Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 2-отуруму
ТОКТОМУ
14.12.2024-жыл. № 2/7
Гүлчө айылы
Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүнүн №51а-даректеги, 5-01-04-1002-0932-идентификациялык сыр белгидеги, 1211,50чарчы метр имарат алдындагы жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансына алуу жөнүндө;
Гүлчө айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 2-отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна негизденип токтом кылат:
1. Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүнүн №51а-даректеги, 5-01-04-1002-0932 идентификациялык сыр белгидеги, баасы 20 000 000 (жыйырма млн) сомдук аянты 1211,50 чарчы метр болгон имарат алдындагы жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансына кабыл алынсын.
2. Тиешелүү юридикалык документтеринин негизинде муниципалдык баланска алуу жагы айыл өкмөтүнүн СЭӨП башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |