Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезектүү 18-сессиясы

 

2024-жылдын 06-февралы  № 18/1

“Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жана 2024-жылга карата таза-суу пайдалануучулардын тарифтеринин өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн   жетекчиликке алып,  жана айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын  26- январь 2024-жылдагы № 1 протоколдук чечимин  угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.“Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишкананын 2023-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 10.474.817 сомго, чыгашасы 10.474.293 сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.

2.Таза-суу пайдалануучулардын тарифтеринин өлчөмү 2024-жылга карата Кара-Кулжа, Биймырза айылдары үчүн таза-сууну үйдөн колдонгондорго ар бир жанга 32 сом, жолдон колдонгондорго ар бир жанга 22 сом жана 1-Май айылы үчүн таза-сууну үйдөн колдонгондорго ар бир жанга 20 сом, жолдон колдонгондорго ар бир жанга 15 сом, бюджеттик мекемелерге бир куб таза-суу акысы 35 сом, коммерциялык ишканаларга бир куб таза-суу акысы 50 сом, таза-суу түтүгүн короосуна киргизүү үчүн төлөм акысы ар бир короого 7.000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А. Бөрүбаев