Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-марты №25
Чоң-Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Садыбакасовдун, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун ага окутуучусу Калилов Казубек Дарманбековичке жана Ош шаардык кеңешинин депутаты Камалов Айдар Камаловичке Чоң-Алай районун “Ардактуу атуулу” наамы берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л АТ:
1.Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошкондугу үчүн Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун ага окутуучусу Калилов Казубек Дарманбековичке жана Ош шаардык кеңешинин депутаты Камалов Айдар Камаловичке Чоң-Алай районун “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. Чоң-Алай районун “Ардактуу атуулу” наамын берүү жагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У. Садыбакасовго тапшырылсын.
Төрага |
Н.Мурзапар уулу |