Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07.2024 -жыл. № 7/18
Гүлчө айылы
Гүлчө айыл аймагына караштуу Чакмак айылынын жогору жагындагы Коңолго чаты участкасына музей имаратын куруу үчүн бөлүнүп берилген жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 7-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктунун негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Гүлчө айыл аймагына караштуу Чакмак айылынын жогору жагындагы Коңолго чаты участкасындагы №1111-контурунда жайгашкан, аянты 600,00 чарчы метр болгон жер тилкеси Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жер тилкеси болуп аныкталсын.
2. Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 24-августундагы № 01-12/82 токтомуна ылайык, муниципалдык менчиктеги Коңолго чаты участкасынын жер тилкесине музей имаратын куруу үчүн Шапаков Абдилазизге мөөнөтү көрсөтүлбөгөн пайдалануу укугу берилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегиндн камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Тажибаев Нурсултанга жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |