Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-марты №26/а
2025-жылдын жазгы талаа жумуштарына карата күйүүчү жана майлоочу майлардын чыгымы, тракторлордун нормасы механизаторлордун эмгек акысы боюнча нормативдерди аныктоо жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.2025-жылга жер маселелери жана жазгы талаа жумуштарына карата күйүүчү жана майлоочу майлардын чыгымы, тракторлордун нормасы, механизаторлордун эмгек акысы боюнча нормативтер № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бекитилген норматив боюнча иш алып баруу жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл башчылар К.Колдошов, А.Жакшыбаев, А.Маматкул уулу, К.Эргешбай уулу, А.Жакыповдорго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухаммедыканга жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Мурзапар уулу |