Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07.2024 -жыл. № 7/15
Гүлчө айылы
Оро-Дөбө айылындагы Ош-Сары-Таш-Эркечтам автожолунун 84-чакырымындагы Гүлчө дарыясынын жээгинде жайгашкан муниципалдык Оро–Дөбө эс алуу борборуна келген жарандарга кызмат көрсөтүү үчүн тарифтерди белгилөө жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 7-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Тажибаев Нурсултандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2- 5-пунктуна ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ош-Сары-Таш-Эркечтам автожолунун 84-чакырымындагы Гүлчө дарыясынын жээгинде жайгашкан Оро-Дөбө муниципалдык эс алуу жайында кызмат көрсөтүүдө төмөндөгүдөй тарифтер бекитилип берилсин:
- Боз үйлөр үчүн – 2000 (эки миң) сом
- Ар бир сөрүлөр үчүн – 500 (беш жүз) сом.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Тажибаев Нурсултанга жана айыл өкмөттүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |