Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07..2024 -жыл. № 7/7
Гүлчө айылы
Гүлчө айыл аймагына караштуу Камчыбек уулу Кадырбек көчөсү менен Кулу Айсариев көчөлөрүнүн жашоочуларынын билдирүүлөрүнүн негизинде Камчыбек уулу Кадырбек көчөсүндө жайгашкан жеке менчикте турган бош жер тилкесинин максаттуу багытын мечит куруу үчүн өзгөртүп берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 7-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2 - пунктуна ылайык , Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл аймагына караштуу Камчыбек уулу Кадырбек көчөсү менен Кулу Айсариев көчөлөрүнүн жашоочуларынын билдирүүлөрүнүн негизинде Камчыбек уулу Кадырбек көчөсүндө жайгашкан жеке менчикте турган бош жер тилкесинин максаттуу багыты мечит куруу үчүн деп өзгөртүлүп берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн башкы жер адиси Р. Какаровго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык иш-кагаздарын тактап, даярдап берүү жагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Н. Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы боюнча маселелер, муниципалдык менчик, коммуникация, жол боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |