Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-марты №21
Чоң-Алай районундагы № 16 жол тейлөө мекемесине техникаларга гараж салуу үчүн 0,20 га жер бөлүп берүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чоң-Алай районундагы № 16 жол тейлөө мекемесине жол каттамдарын үзгүлтүккө учуратпоо максатында “Жол оңдоо пукуттарын” куруу жана техникаларга гараж салуу үчүн Кашат участкасындагы муниципалдык жер аянтынын ичинен 0,20 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Тийиштүү документтерин бүтүрүп берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго жана жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухаммедыканга жүктөлсүн
Төрага |
Н.Мурзапар уулу |