Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07.2024 -жыл. № 7/12
Гүлчө айылы
Будалык айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 22-отурумунун №22/5-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 7-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Тажибаев Нурсултандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пункттарына ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. 2024-жылдын 24-январындагы Будалык айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 22-отурумунун №22/5-токтому жокко чыгарылсын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Тажибаев Нурсултанга жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |