Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07.2024 -жыл. № 7/14
Гүлчө айылы
Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Шоро айылындагы муниципалдык менчиктеги 1000 ( бир миң) чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан турак жай имаратынын максаттуу багытын балдар бакчасынын имаратына өзгөртүп берүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 7-отуруму, 2007-жылдын 30-декабрындагы турак-жайды сатуу жана сатып алуу келишимин карап чыгып, депутат Талантбек у Азаматтын баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34 - беренесинин 5 - пунктунун ылайык, Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Шоро айылындагы 1000 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан муниципалдык менчиктеги турак – үйдүн масаттуу багыты балдар бакчасынын имараты деп өзгөртүлүп берилсин.
2. Бала бакчасынын имаратына тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык иш-кагаздарын тактап, даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан жана Алай райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы саламаттыкты сактоо, агартуу, маданий, аялдар, жаштар, үй-бүлөө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |