Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VIII шайланган) кезексиз 2-сессиясы
2024-жылдын 26-декабры № 2/1
Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалын жана “Кара-Кулжа Таза-суу жана Тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджетинин кирешесинин жана чыгашасынын 2024-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалын кароо боюнча депутаттык жумушчу курамды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүнүн негизинде Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалын жана “Кара-Кулжа Таза-суу жана Тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджетинин кирешесинин жана чыгашасынын 2024-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалын кароо боюнча төмөндөгү депутаттык жумушчу курам бекитилсин:-
1.Тиленбаев Аскат Маматазимович - жумушчу курамдын төрагасы ;
2.Орозмаматов Исламбек Шермаматович - жумушчу курамдын мүчөсү ;
3.Мойдун уулу Самат - жумушчу курамдын мүчөсү ;
4.Шаматов Ибрагим Тыныбекович - жумушчу курамдын мүчөсү ;
5.Аким уулу Асан - жумушчу курамдын мүчөсү ;
6.Пазылов Эламан Түмөнбаевич - жумушчу курамдын мүчөсү ;
7.Жуманазарова Мээркан Шакировна - жумушчу курамдын мүчөсү ;
2. Депутаттык жумушчу курам айыл өкмөтүнүн жана “Кара-Кулжа Таза-суу жана Тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджетинин кирешесинин жана чыгашасынын 2024-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндөгү маалыматын сессияга сунушташсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыздоо жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басарлары Топчубаева Токтайым Абдилбаитовна жана Эрмекбаев Байдөөлөт Эргешбаевичке милдеттендирилсин.
Төрага | А.Ормокеев |