Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-отуруму
ТОКТОМУ
30.11.2024 -жыл. № 1/5
Гүлчө айылы
Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндө жайгашкан Алымбек датка эс алуучу жайдын ичинде жайгашкан эски бассейиндин ордуна жаңыдан заманбап бассейин, кийинүүчү жай, бассейиндин саркынды суулары үчүн чуңкурча (выгреб), насос үчүн чатыр (навес) салуу боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндө жайгашкан Алымбек датка эс алуучу жайдын ичинде жайгашкан эски бассейиндин ордуна жаңыдан заманбап бассейин, кийинүүчү жай, бассейиндин саркынды суулары үчүн чуңкурча (выгреб), насос үчүн чатыр (навес) салуу боюнча сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык Гүлчө айылдык кеңеши токтом кылат
1.Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы Нарматовкөчөсүндө жайгашкан Алымбек датка эс алуучу жайдын ичинде жайгашкан эски бассейиндин ордуна жаңыдан заманбап бассейин, кийинүүчү жай, бассейиндин саркынды суулары үчүн чуңкурча (выгреб), насос үчүн чатыр (навес) салуу үчүн жалпы 9 390 910 (тогуз миллион үч жүз токсон мин тогуз жүз он) сом акча каражаты талап кылынат, анын ичинен 50% 4 695 455 (төрт миллион алты жүз токсон беш миң төрт жүз элүү беш ) сомдук өздүк салымды Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.
2.Ал эми калган 4 695 455 (төрт миллион алты жүз токсон беш миң төрт жүзэлүүбеш) сом акча каражаты түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылоого сунушталсын
3.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |