Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезектүү 18-сессиясы
2024-жылдын 06-февралы № 18/10
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин
киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, жана айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 26- январь 2024-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин кирешеси 74.797.800 (жетимиш төрт миллион жети жүз токсон жети миң сегиз жүз) сомго тиркемеге ылайык бекитилсин ( № 1 тиркеме тиркелет).
2.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин чыгашасы 74.797.800 (жетимиш төрт миллион жети жүз токсон жети миң сегиз жүз) сомго тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 2 тиркеме тиркелет).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |