Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезектүү 18-сессиясы

 

2024-жылдын 06-февралы  № 18/2

“Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын

жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жана катуу

тиричилик калдыктарды чыгаруу тариф өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн   жетекчиликке алып,  жана айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын  26- январь 2024-жылдагы № 1 протоколдук чечимин  угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишкананын 2023-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жана кирешеси 9.425.903 сомго, чыгашасы 9.298.711 сомго канаттандырарлык аткарылгандыгын белгиленсин.

2. Кара-Кулжа, Биймырза жана 1-Май, Сары-Камыш айылдары боюнча 2024-жылга карата ар бир кожолукка айына 80 сом өлчөмүндө катуу тиричилик калдыктарды чыгаруу тариф өлчөмү, бюджеттик мекемелерге ар бир штаттык бирдикке 35 сом, коммерциялык ишканаларга метр квадратына 10 сом, суюк таштандыга 1 литрине 5 сомдон тариф өлчөмү бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Жуманазаровага жүктөлсүн.

Төрага

А.А. Бөрүбаев