Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-отуруму
ТОКТОМУ
30.11.2024 -жыл. № 1/2
Гүлчө айылы
Гүлчө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө:
Гүлчө айылдык кенешинин 2024-жылдын 30-нябрындагы эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын Гүлчө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 30-ноябрындагы №5-протоколу бекитилсин.
2. Сартбаев Акимбек Камчыбекович айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Камалова Наргиза Абдимомуновна айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Самиев |