Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 2-отуруму
ТОКТОМУ
14.12.2024-жыл. № 2/1
Гүлчө айылы
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Убукееванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 06-декабрындагы №01-25/329 буйругуна ылайык жана 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна негизденип Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин типтүү регламенти өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен мыйзамдарга ылайык бекитилсин.
(регламент тиркелет)
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Самиев |