КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезектүү 18-сессиясы
2024-жылдын 06-февралы № 18/3
Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башкаруу укугун
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жана Кара-Кулжа Жайыт
пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жыл жыйынтыгы менен аткарылган
иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинентинин 29- декабрь 2023-жылдагы № 735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” токтомун жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренесинин 2 бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, жана айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 26- январь 2024-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башкаруу укугу, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга бюджетинин кирешеси 1.432.800 сомго, чыгашасы 1.748.400 сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
3.Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин балансасындагы мүлктөр жаан-жаачындан корголоочу (перовалычный база) курулушун, Беккар чункуру, морчо курулуштарын, ЖПБнин имараты, ветринардык шаймандар, ПАЛЕССА маркасындагы камбайнды, УТО-904 трактор, телешка, прецтподборщик шаймандары менен жана HOWO маркасындагы самосвал атайын техникасын жободо белгиленген формада кабыл алуу-өткөрүү актсын түзүп айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Мамашовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |