Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07.2024 -жыл. № 7/19
Гүлчө айылы
Гүлчө айыл өкмөтүндөгү жер фондусун инвентаризациялоо жумуштары үчүн өзгөртүү (корректировка) киргизүү материалдары жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 7-отуруму, айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р. Какаровдун Гүлчө айыл өкмөтүндөгү жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү үчүн тиешелүү материалдары боюнча баяндамасын угуп жана талкуулап , Гүлчө айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргызмамжердолбоорлоо жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган Гүлчө айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жумуштары үчүн өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча тиешелүү материалдары бекитилсин.
2.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Тажибаев Нурсултанга жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |