Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 2-отуруму
ТОКТОМУ
14.12.2024-жыл. № 2/5
Гүлчө айылы
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиги аркылуу келген мектептик автобуска айдоочу штатын кабыл алуу жана автобуска күйүүчү май үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө:
Гүлчө айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 2-отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 токтомуна ылайык токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиги аркылуу келген мектептик автобуска айдоочу штаты ЖКХ айдоочу жумушчуларынын маянасын эсептөө менен 1,20 коэфицентинин деңгээлинде аныкталсын.
2. Ушул эле автобус үчүн айыл өкмөтүнүн «Транспорттук кызматтар» үчүн 2214 беренесине кошумча өзгөртүү киргизилсин. (автобуска керектеле турган күйүүчү майдын сметасы тиркелет). 2024-жылдын декабрь айына жана 2025-жылдын январь, феврал айлары үчүн.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу түрдө аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Самиев |