Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-февралы №15
Жекенди айылдык аймагынын Аксакалдар сотунун иш регламентин бекитүү жөнүндө
Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 26.12.2024-жылдагы № 01-13/791 сандуу катынын негизинде Жекенди айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, депутаттардын Жекенди айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Жекенди айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кабыл алынган токтомду Жекенди айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө депутаттардын Жекенди кеңешинин жооптуу катчысына (Г.Мурзакуловага) милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышына козомолдyк кылуу мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын тапшырылсын.
Төрага |
Н.Мурзапар уулу |