Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07..2024 -жыл. № 7/9
Гүлчө айылы
Гүлчө айылынын тургуну Шайирбек уулу Кутманга тиешелүү болгон Алымбек датка көчөсүндө жайгашкан жеке менчигиндеги кичи базар соода - сатык дүкөнүн иштетпей келе жаткандыгына байланыштуу, ошол жер тилкесинин максаттуу багытын турак - жайга арналган жер тилкеси деп өзгөртүп берүү боюнча жазган арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 7-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровдун баяндамасын угуп жана 5-01-04-1003-0896 идентификациялык номердеги делосун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктуна ылайык Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын тургуну Шайирбек уулу Кутманга тиешелүү болгон Алымбек датка көчөсүндө жайгашкан жеке менчигиндеги 1338,15 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан кичи базар соода-сатык дүкөнүн иштетпей келе жаткандыгына байланыштуу максаттуу багыты турак-жайга арналган жер тилкеси деп өзгөртүп берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн башкы жер адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы боюнча маселелер, муниципалдык менчик, коммуникация, жол боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |