Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07.2024 -жыл. № 7/17
Гүлчө айылы
Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы Гүлчө парк муниципалдык ишканасына тиешелүү иш-кагаздарын түзүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 7-отуруму, Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты У. Маматованын баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 – беренесинин 5 - пунктунун негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы Гүлчө парк муниципалдык ишканасына тиешелүү иш-кагаздары такталып, кайрадан түзүлсүн.
2. Тиешелүү иш - кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө парк муниципалдык ишканасынын директору А.Аттокуровго милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы саламаттыкты сактоо, агартуу, маданий, аялдар, жаштар, үй-бүлөө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |