Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-марты №20
Жекенди айылдык аймагында малдарды жазгы жана күзгү жайытка жайгаштыруу жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айылдык аймагында 2025-жыл жаздын эрте келип, күн жылуу болгондугуна байланыштуу элдерди жайлоого көчүрүү 10-майга чейин, жайлоодон көчүп түшүү 1-октябрдан кийинкиге белгиленсин.
2. Жекенди айылдык аймагында мал ээлери менчигинин түрүнө карабастан, малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүн керектөөдөн чыгаруусу же зыян келтирүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылуу жагы эскертилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго жана аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамедыканга жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Мурзапар уулу |