Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VIII шайланган) кезексиз 2-сессиясы
2024-жылдын 26-декабры № 2/4
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасына KIA Bongo маркасындагы автовышкасын сатып алуу багытындагы долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 25. 12. 2024-жылдагы № 2 / 1157 “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасына KIA Bongo маркасындагы автовышкасын сатып алуугаайыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражатынан 200.000 сом бөлүп берүү жөнүндөгү” өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасына KIA Bongo маркасындагы автовышкасын сатып алуу багытындагы долбоор жактырылсын.
2.“Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасына KIA Bongo маркасындагы автовышкасын сатып алуу багытындагы долбоорду колдоого айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражатынан 200.000 (эки жүз миң ) сом өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
3.Долбоорду колдоп берүү жагы Ош облустук өнүктүрүү мекемесинин фундусунан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.Ормокеев |