөн актынын негизинде төмөндөгү авто унаалар жокко чыгарылсын:
- 1986-жылы чыгарылган ЗИЛ ММЗ - 554, мамлекеттик номуру - О 21 – 89 А
- 1976-жылы чыгарылган ЗИЛ ММЗ - 554 , мамлекеттик номуру - D 34 – 79 U
- Кытай мамлекетинен чыгарылган таштанды ташуучу унаа, мамлекеттик номуру жок
2. Жокко чыгарылган унаалар темир үчүн сатылып, акча каражаты жергиликтүү бюджетке түшүрүлүп, максаттуу пайдалануу жагы Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж . Калдыбаевге милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыздоо жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |