Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07.2024 -жыл. № 7/8
Гүлчө айылы
Гүлчө айылынын тургуну Ормонова Нуржан Аттокуровнанын Нарматов №83 / 1- көчөсүндө жайгашкан жеке менчиктеги соода-сатык дүкөнүнүн максаттуу багытын турак - жай салуу үчун деп өзгөртүп берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7 - чакырылышынын кезектеги 7-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровдун баяндамасын угуп жана талкуулап, 5-01-04-1002-1014 идентификациялык номерлүү делосун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктуна ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын тургуну Ормонова Нуржан Аттокуровнанын Нарматов - 83/1 - көчөсүндө жайгашкан жеке менчиктеги аянты - 600,00 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан соода-сатык дүкөнүнүн максаттуу багыты турак-жайга арналган жер тилкеси деп өзгөртүлүп берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн башкы жер адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы боюнча маселелер, муниципалдык менчик, коммуникация, жол боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |