Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07.2024 -жыл. № 7/13
Гүлчө айылы
Оро - Дөбө айылындагы Ош – Сары -Таш-Эркечтам автожолунун 84-чакырымындагы Гүлчө дарыясынын жээгинде жайгашкан Оро-Дөбө эс алуу жайын иштетүү үчүн муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 7-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Тажибаев Нурсултандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2- 5-пунктуна ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Оро-Дөбө айылындагы Ош-Сары-Таш-Эркечтам автожолунун 84- чакырымындагы Гүлчө дарыясынын жээгинде жайгашкан Оро-Дөбө муниципалдык эс алуу жайы Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы «Оро-Дөбө муниципалдык эс алуу жайы ишканасы» болуп түзүлсүн.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө
айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик , коммуникация , жол маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |