Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VIII шайланган) кезексиз 2-сессиясы
2024-жылдын 26-декабры № 2/3
Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кара –Кулжа айыл аймагында жайгашкан мекеме –уюмдардын эмгек жамааттарынан жана айылдардагы элдик жыйындардан Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча келип түшкөн 2024-жылдын 11-декабрындагы Ч.Пазылов көчөсүнүн жашоочуларынын, 2024-жылдын 12-декабрдагы К.Каратаев көчөсүнүн жашоочуларынын, 2024-жылдын 13-декабрдагы К.Чомонов көчөсүнүн жашоочуларынын 2024-жылдын 17-декабрдагы Акматалиев көчөсүнүн жашоочуларынын, 2024-жылдын 19-декабрдагы Токтогул көчөсүнүн жашоочуларынын, 2024-жылдын 20-декабрдагы Суранбай көчөсүнүн жашоочуларынын, 2024-жылдын 23-декабрдагы А.Максутов көчөсүнүн жашоочуларынын, 2024-жылдын 24-декабрдагы А.Юсупов, Т.Самидинова жана Т.Жээнбеков көчөлөрүнүн жашоочуларынын протоколдук чеимдерин жана 2024-жылдын 12-18-декабларындагы Э.Осмонов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын, 2024-жылдын 13-декабрдагы Жер ресурстары, кадастр ишканасынын Кара-Кулжа филиалынын эмгек жамаатынын, 2024-жылдын 16-декабрындагы райондук маданият үйүнүн эмгек жамаатынын, 2024-жылдын 17-декабрдагы Субан уулу Алмас атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын, А.Юсупов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын, 2024-жылдын 20-декабрдагы Токтогул орто мектебинин жана Б.Эшмамбетов орто мектебинин эмгек жамаатынын, 2024-жылдын 23-декабрдагы А.Токтосартов атындагы райондук китепкананын эмгек жамаатынын протоколдук чечимдерин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара –Кулжа айыл аймагында жайгашкан мекеме –уюмдардын эмгек жамааттарынын жана айылдардагы элдик жыйындардын протоколдук чечимдери жана Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине сунуш кылынган талапкерлер бекитилсин.
2.Кара–Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинен Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине сунуш кылынган талапкерлерди, Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.Ормокеев |