Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 2-отуруму
ТОКТОМУ
14.12.2024-жыл. № 2/8
Гүлчө айылы
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Жылы-Суу айылында жайгашкан 5-01-04-1003-0018 сандуу идентификациялык кодунда жайгашкан Дары-Суу чакан ишканасынын 84530,000 сомдук имараттар алдындагы 10700,00 чарчы метр жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө:
Гүлчө айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 2-отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна негизденип токтом кылат:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Жылы-Суу айылында жайгашкан 5-01-04-1003-0018 сандуу идентификациялык коду менен катталган Дары-Суу чакан ишканасынын 84530,000 (сексен төрт миллион беш жүз отуз миң ) сомдук 10700,0 чарчы метр имараттар алдындагы жер тилкеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансына кабыл алынсын.
2. Тиешелүү юридикалык документтеринин негизинде муниципалдык баланска алуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн СЭӨП башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |