Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-февралы №14
Жекенди айылдык аймагына караштуу айылдагы турак-жай имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президетинин Администрациясынын 2025-жылдын 17-февралындагы № 9858 сандуу турак имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмдөрүн бекитүү тапшырмасын Жекенди айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 1-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
1.Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы турак имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмү, тактап айтканда жашоо аянты 330 чарчы метрден ашкан 1 чарчы метр үчүн 10 сомдон болуп бекитилсин.
2. Жекенди айылдык аймагында жашаган жергиликтүү тургундарга жогоруда белгиленген сумма боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагыт Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго жана айыл өкмөттүн санариптештирүү, IT технологиялар жана кирешелер боюнча жетектөөчү адиси Т.Кожобековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет, Өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инветиция,энергетика маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы Амирбеков Акматалига жүктөлсүн
Төрага |
Н.Мурзапар уулу |