Редакцияот 13.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы

 

2025-жылдын 13-октябры  №01-4/5

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө айылынын борбордук көчөлөрүнүн жээгиндеги эски тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 06-октябрындагы №01-19/218 сандуу сунуш катындагы маселени карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык -экономикалык

өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө айылынын борбордук көчөлөрүнүн жээгиндеги эски тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө түзүлгөн үлүштүк дем берүүчү гранттардын эсебине долбоор даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык

өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө айылынын борбордук көчөлөрүнүн жээгиндеги эски тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 1 516 218 (бир миллион беш жүз он алты миң эки жүз он сегиз) сом акча каражаты каралсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, салык жана

ишкердүүлүктү колдоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

Б.Дүйшөев