Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07.2024 -жыл. № 7/11
Гүлчө айылы
«Гүлчө Автобекет» муниципалдык ишканасына кирген унаалардын тарифин бекитип берүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 7-отуруму, Гүлчө Автобекет муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н. Таалайбековдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34 - беренесинин 5 - пунктунун ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Гүлчө Автобекет» муниципалдык ишканасына кирген автоунаалардын тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин :
- Жеңил унаалар үчүн - 20 сом
- Портер унаалары үчүн - 30 сом
- Кичи автобустар үчүн - 30 сом
- Спринтер - Гигант автоунаалары үчүн – 50 сом
- Оор жук ташуучу унаалар үчүн – 100 сом
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы «Гүлчө Автобекет» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Таалайбековго жана Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Тажибаев Нурсултанга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |