Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-марты №18
"Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө"
Бүтүндөй архитектуралык-эстетикалык көрүнүштү калыптандыруу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жекенди айылдык аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптар 1-тиркемеге ылайык;
- имараттын, курулманын фасадынын паспортунун типтүү формасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жекенди айыл өкмөтү жана шаар куруу жана архитектура департаментинин аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы өз иштеринде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди бекем жетекчиликке алышсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Мурзапар уулу |