Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07.2024 -жыл. № 7/16
Гүлчө айылы
Алай районунун тургуну Туташов Коргонбай Гүлчө айылынын Ярославо көчөсүнүн №25/4-дарегинде жайгашкан 5-01-04-1002-1028-идентификациялык сыр белгидеги жеке менчик аянты 815,40 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан өндүрүш багытындагы имараттын максаттуу багытын балдар ойноочу комплексинин имараты кылып пайдалануу багытына өзгөртүп берүү боюнча жазган арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңеши, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп, 2024-жылдын 12-мартындагы реестр №501-2024-1785 сандуу номери менен катталган жер тилкесин сатуу-сатып алуу келишимин жана 5-01-04-1002-1028-идентификациялык сыр белгидеги 2024-жылдын 11-мартында берилген сериясы Ч №1154153 номерлүү болгон Мамлекеттик АКТысын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктуна ылайык, Гүлчө айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Алай районунун тургуну Туташов Коргонбай Садирбековичтин Гүлчө айылынын Ярослово көчөсүнүн №25/4-дарегиндеги аянты 815,40 чарчы метр болгон жер тилкесинде жайгашкан өндүрүш багытындагы имаратынын максаттуу багыты жеке менчик балдар ойноочу комплекси имараты багытына өзгөртүлүп берилсин.
2.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Тажибаев Нурсултанга жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |