Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-отуруму
ТОКТОМУ
30.11.2024 -жыл. № 1/1
Гүлчө айылы
Гүлчө айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө:
Гүлчө айылдык кенешинин 2024-жылдын 30-нябрындагы эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын Гүлчө айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 30-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.
2. Самиев Азимбек Бектурсунович айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрайым | Р.Пазылова |