Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07..2024 -жыл. № 7/10
Гүлчө айылы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24 - октябрындагы “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” №270 Жарлыгынын алкагында Гүлчө айылындагы Гүлчө сейил багынын ичиндеги жаңыдан отургузулган карагайлар турган аянтты “Кылым Паркы” деп атоо жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 7-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Тажибаев Нурсултандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын 20.10.2021 - жылдагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2 - пунктуна ылайык, Гүлчө айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” №270 Жарлыгынын алкагында Гүлчө айылындагы Гүлчө сейил багынын ичиндеги жаңыдан отургузулган карагайлар турган аянты “Кылым паркы” деп аталсын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Н.Тажибаевге жана айыл өкмөттүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы саламаттыкты сактоо, агартуу, маданий, аялдар, жаштар, үй-бүлөө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |