Редакцияот 13.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы

 

2025-жылдын 13-октябры  №01-4/4

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылындагы Алмакан Исмаилова атындагы көчөгө асфальт төшөө долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 06-октябрындагы №01-19/217 сандуу сунуш катындагы маселени карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык

өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылындагы Алмакан Исмаилова атындагы көчөнү асфальт төшөөгө түзүлгөн үлүштүк дем берүүчү гранттардын эсебине долбоор даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык

өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылындагы Алмакан Исмаилова атындагы көчөнү асфальт төшөөгө даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 830 000 (сегиз жүз отуз миң) сом акча каражаты каралсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, салык жана

ишкердүүлүктү колдоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

Б.Дүйшөев