Редакцияот 15.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы

 

2025-жылдын 15-майы  №7-1

Жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

Каранай айылынын тургуну Халикова Токтокан Сулаймановнанын Көк-Жар айылында жайгашкан 1084,0 чарчы метр «Турак жай» багытындагы жер тилкесинин максаттуу багытын «Соода-сатык» багытына өзгөртүү максатында, жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Каранай айылынын тургуну Халикова Токтокан Сулаймановнанын Көк-Жар айылында жайгашкан 1084,0 чарчы метр «Турак жай» багытындагы жер тилкесинин максаттуу багытын «Соода-сатык» багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

Р.Арапов